Ош мамлекеттик университети 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Студенттер күнүнө карата Жаштык жумалыгын өткөрөт. ОшМУнун ректораты менен тарбия департаменти биргеликте 10-ноябрдан баштап 17-ноябрга чейинки бир топ иш-чараларды өткөрүүнү пландашты. Бул күндөрү профессордук-окутуучулук курам студенттерге арнап «Окутуучулар обон созгондо» аттуу факультеттер аралык сынак өткөрүшөт. Жаштык жумалыгынын биринчи күнүндө студенттерге ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендиялары тапшырылып, «Эң мыкты студент», «Эң мыкты тайпа», «Эң мыкты төрагаларына» сыйлыктар тапшырылат. Мындан сырткары факультеттер аралык футбол таймашы, поэзия, бий кечелери жана «ОшМУнун стилдүү студенти-2012» сынагы өткөрүлөт.
Жаштык жумалыгынын максатын ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замир Божонов төмөндөгүчө түшүндүрдү: «Мындай кечелер студенттердин жан дүйнөсүн ойготуп, окууга болгон кызыгуусун арттырат. Биздин мугалимдер эле эмес, ректор да студенттердин майрамы менен куттуктап, жандуу ырдап берет. Бул деген университетте студент, окутуучу же ректор деп бөлүнбөй, баарыбыз бирдей көз карашта экенибиздин далили»,- дейт.