БАЛДАРДЫН ЖЫЛМАЮУСУ МУҢАЙЫМ ЭМЕС, ШАҢДУУ БОЛСО ЭКЕН...

Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылынын «Жылмаюу» балдар бакчасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат. Ал бала бакчага барганымда балдар мени тегеректеп,бир кереметти күткөндөй  тигилишти.

«Бала бакчада 10 жаштагы балам тарбияланып келет, өзүм да бул мекеме уюшулгандан тарта иштейм» деген сөзүнөн улам бакчанын тарбиячысы БАКТЫГҮЛ ЭГЕМБЕРДИЕВАГА кайрылдык.

– Бул жерде иштеп калууңузга балаңыз себеп болсо керек...
– Жолдошум экөөбүз 10 жыл мурун эгиз балалуу болдук. Бирок төрөлгөндө эле жаракат алгандыктан, эгиздин бири 10 жашка чыгып, эми араң жөрмөлөй баштады. Ал эми экинчисинин талмасы бар. Ага карабастан, мектепте 3-класста окуп жатат. Жолдошум чет мамлекеттерге чыгып, каражат топтоп үй-бүлө үчүн жан үрөп иштөөдө. Мен болсо эки бала менен алек элем. Бул бакча ачылганы бир топ кыйынчылыктан кутулуп, жумушта да иштеп, балдарымды да багып жатам.

– Бала бакча кимдин демилгеси менен уюшулган?
– Германиялык Улиман Катрин деген айым биздин айылга турмушка чыккан эле. Ал айымдын да бир баласы оорукчан. Ошол демилге көтөрүп, мындан 6 жыл мурун ушул бала бакчаны ачканбыз. Айыл өкмөтү бизге жардам иретинде ижарасыз, бекер имарат бөлүп берген. Мүмкүнчүлүгү чектелген десе эле башка балдардан бөлүп-жаруунун кажети жок. Кенже топто 13 балага, орто топто 16, жогорку топто 9 балага орун бар. Андан көп ала албайбыз. Себеби тамак иче албаган, кийимин кийип-чече албаган балдар бар. Чет өлкөлөрдөн өз ыктыяры менен келип, акысыз эле балдар менен иштешип кеткен дарыгерлер да жок эмес. Бала бакчанын дагы бир өзгөчөлүгү – мезгил тандабай, жайы-кышы иштейт. Кышкысын атайын мешке отун-көмүр жагып имаратты жылытабыз.

Мындан улам турмуштун оор запкысына кабылган жаш өспүрүмдөр менен баарлашууну туура көрүп, музыка бөлмөсүндөгү балдарга жолуктук. Алардын маңдайы жарык, кучагында түркүн оюнчуктар. Бөбөктөрдүн ичинен суурулуп чыккан Аймончок колубуздагы диктофонго кызыгып, «бул эмне, муну эмне кылат?» деп үңүлүп калды. Анан «атам Орусияда иштейт. Мен 9 жаштамын. Бул жердеги оюнчуктардын ичинен эшекти жакшы көрөм. Бул эжекенин сүйгөнү бар» деп сөөмөйүн жаңсап тарбиячысын көрсөтүп, бизге жылмаюу тартуулады. Ал эми өзүн Алымбек деп тааныштырган кичинекей балакай «алты жаштамын. Бийлегенди абдан жакшы көрөм. Карасаңыз, Атай Өмүрзаковдой болуп бийлей алам» деп өз өнөрүн көрсөткөнгө ашыкты. Балдар менен сүйлөшүп жатканыбызда четте турган волонтёр Кони Шуллер «мен Швейцарияда мугалим болуп иштейм. Бул бала бакчада волонтёр болуп иштегениме 4 ай болду. Балдар менен иштөө абдан кызыктуу. Эми мындан ары жыл сайын келип, балдарга колуман келген жардамымды аябайм» деген оюн билдирди.Аты жакшы «Жылмаюу» бала бакчасындагылар сакайып, капалуулар азаяр деген ойдобуз. Балдардын жылмаюусу муңайым эмес, дайыма шаңдуу болсун деген тилекте кайттык.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zuleyka
2012-11-13 12:38:42
aman bolup baktyluu bolgula Kudayim silerdi koldosun!
0
rozaida
2012-11-13 15:33:32
Мени дайым кубандырган нерсе бул дуйнодо боорукер адамдардын коптугу, дуйнону кармап турган боорукерлик, кайрымдуулук. Мамлекетен жардам жок болсо да боорукер адамдар оз колуу менен уйуштургандары жакшы екен. Чын дилимден балакайлардын сакайып кетишин Алладан тилек кылам.
-1
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан