Айя Садырова: «БАЙЛЫГЫМ - АСЕМ БУЮМДАРЫМ»

Коллекциячы

Ар кандай буюмдарды коллекциялоо көпчүлүгүбүздө кездешкен адаттардын бири. Эсиңиздерде болсо, экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу таш баканын түрүн чогултары жөнүндө жазган элек. «Кыздын көзү кызыл мончокто» дегендей, Айя Садырова болсо жалаң шуру-мончокторду коллециялайт экен.

– Айя, сизди “аялзатына тиешелүү асем буюмдарды коллекциялайт” деп уккан элек...
– Ооба. Асем буюмдарга кичинемден эле кызыкчумун. Бирок атам тартипти катуу кармаган адам болгондуктан менин мончок, сөйкө тагынуума уруксат берчү эмес. 2-класста окуп жүргөн кезимде апамдын туулган күнүнө өзүм жактырып жүргөн сөйкөнү белек кылууну туура көрдүм. «Эми акчаны каяктан табам?» деп шашып калдым. Атамдан акча сурасам, сөйкө үчүн акча бербейт. Ал эми апамдан сурагым келген жок. Анткени ага сюрприз жасагым келген. Ошентип, атама көрүнбөй чөнтөгүнө кол салып акча алдым да, апама баягы сөйкөнү белек кылдым.
– Анан уруксатсыз алган акча үчүн атаңыздан сөз уктуңузбу?
– Атам ошондо билбей эле калган. Жадакалса бүгүнкү күнгө чейин билбейт. Эми көп жылдык сырды гезиттен окуп билип калат го (күлүп).
– Атаңыз каршы болсо асем буюмдарды кантип чогултуп калдыңыз?
– Жаңыдан студент болгондо эркиндикти туят эмессиңби. Өзүмдү бой жеткен кыздай сезе баштадым. Башка кыздар тагынып жүргөн кооздуктарды көрүп көз кызыгат. Ал эми сатып алууга андай буюмдарга ашыкча акча жок. Анан аксессуар саткан дүкөндөргө барып шурунун түрлөрүн сатып алып, моюнга, колго тагуучу чынжырча жасап алчумун. Себеби аябай арзан түшчү да. Баса, атамдан коркуп жүрүп кулагымды 3-курсумда көзөткөм. Көзөткөндөн кийин асем буюмдарга болгон кызыгуум ого бетер күчөдү. Ошентип, болгон акчама кооздуктардын түрүн сатып алып жүрдүм.
– Учурда баш-аягы канча асем буюмуңуз бар?
– Так санын билбейм. 1000ден ашса керек. Аларды сатып да алам, белекке да беришет. Чет өлкөгө барып келген жакын адамдарым мага сөзсүз асем буюм ала келишет. Акыркы жолу Кытайдан бирюза ташынан жасалган шуру алып келип берди. Мындан тышкары, менин коллекциямды апам толуктайт. Апакем табитимди жакшы билгендиктенби, дайым мага жаккан шурунун түрүн ар кандай шылтоо менен белекке берип турат.
– Чындыгында, мынчалык көп асем буюмдарды атайы дүкөндөрдөн гана көргөн элем. Буларды кантип сактайсыз?
– Арасында арзанынан тартып кымбатына чейин бар. “Бул аксессуарлардан башка байлыгың барбы деги?”- деп досторум тамашалап калышат. “Жок, менин бул байлыгым материалдык жактан чоң сумманы түзбөсө да, ар биринин ар кандай тарыхы бар. Ошондуктан мен үчүн булардын баары баа жеткис буюмдар”,-деп жооп берем. Буларды үйдө эле сактайм.
– Кызыктуу коллекцияңызды көрүп мен да чогултсамбы деп ойлонуп калдым. 1000ден ашкан асем буюмдарыңыз 3000 болгондо сөзсүз бизге кайрылыңыз. Маегиңизге рахмат.


Самат Дөөлөтбаков: «ГАЛСТУК МЕНЕН «ООРУЙМ»

www.super.kg сайтынын колдонуучулары бул инсанды “Эң сексуалдуу мырза” деп тапса, стилист Замира Молдошева “Эң стилдүү ырчы мырза” деп аныктаган. Кеп ырчы Самат Дөөлөтбаков жөнүндө болуп жатканын байкасаңыз керек. Ал галстуктун түрүн жана ар кандай сувенирлерди коллекциялайт.

– Мектепте окуп жүргөн кезде үч уктасам да галстук тагынам деп ойлончу эмесмин. Демек, коллекциялоо такыр оюмда жок болчу. Кээде костюм-шым кийиш керек болгондо гана тагынчу элем. Анткени негизги стилим спорттук стил болчу. Кийин банк кызматкери болгондон тартып такай классикалык үлгүдөгү кийимдерди кийип жүрүп, галстук “оорусу” менен “ооруп” калдым. Эми кайсы дүкөнгө кирбейин түз эле галстуктарга көзүм түшөт. Албетте, катар-катар баарын сатып ала бербейм. Чектелген бир белгилүү фирмалардын галстугун чогултам. Көбүнчө, “Hatemoglu” фирмасынын галстуктары менен “ооруйм”.

Сатып алган галстуктарымды кээ бир досторум “мынчанын баарын топтоп алып эмне кыласың?” дешет. Мен үчүн алардын ар бир сызыгы, жадакалса түсү да чоң маанини берет. Ал эми тагынбаган галстуктарымды коллекциялайм. Түркияга кетер алдында алардын саны бир топ болуп калган. Баарын иниме берип койгом. Эми кайрадан жаңылап баштадым. Негизи, арзан галстук албоого аракет кылам. Галстуктарымдын баасы 35 доллардан 75 долларга чейин.

Мындан тышкары, ар өлкөнүн ар кандай сувенирлерин чогултууну жакшы көрөм. Мисалы, Дубайдан кичинекей периште, Египеттен картина апкелгем. Негизи, сувенирлеримдин көбү Түркиядан алынган. Коллекцияны атайы бир максат менен топтобойм деле. Болгону, топтоодон жөн гана ырахат алам. Булардын баары коллекцияларымдын башаты. Мындан он жылдан кийин саны бир топко өсөт деген ойдомун.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан