Ош облустук ИИБинин кызматкерлери менен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат катчысы билдирди. 2012-жылдын 27-октябрында болжол менен саат 18:30дар чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов атындагы айылдык округунун тургуну, 1978-жылы туулган Сарвар Юсупов Наган үлгүсүндөгү тапанча жана 5 даана огу менен кармалды. Бул жаран «Өзбекстан ислам» кыймылынын мүчөсү катары Дагестан, Чеченстан жана Ооганстанда согуштук даярдыктан өткөнү билинди. Ал террордук уюмдун ишмердүүлүгүн Кыргызстандын аймагында улантууга аракет кылгандыгы үчүн камакка алынды.