ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-ноябрдан 18-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде узак сапарга чыгууңуз күтүлүүдө. Аны менен катар жаңы таанышуулар орун алат. Тааныштарыңыз иш сунуштаса качпаңыз. Бул каржылык абалыңызды жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк болот. Жекшембиде аткарган эмгегиңиздин акыбети кайтып, сыйга татыйсыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күндөрү жакындарыңыз менен пикир келишпестик жаралып, көңүлүңүз өз ордунда болбой кыйналасыз. Ден соолугуңуз кескин начарлап кетүү коркунучу бар. Шаршембиде капчыгыңыз кампаят. Ал эми аптанын соңку күндөрү сабырдуу болсоңуз, чыр-чатактын алдын аласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада такталбаган маалыматка ишенип чечим кабыл алуу катачылыкка алып келери эсиңизде болсун. Башкалардын да чечим кабыл алуусуна аралашпаңыз. Документ иштерин бирөөгө тапшырбай, өзүңүз гана бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Жеке мамиле жаатында түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр орун алат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ойлогон пландарыңызды ишке ашырууга ыңгайлуу апта. Андыктан аракет кылыңыз. Апта ортосунда айрымдар сүйүктүүсүн табуусу мүмкүн. Ошондой эле убактылуу азгырык сезимдер пайда болот. Мындайда үй-бүлөнү биринчи орунга коюу керектигин унутпаңыз. Жекшембиде ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу бар, андыктан сак болуңуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада колуңуздагы мүмкүнчүлүктү баамдай билсеңиз, көптөн күткөн тилегиңиз аткарылат. Шейшембиде эски тааныштарыңыздын бирине кезигесиз. Бейшембиде маанилүү ишти өткөрүп жибербейин десеңиз, айланаңызга көңүл бура жүрүңүз. Аптанын экинчи жарымында пайдасыз нерселерге каражат жумшоодон качыңыз. Болбосо алдыдагы күндөрдө акча маселесинен кыйналып каласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Айрым учурда күтүлбөгөн жагымдуу окуяга туш болсоңуз, айрым күндөрү туура эмес чечимдин артынан катачылык кетирип, өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Андыктан маанилүү чечим кабыл алууда ойлонуп, анан кадам таштоо керек. Алдыдагы максатка жетүү үчүн башкаларга ооз ачпай, өзүңүз аракет кылыңыз. Апта аягында жакын адамыңыз менен таарынышып кетүүңүз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада чоң ишти жалгыз бүтүрүүгө шашылбаңыз. Иштин көзүн билген адамдардын жардамына таянсаңыз, жакшы жыйынтыкка жетишесиз. Шаршембиге жолугушуу белгилебей эле коюңуз, чакырган адамыңыз келбей, убактыңыз текке кетет. Бейшембиде каржылык иштер ийгиликтүү болмокчу. Дем алыш күндөрү ден соолугуңузга кам көрүп, эс алууга убакыт табыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптаны тынч өткөргүңүз келсе, башкалардын маселесин чечүүгө кийлигишпеңиз. Жеке жашооңузда каржылык абалыңызды чыңдоого жакшы сунуш түшөт.Бойдоктор сүйүктүүсүн табышы күтүлүүдө. Жума күнү акча маселесинен улам чыр жаралышы мүмкүн. Дем алыш күндөрү жагымдуу маанайда эс алууну кааласаңыз, жакындарыңыздын кучагында болууга убакыт бөлүңүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичи жаңы таанышуу, жолугушууларга бай. Аптанын башы жашооңуздун багыты жогору карай серпилүү менен башталат. Андыктан алдыга койгон пландарыңызды ишке ашырууга аракет көрүңүз. Шейшембиде акчаңызга сак болуңуз, жоготуп алууңуз мүмкүн. Жума күнү белгиленген ишти соңуна чыгаруу керек. Болбосо маселе жаралышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада чоң маселе жаралышы мүмкүн. Бирок шашылыш чечим кабыл алуунун жана кайгыруунун кажети жок. Убакыттын өтүшү менен маселе өз жолуна түшөт. Шейшемби – чыгармачыл чөйрөдөгүлөр үчүн жемиштүү күн. Шаршембиде пайдалуу сунуш түшөт. Бейшембиде акчалуу болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада көптөн күткөн пайдалуу маалымат, мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз. Колдон чыгарбай пайдаланып калсаңыз, жакшы ийгиликтер менен коштолот. Шаршембиде күмөндүү ишке кол сунбаңыз, зыян тартып каласыз. Бейшембиде бейтааныш адамдар менен кайым айтышуу орун алышы мүмкүн. Апта соңунда күтүүсүз жолугушуу жана жеке жашооңузда өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада бир катар кыйынчылыктарга тушугасыз. Сүйүктүү адамыңыз менен болгон мамиле салкындап кетиши мүмкүн. Бейшембиде керектүү нерсени издеп убара тартасыз. Жума күнү кайгылуу окуяны баштан өткөрөсүз. Жекшембиде алдыдагы планды ишке ашыруу үчүн жакындарыңыздын жардамына таяныңыз. Өз алдыңызча кылган аракетиңизден майнап чыкпай убара болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан