ӨТТӨ ТАШ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Бүгүн өттө таштын эмнеден пайда боло тургандыгы жана аны дарылабаса түбү эмнеге алып келери, дарылоо ыкмалары жана башкалар боюнча сөз кылабыз. Бул туурасында Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Алыбаев Эрнис Урбаевич менен маектешкен элек.

Өт баштыкчасында таш кайдан пайда болот?

– Алгач сөздү өттө таш эмне себептен жана кандайча пайда боло турганынан баштасак...
– Жакшы болот. Таш өт баштыкчасында жана өт жолдорунда пайда болот. Бул оору боюнча баяндоодон мурда өт жана өт суюктугу тууралуу айтуу кажет.
Өт суюктугу боордо иштелип чыгат. Анын канча бир бөлүгү өт баштыкчасында топтолот. Өт баштыкчасы чоюлчаак орган, узундугу – 12-18 сантиметр. Ага 200 миллилитр өт суюктугу батып кетет. Боордо бир күндө 1-1,5 литр өт суюктугу иштелип чыгып, өт баштыкчасына куюлуп, анда 15 эсе коюланат. Эми коюланган суюктук өт баштыкчанын чоң түтүкчөсү аркылуу он эки эли ичегиге куюлуп, андагы тамактагы майларды эритип, организмге сиңирет. Ушундан улам энергия жаралат. Эми оорунун келип чыгуусуна келсек, анын бир нече себептери бар. Алар төмөнкүлөр:
Өт кислотасы менен холестериндин тең салмактуулугунун бузулушу. Өт суюктугунун курамында өт кислотасы жана холестерин бар. Холестерин – боор иштеп чыга турган май. Өт суюктугунда холестерин ашыкча болуп, өт кислотасы жетишпесе, өт баштыкчасында таш пайда боло баштайт. Өт суюктугунда холестериндин ашыкча болушу адам семиргенде, жогорку калориялуу тамак-аштарды, жаныбарлардын майын, кантты, таттууларды көп жегенден келип чыгат.
Арыктоо. Адам арыктоо үчүн катуу диета кармаганда да таш пайда болот. Анткени организм энергия алуу үчүн тери алдындагы май клетка­лар­ды пайдалана баштайт. Мындай кезде ткандардан холестерин көп өлчөмдө чыга баштайт да, кан менен өт баштыкчасына барат. Өт кислотасы анча көп өлчөмдөгү холестеринди эритүүгө жетишпейт да, таш пайда боло баштайт.
Жаш курак. Адам картайганда өт баштыкчасынын иштөөсү төмөндөйт да, анда туруп калган өт суюктугу жабышкак, илешкек тартып, акырындан ташка айлана баштайт.
Тукум куучулук, суунун сапаты жана башка факторлор. Кыргызстандагы суулардын курамындагы туздун көптүгү жана көп жерлерде иче турган суунун таза эместиги өттө ташты пайда кылуучу себептердин бири болуп саналат.

“Таштан улам өт ириңдеп кетет”

– Оору пайда болду дейли, эми оорутуунун белгилери жөнүндө айтсаңыз...
– Өт баштыкчасы боордун алдында жайгашкандыктан, оорутуу алгач оң капталдагы кабырганын түбүндө байкалат. Муюп оорутуудан баштап, чыдатпай курч кармаган түрүнө чейин (приступ) жетет. Сейрек кездешүүчү белгилерине оорутуунун далынын ортосуна, ийинге, кээде жүрөккө да берилиши кирет. Адамдын оозу кургап, оору өтүшүп баратса кусат. Таш өт жолдорун бүтөп калганда тери саргаят (анткени өт суюктугунун өңү сары).
– Оорутуу эмнеден келип чыгат?
– Көбүнчө адам өтө майлуу, куурулган же ачуу тамактарды көп ичкенде өт баштыкчасында пайда болгон таш жылып, өт жолдорун бүтөп калат. Ошондо боордо иштелип чыгылган суюктук агып чыга албай боордун өзүн шишитип, чоңойтуп жиберет. Андан тышкары, акпай туруп калган өт суюктугунда инфекциялар көбөйүп, өт баштыкчасын ириңдетет. Ириңдегенден улам өт баштыкчасы жарылып да кетет. Мындан сырткары, ириңден өттүн, боордун тегерегинде жайгашкан органдар: ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Нерв, кан аркылуу бүт дене ууланат.
Акырындап өт баштыкчасындагы майда таштар түтүкчөлөр аркылуу өт жолдоруна таркап (боордун ичиндеги өт жолуна да кирет), өт суюктугу денеге тээп, тери саргаят.
Эгерде дарылабаса, оору кайталанып жүрүп, акырында рак оорусуна айланып кетиши мүмкүн (3-5 пайыз). Ошондуктан оорунун өтүшүп кетишине жеткирбей операция жасалса жакшы. Операция кеч жасалса, анда запкы тарткан органдардагы оору ошол бойдон кала берет. Мисалы, өттөгү таштын айынан уйку бези, боор ооруга чалдыкса, ал оорулар ошол бойдон кала берет. Андыктан башка органдар запкыга чалдыга электе операция жасатуу – акылдуулук.
– Таштын түрлөрү, өңдөрү кандай болушу мүмкүн?
– Күрөң, сары, ак, жылтыраган жана башка түрлөрү кездешет. Майда кум түрүндөгүсүнөн баштап чоңдугу 7-10 сантиметрге чейинкилери кездешет.

“Операцияны мыкты врач жасабаса, адам майып болуп калат”

– Дарылап айыктыруу жолдору тууралуу айтсаңыз...
– Колдонулуучу негизги ыкма – хиругиялык жол менен өт баштыкчасын алып таштоо. Бул холецистэкомия деп аталат. Таштын майда-чоңуна жана саны бирөө же көп экендигине карабай өт баштыкчасын алып салуу зарыл. Анткени таш пайда болгондон кийин өт баштыкчасы акырындап чирип кетет. Чириген нерсени алып таштабаса, ал инфекциянын булагы болуп тура берет эмеспи. Кум өңдүү майда таштар чоңдоруна караганда коркунучтуу болот. Себеби түтүкчө аркылуу денеге тарап кетиши мүмкүн.
– “Операциясыз эле дары чөптөр менен ташты эритип жиберүүгө мүмкүн” деген чынбы?
– Кытай медицинасына, элдик медицинага, эмчи-домчуларга кайрылгандар көп. Аларга баруу эч кандай натыйжа бербейт. Анткени таштарды чөптөр эритип жибере албайт. Болбосо өнүккөн өлкөлөр, мисалы, Кытай, Япония, Америка, Европа өлкөлөрү операциясыз эле оорукчандарды дарылап айыктыра беришпейт беле?! Ошентип, ооруканага кайрылбагандар өт таштары денеге таркап, оору кабылдап кеткенде келишет.
– Райондун, облустун борборлорунда операция болуп, бирок айыкпай борборго, сиздердин бөлүмгө келгендер көп экендиги тууралуу уктук эле...
– Туура. Анткени операцияны дасыккан адистер гана жасашы керек.
Райондун, облустун борборундагы ооруканалардагы айрым дасыкпаган врачтар операция жасаганда өттүн кан тамырдай майда түтүкчөлөрү кесилип калып жатат. Ушундан улам айыкпай эле майыптыкка чалдыгып калгандар бар. Өлүм коркунучуна чалдыккандар 30-40 пайызга чейин жетет. Көбүнчө мындайлар биздин бөлүмгө Тоң, Жумгал, Жети-Өгүз райондорунан жана Ош облусунан келип жатышат. Бизге келишкенде кайрадан операция жасайбыз. Бирок оорулары тереңдеп кеткендиктен, операция жакшы натыйжа бербей калат. Андыктан операцияны дасыккан мыкты адистерге гана жасатуу жакшы. Ошондо майып болуу коркунучу же өлүмгө кабылуу коркунучу жок болот, адам 2-3 операцияны да башынан өткөрүп кыйналбайт.

“Аппарат менен операция жасалса жакшы”

– Операциянын түрлөрү кандай?
– Учурда 3 түрү бар:
Классикалык түрү. Муну кадимкидей ачып жасоо ыкмасы десек болот.
Лапароскопиялык аппарат менен жасоо түрү. Операциядан кийин адам бат басат, бат калыбына келет. Жаранын тырыгы көп билинбейт. Бирок мындай аппарат өлкөбүздө биздин гана бөлүмдө бар экендигин айта кетейин.
Мини-лапаротомиялык түрү. Бул деле аппарат менен жасалат. Операция болчу жер 5-6 сантиметр эле кесилет.
Сиздердин бөлүм дагы кандай ооруларды айыктырууга ыңгай­лашкан?
– Биздин бөлүм ички органдардын бардык ооруларын хирургиялык жол менен дарылап айыктырууга ың­гай­лашкан. Геморрой, альвеококкоз, боордун циррозу, эхинококкоз, ички органдардын рагы, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы жана башка ооруларды айыктырабыз. Ички органдарына бычак же ок жеп келгендер да биздин бөлүмдө операция болуп, сакайып кетишет.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңиз­дерге ийгилик!

Байланыш телефондору: (0312) 54-14-34 (0545) 96-70-07

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nargis
2018-02-15 22:33:09
Операциядан кийин кандай тамак аш жеш керек жана канча убакта озуно келет, операциядан кийин оорутуу болобу ошол жонундо маалымат алып берсениздер
+1
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан