ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27.
Бул ирет Социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Каржы министрлигине байланыштуу суроолорго орун бердик.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пенсиясы качан көтөрүлөт?»
– Неберем 23 жашта. 2005-жылы 1-топтогу майыптыкка чыгып, 2000 сомдон пенсия алып келе жатат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин пенсиясына 1 тыйын да кошулган жок. Сиздерден сурайын дегеним, неберемдин пенсиясы качан көтөрүлөт? Башкалардыкын көтөрүшкөнүн уктум.

Токтогулова Назгүл, Чүй району

– Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген, 18 жаштан жогору болгон жарандардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн көбөйтүү каралган. Бул боюнча токтом долбоорунун негизинде 2012-жылдын 1-декабрынан тарта бул топтогу жарандардын жөлөкпулу 1000 сомго жогорулай тургандыгын билдиребиз. Эгер небереңиздин мүмкүнчүлүгү бала кезинен чектелүү болсо, анда алып жаткан жөлөкпулунун өлчөмү 3000 сомго көтөрүлөт.

«Жолдошумдун пенсиясы өз дарысына да жетпейт»
– 5 балам бар. Улуусу 21 жашта, кичүүсү 3 айлык. Жолдошум инсульт болуп, 2-топтогу майыптыкка чыккан. Айына 2400 сом пенсия алат. Анын алган пенсиясы дары-дармегинен ашпайт. Бир эле дарысы 900 сом турат. Балдарыма жөлөкпул чыгартайын десем, «күйөөңүз пенсия алат экен» дешти. Ушул туурабы?

Шералиева Бактыгүл, Кочкор району

– Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган учурда дайындалат. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо негизги иши, кызматы, окуусу боюнча (стипендия), ишкердик жүргүзүүдөн алынган кирешелер жана Социалдык фонд аркылуу төлөнүп келген пенсиялар эсептелинет. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 1-ноябрынан тарта кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 370 сомдон 580 сомго көтөрүлдү. Бир айлык тапкан кирешеңиздерди үй-бүлөдөгү кишинин санына бөлүңүз. Эгер 580 сомго жетпесе, анда балдарыңызга жөлөкпул чыгарта аласыз.

«Карылык боюнча жөлөкпул төлөнөбү?»
– Апам 102 жашта. Убагында колхоз-совхоздордо иштеген экен. Пенсияга чыгартайын десек, эмгек китепчесин архивден каратып таппай койдук. Себеби өз фамилиясын атамдын фамилиясына, Калманбетова деп өзгөрткөн экен. Кантип пенсияга чыгарсак болот. Учурда каза болгон уулунун пенсиясына гана жашап жатат.

Калманбетова Гүлсүн, Кара-Көл шаары

– Апаңызга пенсия дайындатуу үчүн КРнын Социалдык фондуна кай­ры­луу­ңузду сунуштайбыз. Эгер жашаган жери боюнча райондук Социалдык фонд апаңызды пенсия менен камсыз кылуу­га укугу жок деп аныктаса, анда аны ырастаган маалым кат берүүсү зарыл. Ошондон кийин гана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылып, карылыгы боюнча социалдык жөлөкпул дайындатсаңыз болот. Пенсия менен камсыз кылынууга укугу бар болсо, анда райондук Социалдык фонд тарабынан пенсия чектелиши шарт.

«Эмгек стажы жоктор пенсияга кантип чыгат?»
– 63 жаштагы агам бар. 2-топтогу майып. Эркин сүрөтчү катары иштегендиктен, эч кандай эмгек китепчеси жок. Соцфондго барса, «эмгек китепчеңиз жок экен» деп пенсияга чыгарбай коюшуптур. Бир эле жолу төлөнүүчү жөлөкпул дайындайбыз дешиптир. Кантип пенсияга чыкса болот?

Шигайбаева Токтобүбү, Ат-Башы району

– КРнын мыйзамына ылайык, бийик тоолуу райондордо жашаган аялдар 50, эркектер 55, ал эми алыскы райондордо жашаган аялдар 55, эркектер 60 жашында пенсияга чыга алышат. Бул жаштагы жарандардын пенсия менен камсыз кылынууга укугу жок (эмгек стажы жок) болсо, анда райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан карылыгы боюнча 1000 сом өлчөмүндө жөлөкпул дайындалат. Белгилей кетчү нерсе, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан агаңызга майыптыгы боюнча жөлөкпул төлөнүп жатса, карылыгы боюнча жөлөкпул ала албайт. Агаңыздын тандоосу менен бир гана төлөм – майыптуулугу же карылыгы боюнча жөлөкпул дайындалат.

Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Чолумова жооп берди.

ҮСТӨКСҮЗ НАСЫЯ АЛУУГА БОЛОБУ?
– Элге үстөксүз эле насыя берсе болобу? Мисалы, жөн эле карыз түрүндө же табылган пайданын эсебинен пайыздар бөлүнсө. Эгер насыя алган адам тапкан пайдасынан бөлүшүп дегендей. Ушундай кылса элге көбүрөөк жардам болор беле?

www.super.kg сайтынын колдонуучусу Daud

– Үстөксүз берилген каражат мамлекеттик ссуда деп аталат. Ссуда жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, экономикалык ар кайсы тармактардагы субъектилерге берилет. Ал эми элге мамлекет тарабынан берилген насыялар жеке банктардан айырмаланып, элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн жеңилдетилген насыя түрүндө аз өлчөмдөгү үстөк менен берилет. Мамлекет тарабынан жеңил­детилген насыялар жана ссудалар бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша берилет. Негизинен, ссудаларды жана насыяларды берүү жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн токтомдору, КРнын Президентинин жана Жогорку Кеңештин буйруктары чыгуусу керек. Ал эми Каржы министрлиги аткаруучу орган катары ошол токтомдорго жана буйруктарга негизделип, финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде каражат бөлүүнү ишке ашырат.

Суроого Каржы министрлигинин башкы адиси Назар Малаев жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
raia
2012-12-10 00:40:12
Саламатсызбы! Кайненем 49 жашта 7 баласы бар, эч кандай баатыр эне аттуу статусука ээ болгон эмес. Жана пенсияга качан? кантип? чыга алат? толук маалымат берип койунуздарчы. Алдын ала рахмат!
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан