БҮТКӨН ТАРЫХ ЖЕ ДОПИНГ МЕНЕН КАРМАЛГАН АТАКТУУ СПОРТЧУЛАР

22-октябрдан тартып  веложарыштардагы тарыхый инсан Лэнс Армстронгдун ысымы тарых бетинде башкача калмакчы. «Допинг колдонду» деген айып менен Армстронг чоң спорттон өмүр бою айдалып, тарыхка жазылган бардык жетишкендиктеринен кол жууду. Эми анын медалдары эч кимге берилбей, Армстронг чемпион болгон жылдардын орду бош каларын билдиришти. Ал тургай ал алган сыйлыктарын да кайтарып бермекчи.

БОСС – ЧЕМПИОН ЖАНА ТАРЫХЫЙ ИНСАН
«Босс» деген лакап аттуу Лэнс Армстронг 1971-жылы 18-сентябрда АКШнын Техас штатында төрөлгөн. Веложарыштагы профессионалдык карьерасын 1993-жылы баштап, 1996-жылы канында рактын клеткалары табылганы үчүн чоң спорттон четтеген. Рактан дарыланып, 1998-жылы кайра спортко келген.
1999-жылдан тарта беделдүү делген «Тур де Франс» (Франциянын чемпиондугу) мелдешин 7 ирет катары менен жеңген. «Сидней-2000» Олимпиадасында да коло медаль тагынган. 2005-жылы спорт менен коштошуп, бирок 2009-жылы кайрадан спортко кайтып келет. 2-ирет чоң спортко кайтуусу аны чоң каргашага туш кыларын эч бир спорт сүйүүчүсү анда болжолдобосо керек. Негизи, өзү да мурун рак илдети менен ооруган спортчу акыркы кездерде бул дарттан жабыр тарткандарга жардам берүү менен алектенип келген.

УБАКЫТ, ТАРЫХ... БААРЫ БҮТТҮ...
2011-жыл. Февраль. АКШнын допингге каршы күрөшүү агенттиги спортчунун сары изине түштү. Допингге байланышкан күмөн алгач 2005-жылдарда жаралганы менен, буга тийиштүү далил жок болчу. Акыры аталган агенттик бул ишти далилдеп, атүгүл күбө катары спортчунун командалаштары туруп беришти. Агенттик билдиргендей, спортчу допингди 1995-жылдан тарта колдонуп келген. Жыйынтыгында спортчунун 1998-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки бардык жетишкендиктери (анын ичинде «Тур де Франстын» 7 чемпиондук наамы, Олимпиаданын коло медалы да бар) жокко чыгарылды.
Спорттун дагы бир легендасы минтип тарых бетинен өчүп, унутулуу алдында турат. Бул окуядан кийин спорт коомчулугунда бири өмүрүн текке кетирип алган Лэнсти колдосо, айрымдар «сасык чемпион» деп жектеп жатышат.

Билесизби, мындай кылык менен кармалгандар өтө эле көп. Ал жылдыздарга чечим кандай чыкканын төмөндөн көрүп алыңыз.

1. ДИЕГО МАРАДОНА, ФУТБОЛЧУ
Футбол тарыхында допингге байланыштуу эң чоң чыр аргентиналык футболчу Диего Марадонанын тегерегинде чыкканын билсеңиз керек. 1994-жылы АКШда өткөн мундиал чечүүчү чекитине жакындап, Диего баштаган Аргентина жакшы оюн көргөзүп келаткан. Күтүүсүздөн «допинг колдонду» деп Дон Диего айыпталып, командасы менен мелдештен айдалып кеткен. «Ооба, ага чейин эле баңгизаттарын колдонуп, жашыл майданда «учуп» жүргөнүмдү моюнга алам. Бирок баңгизаты допинг эмес да. ФИФАнын чечимине каршымын жана мен акмын»,- деп келет Марадона азыркы күнгө чейин.

2. АЛЕКСАНДР ВИНОКУРОВ, ВЕЛОЖАРЫШЧЫ
39 жаштагы Саша «Лондон-2012» Олимпиадасында Казакстанга алтын алып келип, коомчулукту таң калтырды. Таң калуунун биринчи себеби спортчунун 39 жашта экени болсо, экинчиси – 2 жыл спорттон айдалган соң кайра мындай формага жетет деп эч ким күткөн эмес. Эске салсак, 2007-жылы ал допинг-тесттен өтүп, жыйынтыгында веложарышчы канына күчтөндүрүүчү каражат куйганы билинген. Өзү 2 жыл веложарыштарга түшүү укугунан ажырап, ошол кезде катышып жаткан мелдештен командасын кошо ала кетүүгө мажбур болгон эле.

3. МЭРИОН ЖОНС, ЖЕҢИЛ АТЛЕТ 
Америкалык жеңил атлет Мэрион Жонс «Сидней-2000» Олимпиадасында жеңишке балкып жатканда 7 жылдан кийинки тагдырын такыр элестетпесе керек. Анда ал 3 алтын, 2 коло медаль утуп, тарых бетине атын жазганынан шеги жок эле. Бирок кыңыр иш 7 жылда эле ачыкка чыгып, ошол Олимпиадада канында допинг бар экени далилденген. 2007-жылы Мэрион 5 медалынан, андан жыл айланбай эркинен да ажыратылган. Анын темир тор артында күн өткөрүүсүнө өзүнүн допинг чыры боюнча уюшулган отурумда жалган күбөлөрдү алып келгени себеп болгон.

4. БЕН ЖОНСОН,ЖЕҢИЛ АТЛЕТ
Канадалык Бен Жонсон 1988-жылкы Олимпиада оюндарында жаңы дүйнөлүк рекорд коюп, жеңүүчү аталган. Анын жеңиш кубанычы да, жашырган «уурулугу» да үч гана күнгө созулган. Спортчу «допинг колдонгон» деген айыпты моюнуна алып, кийин сөз кылып жүргөн. Айдалган соң бир канча ирет чоң спортко кайтууга аракет жасап, бирок дагы бир жолу кармалган. Ошондо анын спорттогу жолуна чекит коюлуп, өмүр бою спорттон четтетилген.

5. ЕКАТЕРИНА ЮРЬЕВА, БИАТЛОН
2008-жылы кайсы бир мелдеш алдында орусиялык биатлончулар текшерүүдөн өтүшкөн. Көп өтпөй Эл аралык биатлончулар кеңеши (IBU) расмий түрдө Екатерина Юрьеванын канында допинг болгонун билдирген. Ага айып тагылып, 2 жылга спорттон четтетилген. Аталган кеңештин расмий уруксаты жок болгону үчүн Катя 2010-жылкы Ванкувер Олимпиадасын өткөрүп жиберген. Эми «Сочи-2014кө» да катыша албайт» дегендей кептер тарап жатат. Ушуну эске алып, спортчу спорт менен мамилесин токтотту.


Орусиялык гимнасттар Алина Кабаева менен Ирина Чащина да 2 жылдык «эс алуудан» соң спортко кайтып келишти. Алардын «Фуросемид» деген дарыны колдоно коюп кармалышканы маалым.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
djkaro
2012-11-12 14:48:45
убагында жакшы текшербей чемпион болгондон кийин 5-6 жылдан сон чемпиондук наамынан ажыратып кою туура эмес. Темирди ысыгында чап дейт го....
+4
masr88aza
2012-11-13 02:30:56
баары бир тарыхта аттары калды да, эч качан очпойт деп ойлойм
0
Ohotnik
2013-12-02 16:39:05
Допинг колдонгон спортчуларга да рахмат, убагында таппай калган текшеруучулорго да рахмат. Болору болду, боёсу канды!
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан