3-ноябрь күнү «Кара-Суу» базарында кыйроого учураган дааратканага 19 адам түшүп кеткен. Кырсыкта 4 киши каза болуп, 12си ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө 6 адам ооруканадан чыгып, дагы алтоо дарыгерлердин карамагында.
ЭСКЕРТҮҮНҮ ЭЛЕС АЛБАГАН КОЖОЮН
Бул окуя Кара-Суу районунун Сарай айыл округуна караштуу «Туратали» базарында болуп өттү. Кырсыктан 2-3 күн мурун базардагы коопсуздук кызматкерлеринин бири тапанчасын ажатканага түшүрүп алган. Аны алып жатканда ал дубалдын четтери көчүп баратканын, оңдобосо кулап түшөрүн байкап, базар ээсине эскерткени маалым болду.
Кырсык орун алары менен коомго так маалымат берилгенче «ажатканага түшүп, 35-40 адам каза тапты» деген кеп таркап кеткен. Куткаруучулар келгенге чейин карапайым калк бир топ адамды урандынын арасынан алып чыгышкан. Көз жумгандар «Кара-Суу» базарына соода кылып келгендер болгон. Алар: Ураимова Базаргүл – 1973-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну; Аманова Барниса – 1961-жылы туулган, Кара-Суу шаарынын тургуну; Паизова Меңдайым – 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну; Каримов Абдинасир – 1995-жылы туулган, Базар-Коргон районунун тургуну.
40 орундуу бул даараткананы 2003-жылы ошол учурдагы «Кара-Суу» базарынын ээси, маркум Баяман Эркинбаев курдурганы айтылууда. Азыркы кездеги ээси Муса Абышев аны 2007-жылы сатып алганын айтат. Алдын ала тергөө иштери боюнча, даараткананы курууда негизги эрежелер бузулгандыгы жана тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги билинген. Бирок 2006-жылы Кара-Суу райондук администрациясы тарабынан бул курулуштун эксплуатациясына макулдук берүү жөнүндө чечим чыгарылган.
Алишер Мадамбеков, Кара-Суу районунун прокурору:
«ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
– 2012-жылдын 3-ноябрындагы окуяга байланыштуу Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, көп адамдардын өлүмүнө алып келген шалаакылык, адам өлүмүнө алып келген курулуш жумуштарынын коопсуздук эрежелерин бузуу, өз билемдик фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон. Иш азыр толугу менен иликтене элек.
Жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдар же муниципалдык органдар тарабынан каралат. Эгер каралбаса, биз тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга сунуш беришибиз мүмкүн. Мыйзамдын негизинде кимдин артынан зыян келип жаткан болсо, ошол адам төлөп бериши керек.
КАНЫБЕК МУРАТОВ, Кара-Суу райондук ооруканасынын башкы дарыгери:
– Окуя болгон күнү бизге 15 жаран жеткирилди. Алардын тогузуна өзгөчө кырдаал деп биз бекер дарылоо иштерин көрсөттүк. Алтоо азыр биздин ооруканада дарыланып жатышат, алардын экөөнүн абалы оор болчу, азыр бир топ жакшырып калды. Кепилдик боюнча министрликке кабарладык, азыр баары акысыз дарыланышууда.
Куткаруу ишине үйлөнүү тоюн таштап келип, атуулдук милдетин аткаргандар болду. Алардын бири – куткаруучу АКБАРАЛИ ЖАНТӨРӨЕВ:
– Үйдө коноктор бар эле, той болуп жаткан. Анан «ажаткана кулап кетип, адамдар жабыр тартышыптыр» деген сөздү угарым менен бул жакты көздөй чуркадым. Келсем, ызы-чуу менен тополоң. Кээ бир адамдар эсин жоготуп коюшуптур. Канча адамды куткарганымды билбейм, андай учурда эсептеп да отурбайсың.
«БИРӨӨ ӨЛМӨЙҮНЧӨ КАРАШПАЙТ ОКШОЙТ»
Эскилиги жетип калган ажатканалар аз эмес. Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №2 Б, №4, №6, №8-көп кабаттуу үйлөрдүн канализациясы иштебей, ажатканага эшикке чыгышат.
№2 Б үйүнүн жашоочусу Майрамбек Мурзабдуллаевдин айтуусунда, алардын да ажатканасы кулайын деген абалда турат. «Коркуп, араң кирип-чыгабыз. Канчанчы жылы курулганын билбейбиз. Бул маселени көтөрүп, шаардык мэрияга бир нече жолу кайрылдык. «Жаңы куруп беребиз» деген боюнча жок болушат. Базардагы ажатканага окшоп бирөө жарым түшүп өлмөйүнчө карашпайт окшойт»,- деп бизди ажатканага ээрчитип барды. Чындап эле абал мышык ыйлагыдай экен.
Тереңдиги 5, узундугу 40, туурасы 6 метр болгон ажаткана «Кара-Суу» базарындагы кирешелүү булактардын бири болгон. Базардын кызматкерлери мунун кирешесин эсептешкенде күнүнө 200 миң сом түшөт деп божомолдошту. Бирок коопсуздук кызматкеринин тапанчасы түшүп кетип, ажаткананы 2 күнгө жаап турууну суранганда «2 күнгө 80 000 сомдон бересиң» деген экен ажаткананын ээси. Эгерде күнүнө 80 000 сомдон таап турса, Муса Абышев бир күндүк кирешенин жарымына ажатканасын оңдоп-түзөп койгондо бул окуя болбойт беле, ким билет?..
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg