Бильярдчыларыбыздын, тактап айтсак, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын супер спортчусу» Каныбек Сагынбаевдин Москвада өткөн Кремлдин Кубогундагы ийгилиги ата мекендик спорт үчүн аптанын жаңылыгы болду. Чемпиондук үчүн ал «Олимпиадалык» спорт-комплексинде өткөн финалда бала кезинен кумир тутуп келген орусиялык Евгений Сталев менен беттешип, кумирин сыйладыбы же Москванын суук аба ырайы таасирин тийгиздиби, айтор, алгач эсепте 3:0 эсебинде жеңип жатканына карабастан, аягында 5:3 эсебинде жеңилүүгө аргасыз болду. Бирок анын КМШ өлкөлөрүнүн жана Чехиянын 1 өкүлү болуп, жалпысынан 236 бильярд чебери катышкан ири мелдеште 2-орунду камсыз кылып, кыргыздын туусун бийик желбиреткени мактоого арзыйт.
Мелдешке Каныбектен тышкары Канат Сыдыков, Кубанычбек Сагындыков, Камолиддин Есиддинов, Зайлан Адамов, Азиз Мадаминов, Улукман Карагулов, Качкынбай Нурумбетов жана Ызатбек Раатбеков катышып, алардын ичинен Камолиддин мыкты сегиздикке кире алды. Кошумчалай кетсек, 13-17-ноябрда Ханты-Мансийскте бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Андыктан мурунку спорттук калыбына кайтып келген Каныбекке жана башка спортчуларыбызга ийгилик каалап, алардан жеңиш күтөбүз.