«АПАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ АТАМ КҮНӨӨЛҮҮ»

– Учурда 16 жаштамын. Бир үйдө агам, сиңдим, атам жана мен болуп чогуу турабыз. Апам 3-класста окуп жатканымда эле өзүнө өзү бычак сайып каза болуп калган. Бул окуяга күбө болуп калгангабы, ушул кезге чейин апамдын мындай жорукка барышына атамды күнөөлөп келем. Анткени ошол кезде атам ичкиликке берилип, апама көп запкы көрсөтчү эле. Каргашалуу күнү да атам адатынча ичип келип, апама кол көтөргөн. Апамдын шолоктоп ыйлап жатканы алигиче көз алдыма тартылат. Бир убакта атам «ме, анда өлүп ал» деп апамды көздөй бычакты ыргытты. Апам ушуну эле күтүп турганбы, бычакты дароо алды да, жүрөк тушуна матыра сайды... Диркиреп аккан кандан корктумбу, апамдын жанына бара албай четте «апакелеп» чыркырадым. Ошентип, ыйлаганыма, дарыгерлердин күрөшкөнүнө карабай апабыз бизди таштап, кайтпас сапарга кете берди. Ооба, мунун баарына атам гана күнөөлүү. Чынын айтсам, аны көргүм да жок. Кээде үйдөн кетип калайын дейм. Бирок агам менен сиңдимден алыс болууну каалабайм. Алар каргашалуу окуяны өз көзү менен көрбөгөндүктөнбү, атама болгон мамилелери жакшы. Арадан бир топ жыл өттү. Бирок мен дагы да болсо атамды кечире албай келем. Аны ушунчалык жек көрөм. Ар бир айткан сөзү кыжырымды келтирет. Өмүр бою минтип жашагым келбейт. Эмне кылам?

Айнура, Кара-Көл шаары

Суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет:
– Ажал айтып келбейт. Эгер адамдын ичер суусу түгөнгөн болсо, ал кандай болсо да каза болот. Демек, апаңдын жашоосу ошол күнгө чейин гана болгон. Атаң бул жерде ага себепчи гана. Кандай кылган күндө да апаң кайра кайтып келбесин билесиң да. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген сөз бар. Кек, таарыныч, ыза менен адам жаркын келечек кура албайт. Качан гана жан дүйнөң рахат алып, жаман ойлордон алыстаганда гана жакшы иштер жасаларын унутпа. Атаңдын ордуна өзүңдү коюп, ал да силерди көргөн сайын жаман абалда калып жатканын эсте. Жаман ата болсо, балдарын таштап басып кетип деле калмак. Сенин атаң андайлардын катарында эмес экен. Акылдуу болуп, атаңды кечирип кой. Бул эң биринчи өзүң үчүн, келечегиң үчүн керек. Эгер кечирүү мүмкүн эмес деп ойлосоң, психологго кайрылып, адистин жардамы менен бул ойдон кайтышың зарыл.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.

Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
saulya
2012-11-07 20:53:38
адам баласына ар кандай сыноолор жазылган апасы эмен болгондо да озунун омурун озу кыйбай эле койгону он болот эле!себеп озун олтургон адам эч качан жаннатга барып тушпойт!аа сен кыз атаны кечирип койгонун жакшы озунун келечегин деле жакшы болот ошол куну атан арак ичкен болсо адам баласы арак ичкенде эмне деп суйлогонунда билбей калатда!апан отуп кеткенида отунучту!эми атанан кечип кеткин келсе атасызда каласын азыркы убакытта атасы эрте отуп кеткен жетим балдар деле бар!
0
nelli
2012-11-08 01:25:38
Апандын жайы жаннаттан болсун. Дагы да атана рахмат де,таштап кетпей багып жатат экен. Таштап кеткенде не болот элен,албетте 3оон 3жака тыркырамаксынар. Журогундо кечир. Алла Таала да кечиримдуу болгонду суйот. Жаман болсо да кечир кеч боло элегинде. Эртен эле кудай сактасын,бирок козу отуп кетсе,баары кеч болгонун сезесин. Атан болгону себепчи болгон. Козу отсо ошо жектеген атандын колокосуно да зар болосун. Бактылуу бол! Ийгилик сага!
0
saya4ka
2013-01-18 16:14:16
nelli, материалдын алдында тел. косотолуптур го, ошого чалып, айтып берсен сага да жооп алып беришет.
0
masr88aza
2012-11-08 01:43:18
атасы куноолуу деп эсептейм! анткени, ошого жеткирген атасы да! негизи эле ичкилик жакшы жакка алып барбайт.
0
jumash
2012-11-08 13:23:46
Кечиримдуу бол!!! Керек болсо кунуно жетимиш жолу кечир... Жаман болсо да оз атан...
-2
messidinho
2012-11-08 14:42:59
бирок уй-булодогу зомбулук, кордукту корбогон адам бул нерсени тушунбойт!
0
uty
2012-11-08 14:51:45
ичкилик бул жакшы жака алып барбайт.ушу ичкиликтин айынан бут жаман иштер болуп жатат.еми сен апандын рухун тынч кой атанды кечир аллахтын кечиримдуу пендеси бол.
0
Nurbek88
2012-11-08 16:18:06
эмнеси болсо да кечиримдуу болуш керек дейт го шариятта
0
ZarinaSM
2012-11-08 21:45:25
ушундай жестокий адамдар кайдан жаралат(((
0
Aigewa
2012-11-09 02:11:53
5 jyl murun menin da atam i4et ele. Kundugo uruw+janjal araktyn aiynan. Birok emi Allaaga wugur atama Kudai ozu ynsap berip i4pei kaldy takyr. Kyzdyn tagdyryn ayabai jakwy tuwunom,sebebi men da atamdy jek kor4umun.Men u4urda Germaniyadamyn. Bul jakta 4egi menen i4iwet eken, a bizda bolso maimylga okwop alywat go erkekter mas bolgondorunda.
0
mir_ak.kg
2012-11-09 12:41:22
адамдын олумуно созсуз бир нерсе себепкер болот. Ошондуктан сиз жаштыктын ачуу мунозуно алдырбай баарын туура таразалап атанызды кечирууго чын дилинизден аракет кылыныз жана жаман ойлорду сезиминизден алып таштап кен келечектин тунук кундорун журокко орнотунуз. Бир кем дунуйо деген соз чындык
0
kg-Baktybek
2012-11-10 15:54:33
Менимче атанызды кечиргениниз макул. Себеби кантсе да атанызда. Ушул убакка чейин сиздерди жалгыз карап,багып келгенго атаныз? Атанызды кечиргениниз макул,себеби атанызда кыйналып журот.
-1
Sandra
2012-11-11 13:27:12
ii jaman okuya boluptur,birok kechirimdyy boluun abzel.Araktyn kychy da baary.senin tuptuura tyshynyp turam
0
Buma
2012-11-11 22:46:45
profi psycholog myndai psychologiyalyk jardam berbeit :), okup alyp kulgum keldi. Negizi amerikanyn kritikteri psychologiya ilimin tubu Torudan (evreilerdin din kitebi) alyngan dese, bul eje Kurandan kichineden algan go :)!!!!
0
sardaralay
2012-12-26 14:21:00
апаныз эмоцияга алдырып койгон экен, озун озу сайып атанызга корсотом деген экен. эми атанызды кечириниз.
0
shankool
2013-09-08 08:27:44
Пачиму ты такая а
0
№ 522, 2-8-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан