Аялдамада турсам, эки жигит минтип сүйлөшүп жатышат:
– Тааныштыңбы? Кандай кыз экен?
–Билбейм, жакшы эле го. Анын болтойгон, кыпкызыл эриндери эсимде калыптыр. Тимеле бышкан алчадай...
Изилдөөчүлөр да көпчүлүк эркектер айымдар менен таанышканда алгач алардын эриндерине көзү түшөрүн айтып келишет. Чындыгында, татынакай ачык болтойгон эриндер бул – беттин көркү. Андыктан ар бирибиз эриндерибизге кам көрүүгө тийишпиз. Өзгөчө жай, кыш айларында. Ал үчүн эмне кылуу керек? Суроого жооп издеп көрөлү.
ЭРИНДЕР ЭМНЕДЕН ЖАБЫРКАЙТ?
Эриндердин түсү жана сапаты ден соолуктун жалпы абалын чагылдырып бере алат. Алсак, ачык кызыл эриндер ден соолуктун таза экендигинин, ал эми кубарыңкы эриндер каны аз экендигин билдирет. Көгүш тартышы болсо, көпчүлүк учурда өпкө, жүрөк-кан тамыр системинин ооругандыгынын жана башка ушул сыяктуу оорулардын белгиси болуп саналат. Эриндин кургап кетиши жана жарылышы организмге В2 витамининин жетишсиздигинен болот.
Эриндер дайыма сырткы курчап турган чөйрөнүн: шамалдын, күндүн, ысыктын, сууктун таасирлерине дуушар болот. Андыктан аларды тийиштүү түрдө күтө билбесе, ар түрдүү ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Дайыма эринди тиштеп алуу, жалап-жуктоо адаты, оозго ар кандай кир нерселерди салуу, жипти тиштеп үзүү сыяктуу көнүмүш адаттар жана семичке көп чагуу анын назик кызыл челине зыян келтирип, бузулушун шарттайт. Ошондой эле өтө ысык тамак, ысык чай эриндин былжырлуу челинин күйүп калышына алып келиши мүмкүн. Ысык тамакты жакшы көргөн адамдарда дайыма эринин күйгүзүп алуу болуп, бара-бара анысы жарага айланышы ыктымал. Эринди күтүүдө помаданын жана эрин боёочу каражаттардын да жардамы чоң. Аны туура тандоо менен эриндерге кам көрүүгө болот.
ООЗ БОЁКТУН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫН СЫРЛАРЫ
ҮЙ ШАРТЫНДА ЭРИНДЕРГЕ КАМ КӨРҮҮ
Алма маскасы
Алманын сыртын аарчып, сүргүчтөн өткөрүп алуу керек. Өткөрүлгөн алмадан бир чай кашык алып, ага өсүмдүк майынан (жарым чай кашык) кошуп аралаштырып, маска жасаңыз. Аны эриндерге 15 мүнөткө коюп, жылуу суу менен жууп салыңыз. Алманы бананга, бадыраңга, өрүккө, кызылчага алмаштырса болот.
Бал-шекер скрабы
Бир чай кашык балга бир чай кашык шекерди кошуп аралаштырып аласыз. Аны плитага 5 секундга коёсуз. Таза тиш щёткасына даяр маскадан сүйкөп алып, эринге массаж түрүндө бир калыпта сүйкөп чыгыңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай пилинг эриндерди назик кылып, өзүнүн жумшартуучу касиети менен аны кургатпай, кесилтпей сактап турат.
Эриндерге массаж жасоо
Жумшак кылдуу тиш щётка менен 2 мүнөт эринге массаж жасоо сунушталат. Бул ыкма кан айланууну жакшыртып, эриндерге табигый өңдү берет. Болгону, аны ооздо кесиндилер жокто гана жасаш керек. Массаждан кийин эриндерге көздүн айланасына сүйкөөчү кремди сүйкөөгө болот. Бетке колдонгон кремдерди сүйкөбөңүз.
Эрин бырыштары үчүн көнүгүү
Эринге ооз боёгучту сүйкөгөндө астын, үстүн бири-бирине сыйпап, боёкту жугузат эмеспизби. Зайтун майын сүйкөп, эринди дал ошондой ыкмада кыймылдатып массаж жасоого болот.
Макаланы даярдоого жардам берген "Сулуулук жана ден соолук" бейтапканасынын дарыгер-косметологу Айнура Бейшеналиевага ыраазычылык билдиребиз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg