КӨЛЧҮКТӨГҮ СУУДАН ИЧИП, ООРУ КӨБӨЙДҮ

Редакциянын аймактык бө­лү­мүнө Чет-Булак кварталынын жашоочулары кайрылышты. Себеби алар жашаган конушта таза суу жана электр энергиясы жок экен. Жашагандарына 3 жыл болсо да, таза суу жана жарык менен камсыздандырылган эмес. Бул маселелерди чечүү максатында шаардык мэрияга бир канча жолу арызданышкан. Бирок андан эч кандай майнап чыкпагандыктан, бизге кайрылышыптыр.
Учурда тургундар Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылына таза суу кетүүчү түтүктүн тешилип калган жерлеринен чыккан суудан ичишет. Ал сууну көргөн адам «ичүүгө мүмкүн эмес» деп ойлойт. Бирок тургундар айласыз ушул суу менен жан багып келишүүдө. Бул конуштун жашоочулары өздөрүнүн абалдарын төмөнкүчө айтып беришти:

БУРМАГҮЛ, Чет-Булак кварталынын жашоочусу:
– Бул конушка келгенибизге 3 жыл болду. Жашаган үйүбүздү курганда да сууну сатып алып ылай жасаганбыз, азыр деле суу келбеди. Минтип үйүбүздү тургуздук деп сүйүнсөк, ичкенге суу жок, караң­гылыкта жашап келе жатабыз. Ушул көйгөйлөрдү жоюу максатында үс­түбүздөгү жылдын март айында шаардын мэрине кайрылганбыз. Ал бизди кабыл алып, бир айдан кийин электр энергиясын бөлүп берүүчү каражат коюлуп, жарык берилерин айткан эле. Андан бери 7 ай өттү, эч кандай жарык келген жок.

АВАЗКАН, Чет-Булак кварталынын тургуну:
– Чет-Булактын басымдуу бөлү­гүн жаштар түзөт. Шаардын жаштары ушул жерлерге бөлүнүп чыгышкан. Бул конуш какыраган жер эле, аны элге бөлүп бергенден кийин да жашылданбай койду. Агын суунун жоктугунан эч кандай бак-дарактар отургузулбай, бозоруп, чаңы чыгып кургап жатат. Ал эми күнүмдүк колдонууга көлчүктөн суу алабыз, ал да Чек айылына суу кетүүчү түтүктүн тешигинен чыгып, көлчүк болот. Ал жер таза болбогондуктан, колдонгон суубузда ар кандай бактериялар болушу мүмкүн. Балдарыбыздын денелерине ар кандай жаралар чыгып, тез-тез оорушканы буга далил. Ошол булганыч суу да белгилүү бир убакыт ичинде гана чыгат. Тийиштүү органдарга кайрылсак, алар «5000 сомдон берсеңер чыгарып беребиз жана айына ар бир башка 150 сомдон төлөйсүңөр» дешкен. Ал нерсеге биздин шартыбыз жок болгондуктан, суу чыгарылбай келет. Электр энергиясын бөлүп берүүчү каражат жок, андыктан коңшу жерлерден өзүбүз тартып келип жатабыз.

Бул жагдайды уккандан ки­йин биз шаардык мэриянын кеңсесине барып, Баткен шаарынын мэри Сайдакмат Эрматовго жолуктук. Ал бул көйгөй боюнча өз оюн айтты:
– Чет-Булак конушу жаңы конуштардын бири болуп саналат. Ал жерде таза суу жана электр энергиясы жок экендиги чындык. Биздин шаарда мындай конуштар көп жана алардын ар кандай көйгөйлөрү бар. Ал эми аталган конуш жөнүндө айта турган болсок, мен ал жердин жашоочулары менен сүйлөшкөм. Электр энергиясын бөлүп берүүчү каражатты орнотуп берүүгө сөз бергем. Ал аз убакыт ичинде коюлат. Таза сууга келе турган болсок, мен эч кандай сөз берген эмесмин, себеби биз мамлекеттик бюджеттен каржыланбайбыз, суу чыгарып берүүгө каражат жетпейт. Мага кайрылып келишкенде баарын түшүндүргөм, «силер өзүңөр суу түтүгүн алуу үчүн акча топтосоңор, мен кран, жер казуучу унааларды алып барып чыгартып берем» деп айткам. Бирок ушул күнгө чейин «мынча акча топтодук, калганын кошуп чыгырып бересиздерби?..» деп эч ким келген жок. Бул нерсе алардын «баарын мамлекет жасап бериш керек» деген түшүнүктө экенин билдирет. Эгер жашоочулар жардам бербесе, биз таза суу менен камсыз кыла албайбыз. Электр энергиясы менен жакында толук камсыз кылабыз.
Ошентип, шаардын мэри көй­гөйлөрдүн «баарын чечип салам» деп айтпаса да, «электр энергиясын чечип берем» деп ынандырды. Дагы бир жакшы саамалык, Баткен шаарынын мэри Сайдакмат Эрматов 2013-жылга «АРИС» тарабынан Баткен шаарына таза суу чыгаруу үчүн 45 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Буюрса, кийинки жылга Баткен шаары толук түрдө таза суу менен камсыздалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
meka
2012-11-12 11:40:02
Каражатыбыз жок дебей өзүлөрү аракет кылышы керек, бардык эле жаны конуштарда үймө-үй акча чогултулуп, суу чыгарылып, жарык берилет. Өкмөт кылып бериш керек деген туура эмес, өзүңөр дагы кошумча кошушуңар керек. Башка конуштарда керек болсо 20 минден чыгарганын билем, суу чыгаруу үчүн.
0
Chiko.kg
2012-11-12 13:17:19
Ииийййй акыбал айабай оор сууну коруп алып айабай жаман болот экенсин колчуктуу жаман жаман баатырак таза суу чыгышын кааалайм и озунор да аракет кылышынар керек туугандар Токтогулдук экениме мин мертебе ырааазыы болуп кетттим.
0
tt8888
2012-11-12 17:16:12
даа жаны конуштарда оздору акча чогултуп жатышат го коп жерде
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан