– Май айы аяктап, кезектеги айлык отчёт башталган. Жумушта бир кесиптешим ооруп калгандыктан, анын да отчётун бүтүрүп берүүнү суранган эле. «Тийиштүү бөлүм менен байланышып, такташтырып алгын» деп бөлүм башчысынын телефон номерин, аты-жөнүн айтты. Кыялбектин өзүн көрбөсөм да, ал тууралуу көп уккам. Курбулар арасында көп сөз болчу. Отчётту бүтүрүп, тактоо үчүн Кыял байкеге чалдым. Тилекке каршы, жолуга албадым, жумуштарым телефон аркылуу эле бүттү.
Арадан бир жумадай убакыт өттү, адаттагыдай жумушта отургам. Сырттан эки жигит кирип калышты. Алардын бирөөсүнүн жүзү мага тааныш эле. Кандайча дейсизби? Анткени машинасынын номери окшош сандар болгондуктан, көчөлөрдөн көп көрүп калчумун. Айдоочусу тууралуу эч нерсе билбейм, жадакалса атын да. Менин көңүлүмдү өзүнө бурган жүзү жылуу жигит болду. Жүрөгүмдү жылуулук кантип, качан аралаганын өзүм да сезбей калдым. Ал адам тууралуу бир нерсени билүүнүн да зарылчылыгы жок эле, анткени анын жан дүйнөсү мага дайын болчу. Мен Кыял менен ушинтип тааныштым.
Башында жумуш аркылуу сүйлөшсөк, бара-бара мамиле түзүлө баштады. Бош убакыт болгондо жолугуп, телефондо көп сүйлөшөбүз. Ортобуз жакын болуп кетти. Анын мага болгон аяр мамилеси, ишенимдүү көздөрү, жөнөкөйлүгү, жумшак мүнөзү ансайын мени өзүнө тартып жатты. Кыялдын мени таң калтырган өзгөчөлүгү – дайыма шайыр жүргөндүгү жана СМС жазгандан тажабагандыгы. Анын ар бир жазган СМСи кадимкидей күч берет. Маанайым көтөрүлө түшөт.
Бири-бирибизге жакын болуп, СМС аркылуу ынак сүйлөшүп жүргөн күндөрдө жумушунан эки жумага алыска кетти. Ал келгенче жеке жумуштарым менен мен да бир жумага Ошко кеттим. Үч жумадай көрүшпөй калдык. Сагынганын айтып «эртерээк кел» деп кайра-кайра СМС жөнөтөт. «Алыста жүрүп үйдү, жумушумду сагындым, бирок сизди андан да катуу сагындым» дейм мен. Ашык болгон адамың ушинтип айтып жатса, кантип жүрөгүң жылыбайт, ансыз да сүйгөн жаның андан артык сүйө баштайт экенсиң. Ушундай бакытка жолукканыма Жаратканга миң мертебе ыраазы болом. Көздөрүм кубанычтан жайнайт. Анын да көздөрүнөн кубаныч жана сүйүү көрүнүп турду...
Азыр арадан беш ай өттү, акыркы эки айдан бери анын менден алыстаганын сезип жүргөнүм менен, моюнга алгым келбейт. Жакын да эмеспиз, алыстап да кетпеди. «Жумуштары көп болуп жаткандыр» деген сыяктуу ойлор менен өзүмдү алаксытканга аракет кылам. Акылым менен баарын туюп турсам да, жүрөгүм баш ийип ынангысы келбейт. Ойлорума жооп таба албай жан дүйнөм тыбырчылап, өзүмдү коёрго жай таппай калам. Анча-мынчаны тоготпогон жаным Кыялдын алдында өзүмдү алсыз сезем.
Бир күнү анын досу, менин кесиптешим экөөбүз тамактанып отурганбыз. Ал Кыял экөөбүздүн ортобуздагы мамилени билбей туруп, телефондо Кыялдын үйлөнүү тою тууралуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп калды. Бирөө башымдан ылдый муздак суу куйгандай, бүт денем чыйрыгып, кубарып отуруп калдым. Көзүмдөн жаш токтобой ага берди. Канчалык аракет кылбайын, өзүмдү токтото албайм. Ишенип да, ишенбей да ыйлай бердим.
Кечинде Кыял менен жолугуп, болгон окуяны айттым. Адатымча ыйлап алгам. Көрсө, анын баары досторунун ортосундагы тамаша экен. А балким, чындыр? Мени аяганынан тамаша деп койгондур. Айтор, оор абалдамын. Эч бир жанга сыр билгизбегеним менен, жан дүйнөм тынч албай, жылуулукту да, суукту да сезбей, жөн гана дем алып жашап жаткандаймын. Күн сайын эрте туруп Жараткандан тагдырымдын Кыял менен бирге болуусун тилейм. Жараткандын ырайымы насип этип, кайрадан жүрөгүмдү жылуулук аралаарына ишенем.
Мээрим
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg