БАБАНОВ ПРЕЗИДЕНТ, ТАШИЕВ ПРЕМЬЕР БОЛМОК БЕЛЕ?

5-ноябрь күнү интернет айдыңында 11-ноябрга төңкөрүш даярдалып жаткандыгы тууралуу видео тарады. Бул сыяктуу видео-аудиоматериалдар биринчи жолу жайылып отурбагандыктан, ага түрдүү баа берилүүдө. Үгүт учурундагы кезектеги компроматпы, чындыкпы же карандай калппы?

«ЮСУПОВ – ИЛГЕРКИ ЧӨӨ, АЛДАМЧЫ»
Бул тасмада Айсулуу, Алтын жана Бакыт деп ысымы жазылгандардын сүйлөшүүсү ашканада жашыруун камера менен тартылганы байкалат. Алтын менен Бакыт деп аталгандар камера тарапта отургандыктан, жүздөрү көрүнгөн эмес. Бул видеодо сүйлөп жаткан аял 2010-жылы Апрель окуясында Абдулла Юсупов менен бирге талап-тоноочулукка катышканын жар салган Айсулуу Дүйшөнкуловага абдан окшош. Балким, ошол аял. Видео жарым саатка созулгандыктан, сүйлөшүүнүн урунттуу учурларын кыскартып бердик:
Айсулуу:
– Түз эле депутат менен сүйлөшкөн жакшы, тынч эле. Атышса атышабыз, согушса согушабыз деп.
Алтын:
– Алтынбек (ред. Сулайманов жөнүндө сөз болууда) менен түз эле сүйлөшөсүңбү?
Айсулуу:
– Ооба.
Алтын:
– Ал Бабанов экөө бир да, ээ?
Айсулуу:
– Бабанов жакында баарын жайлайт.
Алтын:
– Бабановбу? Бүт баарынбы? Президент болот экен да, ээ?
Айсулуу:
– Ооба. Ташиев министр болот.
Алтын:
– ИИМдинби?
Айсулуу:
– Жок, иши кылса, премьер-министрби, ушундай...
Алтын:
– Ноябрда революция болот деп жатышабы?
Айсулуу:
– Ии, ооба.
Алтын:
– Канчасында?
Айсулуу:
– Октябрда болмок да, болбой калбадыбы...
Алтын:
– Так кайсы күнү болот революция?
Айсулуу:
– Кана эми, мобу көк мээлер кыла алган жок го?..
Алтын:
– «Республика» кылат эми, ээ?
Айсулуу:
– Мындай болуп жатпайбы. Биз экөөбүз сага келип айта беребиз, «бүгүн жасай берели, элди сүйлөшүп койдук» депчи. А сен бизге ишенип жатпайсыңбы... Сен – Ташиевсиң. Көрдүңбү, элге ишенип ал да чыгып алган. Тиги жок.
Алтын:
– Бабанов менен түз сүйлөшөсүңбү?
Айсулуу:
– Бабанов менен сүйлөшкөндө эмне? Сүйлөшө албайсың, учурашып эле койбосоң. Мени билет, 100 пайыз тааныйт. Азыр ызы-чуу болуп жатабыз. Далилдер, тияк-бияк... Текебаев менен болсо, кырылып жатабыз. Болот Шер айткан, «эгерде мени тастыктап бере албаса, Бабанов окту өзүнө атыш керек» деп.
Алтын:
– Тиги Юсупов деген ким?
Айсулуу:
– Ал – илгерки чөө. Оратор, тили укмуш, башы жакшы иштейт, өзү да кыйын. 120 депутаттын аты-фамилиясын билет. Бакиевдин убагында Жалал-Абадда, Тейитте анын кошунасы болчу. Искен менен эле ойноп жүрчү. Азыр, эң башкысы, Юсупов чыкканда кармаш керек, иштетиш керек. Бул 100 пайызга алдамчы. Нашаадан берип, курсагын тойгузуп турсаң эле бүттү. 15-20 күн костюмун чечпей иштейт. Өзү өзбек. Сузактагы үйүндө конок болгонбуз.
Азыр ошол Алтынбек чуркап жатат, бүт «Республика» партиясы дагы. Колдошот. Кечээ оорукананын каражатын бүт көтөрүп беришти. Адвокатыма да ошолор 1000 доллар беришкен. Алтынбек Сулайманов деле Бабановдун жакын кишиси. Ал Ташиев менен да жакшы. Эми аларды Жаныш менен Максим (ред. Бакиев) багып жатпайбы...
Бир жолу «сходнякка» барып калдым, Бишкектеги эле Бакай-Атага. Бирөөнү ал жакта чабышмак экен. «Бакай-Атаны ким карайт?» десем, Мирлан дешти. Сураштырсам, жердешим болуп чыкты, Жалал-Абаддан. Мирлан менен сүйлөшөйүн деп барсам, аны тааныйт экенмин. Бас деп, анан нашаа чегип отурдук.
Азыр «камчыйскийлер» братан деп жүрүшпөйбү, андай эмес. Азыр пароль «Ата Журт» болуп калган. Алар бүт Камчы Көлбаевдики. Камчы Көлбаев 11-ноябрда келет.
Алтын:
– Тиги «чёрныйлар» курал менен келбейби?
Айсулуу:
– Өткөндө жанчышмак да. Атамбаев менен Текебаевди эле жанчышса бүттү. Мынабу революцияда чыкпаш керек. Атышат. Бир гана мен айткан объекттерди басуу кажет.

АЙСУЛУУ ДҮЙШӨНКУЛОВА ДЕГЕН КИМ?
Буга чейин Айсулуу Дүйшөнкулова Апрель окуясында талап-тоноого катышканын маалымат жыйынында коомчулукка өзү жарыялаган болчу. Ал каргашалуу күндөрү эркектин кийимине жамынып, талап-тоноочулар менен чогуу бир канча үй-кеңселерди «тазалашканын» билдирген. Ошондой эле Айсулуу Дүйшөнкулова бул «иш» «ата мекенчи» 4 депутаттын көрсөтмөсү менен болгонун айткан. Ал эми «ата мекенчи» депутаттар анын сөзү чындыкка дал келбесин билдиришкен.
Жогорудагы видеотасмада Айсулуу деп айтылган аял бир гана саясатчылар менен эмес, криминалдык лидерлер Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияев менен жакшы тааныш экенин чай үстүндө айтат.

«ЮСУПОВДУН БАБАНОВ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ БАР»
Интернетке чыккан видеону 6-ноябрда «Ата Мекен» фракциясы талкуулап, «Абдулла Юсупов жана Айсулуу Дүйшөнкулова менен экс-премьер Өмүрбек Бабановдун түздөн-түз байланышы бар» деген бүтүмгө келди. Ал тургай Бишкектеги №1-СИЗОдо отурган Юсуповдон интервью алуу үчүн НТС телеканалын киргизүүгө мурдагы өкмөт башчы өзү буйрук бергенин Башкы прокуратуранын өкүлү тастыктады. «Экс-премьер Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аликбек Мамыркуловго чалып, камакта отургандардан интервью алуу үчүн журналисттерге шарт түзүп берип коюусун өтүнгөн»,- деди Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Бердикеев.
Депутаттар ЖАМК жетекчилигинин бул кадамын «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» дешип, Мамыркуловдун азыркы учурга чейин кызматында отурганын сынга алышууда. Бул боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси менен Өмүрбек Бабановду кошо жоопкерчиликке тартуу өтүнүчүн фракция депутаттары Башкы прокуратурага тапшырышты.

«РЕСПУБЛИКА» ТАСМАНЫ СПЕКТАКЛЬ ДЕДИ
«Ата Мекендин» артынан эле «Республика» фракциясынын депутаттары жабык жыйынга чогулушуп, интернеттеги тасманы саясий оппоненттеринин кылганы деп билдиришти. «Ата мекенчилер» «мародёр» деп аталып калуудан кутулуу айласын таппай, спектакль уюштуруп жатат. «Ата Мекенден» бир нече депутат кармалганы турат, андыктан бул партия кантип актанууну билбей калды. Алар мага жана фракциянын бир катар мүчөлөрүнө кара пиар башташты. Биздин партияны жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун алдында каралап жатышат»,- деп «Республика» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов жооп кайтарды.
Дагы бир «республикачы» депутат Чолпон Султанбекованын айтымында, партия эч качан төңкөрүшкө чейин барбайт жана 11-ноябрда болот делген иштерге катыштыгы жок.

ТЕКШЕРҮҮ БАШТАЛДЫ
УКМК менен Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматына ылайык, видеороликти текшерүү иштери башталды. Кимиси ак, кимиси кара экенин күч түзүмдөрү бышыктап-аныктап беришер.

Бул видеотасманы ар бир кыргызстандык өз ой жүгүртүүсүнө салып, талдап көрсүн. Бирок бир суроо жаралат экен. 7-апрель күнү ким кайда эле? «Ата-Бейитте» жаткан кырчындай жигиттер авторитардык режимге, өлкө тагдырын каалагандай калчагандарга каршы чыгып, эч кандай байлыкка сатып алгыс өмүрүн мекенге арнашты эле. Ошол эле күнү бул видеодогу аялга окшогондор убакыт-кырдаалдан пайдаланып, шаарды шимшилей талап-тоноп жүрүшкөнү кийинчерээк билинди. Атүгүл бирөөнүн мүлкүн басып алып, ага Сокулуктан европалык ремонттон өткөн үй сатып алганын айтып Айсулуу мактанат. Эң коркунучтуусу, акча үчүн баарына даяр болгон ушул аялга окшогондордун катмары түзүлүп калгандыгы өкүндүрөт. Көрсө, бир кездеги «ОБОНчулар» да мезгил менен кошо өзгөрүп, өзүнчө кеңсе алып отуруп калышыптыр. Бир телефондук чалуу менен 500ү заматта чогулган пикетчи аялдардын акчасы бир күнгө 500 сом, кечке чейин турушса, 600 сомго бааланары, бир митингге орточо 3000 доллар алып, анын баары өзүнчө чоң бизнеске айланып кеткендиги жан кейитет. Балким, ушундан улам Кыргызстан митинг-пикеттен баш көтөрө албай калгандыр. Кыргыздын тагдырын чечип жүргөн саясатчылар ушундай адамдар менен иштешүүсү өкүнүчтүү.

Эльвира Караева, Самат Баялы
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
11-ноябрга төңкөрүлүш даярдалып жатабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
altyha
2012-11-12 14:30:37
olup ketsin silerge okshogon jarandar
0
tt8888
2012-11-12 17:03:02
эч кандай актриса эмес!реално эле суйлогон100%просто бул аялга очошкон бироосу койгон камераны.балдар кылышы мумкун?суроолору башкача..уточняйтетип суроолорду берген.согуш чыгарышат ко?атып салыш керек.реалдуу видео.
0
melashka
2012-11-12 17:21:59
коруп отуруп мен да ишендим чын эле аялга билдирбей койушкан этият болушубуз кк эч кимге ишениш жок тоба не эле болуп жатышат аттин кыргыз калкым жерим
0
Az81
2012-11-12 17:23:12
Мунун баары ОЧТдин былыгы. Рысалиевди жайлап, озуно жакын Атахановду койдурду. Мен бир кезде Ата-Мекен партиясы менен Текебаевди абдан сыйлап, аларга ишенчимин. Азыр Текебаев эн ыплас, жузу кара адам экени н билдим. Эгерде алар (Мекенчилер) ошончолук мыкты болушса, фракция ичинен оз ара жарылып урушпайт эле да (Абдрахманов, Жээнбеков ж.б.). Алдыдагы шайлоо корсотот, аларды эл канчалык сыйларын.
0
Naza_Baisal
2012-11-12 23:50:42
bul kaidan chikkan ajal????
ajabay uverenno suilogon go...
0
анарбек
2012-11-13 01:41:56
эми атып салса митингге чыккандарды мен капа болбойм
+1
satarov
2012-11-13 03:03:48
Бабанов менен Ташиевдин командасы ушундай кем акыл адамдардан экенин сезип жургом. Акылы соо адам тосмодон ашмак беле, акылы соо адам (бабанов) ушундай сойку, ууру-кески жана шылуундардан команда курамак беле. Жеткен акылынар ушул болсо саясатта силерге бале барбы. Бакиевдердин тапшырмаларын аткарабыз деп кыргыздын каргышына калып жатасынар. Учуру келгенде элдер силердей адамдарды бирден шишке сайып куйкалайт. Ал кун да алыс эмес. Апрель баатырларын колдонбой эле койсонор болмок. Арбак урат!!!
0
Basmachy111
2012-11-13 05:01:36
Эми кыргыстанды. Черныйлар башкарат окшот. Прездент эмне учун Прездент. Акмактар адам эмессинер. Кан ичээрлер.
0
maha_zum
2012-11-13 18:04:12
Emi dagi plandap jatgan bolso ,anda kaida barat karapaiym kyrgyz elim,eger revolyussiya bolup getse daaaana Siriyaga okshop kalat...
0
Jurnalist.kg
2012-11-14 06:19:04
Бул кыска метраждуу кинонун режиссёрлору ата-мекен окшойт е?
0
Az81
2012-11-14 17:54:58
Jurnalist.kg, туп туура бамдадын. Алар бул тасманы Бишкекте отчу КМШ олколорунун кыска метраждуу фильмдеринин фестивалына даярдашкан окшойт. Гран-прини аларга берип, Текебаевге Оскар сыйлыгын беруу керек, лучший сценарийст деп.
0
tt8888
2012-11-14 20:23:57
анарбек туура айтат.без повода митингге чыккандарды атып салыш керек.враги народа деп.акча учун элди беспокоитеткендердин кереги жок!!
0
tt8888
2012-11-14 20:23:57
анарбек туура айтат.без повода митингге чыккандарды атып салыш керек.враги народа деп.акча учун элди беспокоитеткендердин кереги жок!!
0
askat2501
2012-11-15 20:47:53
качан онлобуз ушинтип арабызда келесоолор болсо!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
leylekskiy
2012-11-15 21:35:46
бул Ата Мекендин кылган иши болсо керек, шайлоо алдында озунун саперниктерин каралап четке чыгаруу максатында колдонулган ыкма деп ойлойм
0
ken-shkol
2012-11-16 19:19:06
Э башым ооруп кетти, митингчилерден. Тынч качан жащайбыз?
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан