АКМАТЖАН КАРИМБЕРДИЕВ, уста: «БЕШИК ЖАСОО – МЕН ҮЧҮН СЫЙМЫК»

Базарды аралап жүрүп, бешик саткан сатуучуларга көзүм түштү. Кызыгуум артып, сатуучулардан бешикти кайдан алып келишерин сурасам, көбү башка жактан келерин айтышты. Бир гана жайда Акматжан Каримбердиев деген уста өз колу менен бешик жасап сатарын билдим.
Ал кишини базардан кезиктире албаган соң уста жашаган Сузак районуна жол тартып, аны үйүнөн таптым. Үйүн табуу кыйынчылык жараткан жок. Себеби Акматжан устаны баары «Акматжан бешикчи» деп таанышат экен. Сураштырып таап барсам, бешикчи кызуу иш үстүндө экен, илгиртпей кепке тарттым.

– Саламатсызбы, бешик тууралуу билсем дедим эле. Кантип, эмнеден жасайсыз?
– Саламатчылык. Бешик талдан жасалат. Андан тышкары аны жаңгак дарагынан жана арчадан жасаса болот. Азыр биздеги бар каражаттардан гана жасап жатабыз. Жазга маал кошуналардан, айыл элинен тал сатып алып коёбуз. Жазында талдын бутактарын алып койбосо, ал ийилчээктигин жоготушу мүмкүн. Жазында алынып коюлган талдарды жыл бою керектейбиз. Аны алгандан кийин талдарды короомо тирегичтерге тиреп коём. Ошол жерде кургатуу мезгили жүрөт. 2-3 айда кургап, даяр материал болуп калат. Андан соң кургаган даракты бешиктин өз өлчөмүнө ылайыкталган формада, узундукта кыркабыз. Бешиктин эки башындагы ийилген жыгачты «сара» деп аташат. Бешиктин тетиктерин ийүүдө талды кайнак сууга салып алуу керек. Кайнак сууда 5 мүнөт кармап турган соң тал ийилчээк болуп калат. Андан көп кармалса, ал ийилбей калат. Аны кайрадан канча кайнатсаң да ийүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан 5 мүнөттөн ашык кармабаш керек. Аны ийип, формага келтиребиз. Калган тетиктерин станоктун жардамы менен кыркып, ийге салабыз. Станок, кээде атайын аспаптар менен бешикти формасына келтирүүгө болот. Андан соң бешиктин тетиктери өз-өзүнчө бөлүнүп, даяр болот.

– Бешикти кооздоо ишин ким жасайт?
– Үй-бүлөм менен чогуу ушул ишти аркалап келем. 4 балам бар, улуу балам да менин жолумду жолдоп, бешик жасашып иштеп келе жатат. Уулум экөөбүз бешикти тургузуу менен алек болсок, кооздоо милдети жубайымдын мойнунда. Кызым, келиним, кичүү уулум, баары жардам беришет, бизде баары эле уста (күлүп). Сырдоо, боёо, гүл түшүрүү иштери менен бешик 2 күндө даяр болот.

– Канчадан бери устачылык менен алектенип келе жатасыз?
– Жашымдан жыгачтан ар кандай нерселерди жасоого шыктуу болчумун. Бешик жасоого 80-жылдары өттүм. Буюрса, быйыл 32 жыл болду. Мен биринчи жасаган бешикте чоңойгон балдар кайра менден өз балдарына бешик алып жатышат. Убакыт өтө берет экен да, ушул устачылык менен өмүр кечирип келе жатам.

– Бешиктен башка дагы эмнелерди жасайсыздар?
– Негизинен бешик эле жасайбыз. Бирок элдин талабы менен чай иче турган үстөлдөрдү, ун элей турган элек, айтор, баарын эле жасап беребиз. Жаш балдар үчүн атайын атка минүүгө үйрө­түүчү тосмолорду жасап беребиз.

– Бир талдан канча бешик жасоого болот?
– Эгер талдын жоондугу орточо, тагыраак айтканда, диаметри 15-20 сантиметр болсо, анда ал талдан бир бешик жасаса болот. Сарамжалдуулук менен иштегенге аракет кылабыз. Артып калган жыгачтан кичинекей бешиктерди жасап коёбуз. Аны балдар ойнойт деп ата-энелер кубанып алып кетишет. Андан калганы деле зыян эмес, отун болот. Үй-бүлөбүз менен бир күндө 2-3 бешик жасай алабыз, базарга күнүнө 2-3 бешикти сатууга коёбуз.

– Бешик сиздин мээнетиңизди, кеткен каражатты актап жатабы анан?
– Ушул убакка чейин бешик жасап сатып, үй-бүлөмдү багып келе жатам. Бешик – ыйык нерсе. Аны жасоо – мен үчүн сыймык.

– Шакиртиңиз жок эместир анда?
– Айылдагы көп балдар мага шакирт болушту. Менден өнөр үй­рө­нүп, Москвада уста болуп жү­рүшөт. Бир кезде айылдагы 9-10 бала менин үйүмдө жатып, бешик жасаганды үйрөнгөн күндөрү болгон.

– Колуңузга береке.
– Рахмат, силерге да.

 

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rozaida
2012-11-13 15:53:39
Кызыгып окууп ойлонуп кетим, онор бакан оз кенчин табат деген туура кеп. Сиздин ишинизге ийгилик каалайм, ден соолугунуз бекем болсун, наристелерге кам коргонунуз жакшылыктын башаты.
+1
kuba1985
2012-11-13 18:39:55
колунуз менен тен карыныз. эн жакшы кесип
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан