Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларына жана кызматкерлерине турак жай куруу үчүн төлөө наркы жеңилдетилген шартта жер тилкелери берилди. Ош шаарынын четиндеги Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл округуна караштуу жерден 146 үй-бүлөгө 5 сотыхтан жер бөлүндү.
Жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшыруу аземинде ОшМУнун ректору Каныбек Исаков: «ОшМУнун кызматкерлерине берилип жаткан жер ОшМУ айылы болуп калсын. Бүгүн жаңы конуштуу болуп жаткан кызматкерлерибизге ошол жер ак жолтой конуш болсун. Тезирээк үйлүү да болгула. ОшМУда кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүүгө чоң көңүл бурулуп жатат. Жаш үй-бүлөлөрдү турак жай, жер тилкелери менен камсыздоо улантылат»,- деди.