«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасы» наамына талапкерлердин бири – алпаруучу Али Токтакунов бүгүн бизде конокто. Баарлашып отуруп, маектешим ар бир суроого астейдил, кылдат жооп берип, айрым сөздөрүн кайрадан тууралап, оңдогонго аракет кылып жатты.
– Али, бала кезиңде эле журналист болууну кыялданчу белең?
– Бала кезимде телеберүүлөрдөн кызыктуу эмнени көрсөм, мен ушундай болом дей берчүмүн. Кээде космонавт, кээде мугалим дегендей. Ошто жүргөндө агам орус тилдүү гезит чыгарчу. Ошол агама жардамдашып жүрүп эле журналистикага болгон кызыгуум пайда болгон. Кийин Бишкекке келгенде акча табуу максатында сканворд түзүп гезиттерге тапшырып жүрдүм. Кийинчерээк шаардагы басылмалардын бирине кабарчы болуп орношуп, журналистика тармагында жүргөнүмө быйыл мына 3 жыл болду. Өзүмдү маалымат агенттигинде, гезитте, радио, теле жаатында да сынап көрдүм. Ал эми «Азаттык +» телеберүүсүндө иштегениме 1 жыл болуп калды.
– «Журналистиканын бардык тармагында иштеп калдым» дебедиңби, сага кайсынысы жагат?
– Мага радиого макалаларды даярдаган оңой сезилет, өзүмө да абдан жагат. Тиешелүү адамдарды тапсаң эле болду. Бүтүрүп коюп кечке отура бересиң.
– Кайсы белгилүү адамдан интервью алсам деп кыялданасың?
– Ушундай адамдан интервью алсам деген нерсе оюма деле келбептир. Бирок испаниялык футболчу Андрес Иньестадан биздин өнүкпөй жаткан кыргыз футболу менен тажрыйба бөлүшүп, өзүн жөнөкөй алып жүрүүнүн сырларын сурагым келет.
– Эл менен тыгыз байланышта иштейт эмессиңби, берүүлөрүңдү даярдоодо көп эле кызык окуяларга туш болсоң керек?
– Ооба, кээ бирлери чалып алып арыз-арманын айтышат. Мындан аз убакыт мурун айылдан бир апа чалып алып «менин 1979-жылкы балам ичип келип, терезе-эшигимди талкалай берип тажатты. Милицияга берсем эки-үч күндө эле чыгарып коёт экен. Ушуну бирдемке кылбасаңар болбойт» дейт. Айрымдар «менин капустам өтпөй жатат, ошого өкмөт күнөөлүү» деп күлдүрүшөт. Иши кылып кечинде көп ичип алып, эртең менен башы ооруса деле өкмөттү күнөөлөп чала беришет.
– Кепти жеке жашоого бурсак. Өспүрүм кезде кыздарга барак-барак сүйүү каттарын жазган учурларың болсо керек...
– Ооба, андайлар көп эле болгон. Бирок көбүнчөсү өзүмдүн чөнтөгүмдө калчу. Улуу агаларыбыз жазган «шаблон» сөздөр менен шурудай тизип кат жазчумун. Кол жазмам да сулуу эле. Мен кат жазганга караганда, кат алганымдагы бир окуя эсимде калыптыр. Өзүмдөн бир жаш кичүү кыз мага минтип кат жазыптыр «Али, кыздар мени жакшы көрөрүңдү айтышты, чындап эле ошондойбу? Жообун жазып койчу» деп жиберип ийиптир. Мен карап отурамбы «албетте, ошондой» деп жазып жөнөттүм. Бирок ал кыздын каты чөнтөгүмдө калыптыр. Жеңем шымымды жууп жатып ал катты таап алып, ошондо бул сырым ачылып калган.
– Кыздар менен таанышканда биринчи эмнесине көңүл бөлөсүң?
– Эркектер айтып калышат го, «сырткы келбети анча маанилүү эмес, ички дүйнөсү таза болсо болду» деп. Айта беришет. Мен билем, андай эмес. Ички дүйнөсү менен катар эле келбетине да көңүл бөлүшөт. Мен биринчи эле таанышканда кыз кишинин тазалыгына, тырмагынан баштап тишине чейин көңүл бөлөм, сынайм. Албетте, өзүн карап, табити менен кийинген кыздар жагат. Өзүм орто бойлуу болгонума карабастан, мага узун бойлуу кыздар жагат.
– «Үйлөн» деп туш тараптан кысмакка алып, тынчыңды алгандар көбөйгөндүр. Жаш курагың деле келип калыптыр...
– Учурда жүрөгүм бош эмес. Жайында үйлөнөм деген ниетим бар, бирок кайсы жайда экени сыр боло турсун.
– Кесиптешиң Элиза Кененбаева экөөңөрдү кыз-жигит деп ойлогондор да бар экен...
– Ооба, интернетке экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү жүктөп койсок, баары «качан той?», «тоюңа мени сөзсүз чакыр» деп калышат. Элиза – жакшы кыз, кесиптешим катары жакшы көрөм. Бирок ортобузда сүйүү мамилеси жок.
– Сенин сүйлөө манераңды Жанар Акаевге окшоштурушат...
– Ооба, көпчүлүк окшоштурушат, бирок өзүмдүн ушундай шашма адатым бар. Табиятымдан эле ушундаймын. Жанарды туурайын деп далалат кылбайм.
– Түштүктүн жигити экенсиң, салт-санаага катуу болсоң керек, ээ?
– Жаңычыл көз карашты жактырам. Айрым акылга сыйбаган салт-санааларды, ашыкча ысырапкорчулук, максатсыз чачыла бергендерди колдобойм.
– Биздин гезиттин «Жылдын ТВ персонасы» наамына көрсөтүлгөнүңдү кандай кабыл алдың?
–Мен үчүн жаңылык болду. Демек, иштеп жатыптырмын, өнүгүү бар. Бирок ал номинацияда менден да тажрыйбалуу кесиптештерим бар экен. Алардын жеңүүчү болгонго акысы бар. Мен бул наамды багынтканга кийинки жылы даяр болуп калам го.
– Маегиңе чоң рахмат.
АЛИ ЖӨНҮНДӨ
Толук аты-жөнү – Токтакунов Мухаммедали Нурмаматович
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району
Туулган жылы – 1988-жыл, 27-июль
Бою – 170 cантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Жакшы көргөн тамагы – Даамдуу бышкан тамактардын баары
Билими – Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана каржы институтун бүтүргөн
Өзүнө жаккан сапаты – Ак көңүл, өжөр
Мүнөзүндөгү кемчилиги – Бат жини келет
«Атам – инженер-механик, апам – мугалим. Үй-бүлөдө үч «штук» эркекпиз. Менден кичүү эки сомодой болгон инилерим бар».Лунара Бекиева
Ташболот Досалиев
star@super.kg