Ош шаардык ИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 135 миң сомдук алтын буюм уурдаган Кара-Суу районунун Г. аттуу тургуну кармалган. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, кармалган кыз орто билимдүү. Апасы каза болуп, атасы башка аялга үйлөнгөндөн кийин бир туугандарын багуу Г. аттуу кыздын милдети эле.
Ош шаарындагы бир үй-бүлөгө бала багуучу болуп кирип, үй ээси жок мезгилде жалпы суммасы 135 миң сомдук баалуу зер буюмдарын уурдап кеткен. Алардын жарымын сатууга жетишкен. Коркконгобу же буюмдарды батыраак жок кылууну көздөгөнбү, 10 000 сомдук буюмдарды 1000 сомго сатып жибергенин айткан. Учурда тергөө жүрүп жатат.