ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)  

Апасы Азирет менен ачык сүйлөшкөнгө бел байлады.
– Ази, мен сени көптөн бери байкап жүрөм. Бир нерсе болдубу, балам?
– Кабатыр болбоңуз, апа, баары жакшы.
Адатынча «баары жакшы» дей салып кутулуп кете турган болду эле, Мариям аркасынан ээрчип алды.
– Ази, менден жашырба. Атаң үчүн болсо, анчалык өзүңдү жоготпо. Баарыбыздын барар жерибиз ошол. Атаң уулунун жанына кеткиси келген, кетти. А сенин жашооң жаңыдан башталып келе жатат. Биздин тагдырыбыз сага сабак болчудай эле болгон.
– Апа, эң кымбат адамдарымды бир учурда жоготтум. Атам, Бема... Апа, ал кыз менин мобул жеримде турат. Мен андан баш тартканга аргасызмын, анын бактысы үчүн баш тартканга аргасызмын, бирок көөдөнүм өрттөнүп баратат, апа.
Мариям уулунун чарасыз мүңкүрөп турганын биринчи көрүшү. Эч качан оор акыбалда Азирет минтип өзүн таштап көрбөгөн. Кайсы бир жерде катып койгон амалы бардай, дайыма өзүнө ишенимдүү жүрчү.
– Уулум, сен качан тагдырга кол куушуруп берчү элең? Өзүңдү ушунчалык таштап салганың туура эмес. Баары өз ордуна келет.
– Апа, биринчи жолу уулуң жеңилди. Айлам калбады. Эгерде Мураттан башка адам болгондо акырына чейин күрөшөт элем. Бирок ал башкача адам. Мен жеңилдим!
Мариям куду кичинесиндегидей уулунун башын тизесине коюп, сылай берди.
– Баары өтөт, баары бүтөт. Эртең эле жашоого алаксып кетесиң. Жашоо ушунусу менен кызык, балам.
– Апа, ансыз жашоо ушунчалык кунарсыз, бир тыйынга татыбай турганын билсең...
Азирет сезимдерине жол бошотту, биринчи жолу апасынын тизесинде ыйлап жатты. Дал ушул маалда аларды Алина угуп турганын, анын да эрксизден жүрөгү мыкчылып жатканын билишкен жок...

ххх

Эшикти ачкан Бегимай алдында турган Алинаны көрүп селт чочуду.
– Салам!
– Салам!
– Кел, үйгө кир.
Курбулар салкын учурашкан соң бирин-бири тиктеп бир топ отурушту. Алина акырын сөз баштады.
– Эсиңдеби, экөөбүз эки күндөн артык көрүшпөй калсак, бири-бирибизди сагынып кетчү элек.
– Же сенин, же менин үйүмө сөзсүз чогуу түнөп, сырдашып чыкчубуз. Менин өмүрүмдөгү жалгыз курбум сен болгонсуң, Алина. Сенчелик мени эч ким түшүнбөйт эле.
– Анан жашообузда Азирет пайда болду. Сен аны Аскаттын экинчи көчүрмөсү катары гана жакшы көрдүң. А мен чыныгы Азиретти сүйдүм. Азирет сени тандады! Ар дайым эркектер сени тандайт. Жүрөгү сени тандаса да, тагдырдын буйругу менен ал менин күйөөм болду. Мен ансыз жашай албайм. Коё бер аны! Кетип кал бул жерден... Күйөөңдү алда, куулук кыл, билбейм, айтор, бул шаардан кет.
– Алина!
– Ал өзүн араң кармап жүрөт. Бирок билем, анын сабыры аз гана убакытка жетет. Сенин уулуң бар, менин кызым бар. Алар атасыз калбасын. Энесиң го акыры, ошол балдардын тагдыры үчүн кет.
– Кайда барам? Эмне, мени алар тууралуу ойлогон жок дейсиңби?- деди шалдыраган Бегимай.
– Күйөөң, угушума караганда, тың жигит көрүнөт. Ааламда силер бата тургандай бурч табылар...
– Алина, эмне деп жатасың? Мен аны ата-энесинен, мекенинен ажыратып, силер үчүн, силердин бактыңар үчүн белгисиздикке жөнөп кетишим керек экен да! Өзүмчүлдүктүн да чеги болор. Силер, сен, күйөөң, деги кимсиңер өзүңөр? Биздин тагдырыбызга киришкендей, кандай өмүр сүрөрүбүздү талап кылгандай кимсиңер?!- деп кыйкырган Бегимай ордунан ыргып турду. Көзүнөн заары төгүлүп, колуна эмне тийсе ыргытып жатты.
– Жетишет! Жетишет мага...
Ушул учурда күйөөсүнүн коңур үнү угулду.
– Бема, болду токтот! Баары жайында...- деди ал токтоо гана. Алина бурулуп, ага тигилди.
– А сиз кабатыр болбоңуз. Бул жерде калбайбыз.
Алина акырын баш ийкеди. Чачылып жаткан буюмдардан акырын аттап өттү да, сыртка чыгып кетти. Ал ошол күнү шаар аралап көпкө басып жүрдү. Өткөнүн, келечегин ойлоду. Өзү Азиретке мындан ары бала тартуулай албасын ойлоп, жүрөгү сыздады. Ошого да кайыл болуп, бир ооз көңүл кирдеткен сөз айтпай жүргөн күйөөсүнө ыраазы болду. «Бир өмүр ажырабайм. Азирет – менин тагдырыма туш келген белек. Мен эч качан ансыз жашай албайм. Баары унутулат. Биз бактылуу болобуз. Бир аз гана чыдап коюшум керек» деп жатты ичинен.

ххх

 Күндөр өтүп жатты. Мурат кайрадан Түркиядагы тааныштары менен сүйлөшүп, ошол жакта иштемей болду. Бир чети карьерасын ойлосо, экинчиден бул шаардан үй-бүлөсүн алып чыгып кеткиси келди. Караманча каршы болгон ата-энесин араң көндүрүп, Мурат өз чечимине бек турду. Келинин каргап-шилеп баштаган апасын бир көз караш менен токтотту да, атасына кайрылды.
– Ата, мен ал жакта бекер 5 жыл коротуп окуп келген жокмун. Силердин маңдайыңарда отурган менен эмне чыгат? Менин келечегим бар...
– Сени 5 жыл бекер окутуптурбуз, жүрөгүң таш болуп, ата-энеңди ойлобой калган турбайсыңбы?!- деди апасы ары жактан көз жашын аарчып.
– Апа, мен биротоло кетип жатканым жок го...
Айтор, карама-каршылыктар болду. Бирок Мурат артка чегине албайт эле...
Азирет көптөн бери почтасын ача элек болчу. Алыстагы досторунан кат келип калбады бекен деп ачканда эле Бегимайдын каты көзүнө урунду. Жүрөгү дүкүлдөп, тез окуй баштады.
«Ардагым, Азирет! Сени менен коштошууга, акыркы жолу кезигүүгө күчүм жетпей койду. Эртең учабыз, билет алып койдук. Акыры кат жазып коштошуудан башка арга таба албадым. Мен сени мүмкүн болбогон жерден жолуктуруп, кайчылаш жолдон кезиктирдим. Мен биринчи жолу өзүмдү да, сени да алдабай, бардык сезимимди жазып жатам. Сени Аскаттын эгизи үчүн эмес, Аскатка окшоштурганым үчүн да эмес, дал өзүңдү сүйдүм. Ооба, дал сени... Кыялы чорт, өзүмчүл, ишенимдүү, кыз жандуу, өкүм Азиретти! Сүйө ала турган, сүйдүрө ала турган сени... Муну башында түшүнгөн эмесмин. Анткени Аскаттан кийин чоң сүйүүгө жолугушум мүмкүн эмес деп ойлочу элем. Бирок андай эмес экен. Мен сени андан миң бир эсе күчтүү сүйдүм. Сени менен кол кармашып басып кеткенге эрким, күчүм деле жетмек. Болгону, Мураттын адамгерчилигин аттап кете албадым. Аны бактысыз кылып, сындырып кетсем, өзүмдү адам деп эсептей албайт элем. Менин күчтүү сүйүүм да адамгерчиликтин арканын аттап өтө албады.
Эч нерсеге өкүнбөйм, жаным. Болгону, өмүр бою жүрөгүмдүн бир бурчунда сен жашайсың. Сенин эмне кылып жатканыңды, кандай абалда, кантип сүйлөп жатканыңды, кантип тамашалап, башыңды кыйшайта көзүңдү кысып койгондоруңду жүрөгүм элжиреп эстейм. Албетте, бактылуу болом! Мурат менен ар бир аял өзүн бактылуу сезсе керек эле. Бирок аялдык бакыт деген башка, сүйүү деген башка нерсе экен. Арийне, сен дагы бактылуусуң. Алина сени жанын берип сүйөт, татынакай кызыңар бар. Менин элесим эскирип барып, бир күнү эсиңден таптакыр жоголоттур. Ага капа эмесмин. Тек, бактылуу болсоң болду. Кана, убада берчи бактылуу болгонго...
Экөөбүз жолугуп жүргөндө ушунчалык бактылуу да, бактысыз да элем. Сен мени мажбурладым деп капа болот чыгарсың. Бирок мен да ошол күндү саат, мүнөт, секунд санап күтүп, сага шашып барчумун. Бирок сезимдеримди билдире албайт элем.  Жүрөгүм өрттөнүп турса да, ошондой болгонго тырыштым. Сен менин бул мамилеме капа элең, ал тургай өзүңдү ушунчалык алсыз сезип кетчүсүң... Ошол күндөрдүн ар бири жүрөгүмдө. Баары бүттү дейбиз, эшиктерди думбалап салып баары бүттү деп басып кетиш жеңил. Бирок мен азыр сага баары бүттү деп айта албайм. Анткени МЕН дагы деле СЕНИН жарымыңды алып баратам. Сен менин ЖАНЫМДАСЫҢ!
Аны эртең менен таттуу уйкудан тургузуп, эркелетип тамак берем, ооруп калса түнү менен жанында болом. Өжөрлөнүп алса, жоругуна мыйыгымдан күлөм.
Менин ааламым сенсиң! Азиретим! Дагы деле сенден жашырып жатам! Дагы деле акмакчылык кылып жатам. Кечир мени! Кош!»

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Bolain
2012-11-12 13:54:23
Бир жума откончо мурдакысын унутуп калчудай экенсин.
0
kunaitan
2012-11-12 15:28:54
Аргасыздан козумо жаш айланды, эх суйуу, суйуу!!!
0
kunaitan
2012-11-12 15:32:00
Тойбой эки жолу окуп чыктым, суйгонуно балалуу болуу кандай гана бакыт болсо керек!ЭХ
0
alisheran
2012-11-12 16:03:51
аааааааааааааааааз жаздынар гоооооооооооооооооооо
0
fanatka19
2012-11-12 17:18:26
журогум ооруп кетти.
0
Aisuluusha
2012-11-12 17:25:57
ооооой,Беманын катын берилип окуп атпадым беле,кааааап...дагы бир жума ээ.
0
saia4ka
2012-11-12 18:20:23
uwul 4ygarmadan kiyin syiyygo ki4ine konyl byryp bawtadym ato maga syiyy joktoi sezil4y
0
Aisi-orhidey
2012-11-12 19:16:31
ar bir jumam dnevniki vampira mn tagdyr oiunun kotu mn oto turgan boldugo
0
Aisi-orhidey
2012-11-12 19:24:31
*kuttu
0
aia-s
2012-11-13 17:30:28
ыйлатат го ыя!
0
koky85
2012-11-14 05:23:21
Ар жума кутуп бир жумадан жададым,же тагдыр 2 оюнун окубай басып кетип калбадым.Жазгылачы кобуроок кысынбай ушуну силерге айтаарым....
0
ibo
2012-11-15 00:59:07
Сценарий жазып кино тартса болчудай.
0
Begimai1
2012-11-15 18:38:29
Ииий журогум ооруп кетти..качан бутот тезирек бутсо экен
0
benka80
2012-11-17 03:52:22
2жолу суйсо болот экен да
0
isanov98
2012-11-18 19:30:40
Кызыктын баары алдыда
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан