БУУДАЙ ТАЗАЛООЧУ АППАРАТ ЖАСАГАН АЗАМАТ

Жайы бою эмгегин жерге берген айыл тургундары күркүрөгөн күздө таман акы, маңдай теринин үзүрүн көрүп жаткан учуру. Буга тегирменчи Азамат Айдаралиев мырза да күбө десек болот. Анткени ал өзү жасаган буудай тазалоочу техникасы жана тегирмени менен айыл тургундарына даяр ун чыгарып, эл кызматында. Каарманыбыз бул аппаратты кантип жасаган? Анын өзгөчөлүгү эмнеде, өзүнөн сурап көрөлү.

Элден тегирменчи Азамат тууралуу угарыбыз менен ал жашаган Нарын районунун Орто-Саз айылына сапар тарттык. Айдоочуга бара жаткан максатыбызды түшүндүргөндө эле ал каарманыбызды таанырын айтып, үйүнө чейин жеткирип койду. Жолду катар таксидегилер да «Орто-Саз жана Кара-Чий айылдарын ун менен камсыз кылган жалгыз Азамат. Комбайндан түшүрүп, кургатып алып эле ага алып барабыз. Ал үчүн атайын кезекке турабыз» деп тегирменчи тууралуу жакшы кептерди айтышты. Арасындагы бирөө Азаматтын теңтушу экен. Ал каарманыбыздын үйү жагын жаңсап, «кой оозунан чөп албаган жоош жигит. Бир да кишиге жамандыгы жок. Аны баары тааныйт. Ишине так, айтканын жасап, эч ким менен иши жок, өз жумушун кылып жүрө берет. Теңтуштар тамашалап, «немис» деп коёбуз» деп кошумчалап өттү.
Тегирменчинин үйүнө киргенибизде бизди жылуу тосуп алды. Иш үстүндө жүргөн окшойт, бети-башы, кийимдери аппак ун. Короосу мүшөк-мүшөк буудайга, унга толо. Бул көрүнүштөн токчулуктун илеби келип турду.

– Азамат, корооңуз мүшөк-мүшөк буудайга, унга толо экен. Мунун баары сиздикиби?
– Айыл элиники, кезекте тургандардыкы.

– Сиз тууралуу «колго аппарат жасап, эки айылды даяр ун менен камсыз кылат» деп уктук эле. Элдин баарын кызыктырган кандай аппарат болду экен?
– Жүргүлө, көрсөтөйүн... (иш ордуна ээрчитип барды)

– Муну өзүңүз ойлоп таптыңызбы?
– Мындай техниканы мен би­рөөдөн көргөм. Анан үйгө келип керектүү тетиктерди, мотор, элек кылганга торчолорду, тактай, темирлерди чогултуп, кураштыра баштадым. Бул аппарат бим деп аталат. Төрт электен турат. Мында буудай тазаланат. Бир саатта 70 килограммдык мүшөктөн алтоону тазалайт. Иштетүү технологиясы оңой эле. Биринчи элекке түшкөн буудайдан сапырганда чыкчу чар бөлүнөт. Андан кийинкисинен таза чар иргелип чыгат. Ал эми үчүнчүсүнөн болсо буудайдын майда, сапатсыз акшагы бөлүнөт. Төртүнчү электен топурак, таш, чөптөрдүн уруктары иргелип чыгып, аягында таптаза буудай калат. Тазаланган буудайды үйлөрүнө алып барып, жууп, ным боюнча кайра алып келишет. Анан мен тегирмениме салып, даяр ун чыгарып берем. Негизи, чабылган буудайды жок дегенде 6 ай сактап, анан тегирменге салган оң. Антпесе алынган ун сапатсыз болуп, калориялуулугун жоготот.

– Минтип элге кызмат кылганыңызга канча болду?
– Бул ишти 24 жашымда баштагам. Алгач 2007-жылы тегирмен салгам. Бир жылдан кийин бимди курадым. Ошондон бери элдин шартына карап кызмат кылып келем. Учурда буудайдын бир мүшөгүн 10 сомдон тазалайм. Тегирмендин акысы өзүнчө төлөнөт. Айрымдары тегирмендин акысына кала таштап кетишет.

Карапайым элге тоодой эмгек жаратып жаткан жөнөкөй жигиттин апасы Калиман энени да сөзгө тарттык.
– Азамат – балдарымдын эң кичүүсү. Үйдө экөөбүз эле турабыз. Таң аткандан баштап эле эшикке чыгат да, ошол боюнча кечке короодо өз иштери менен алек болуп жүрө берет. Коңшу айылда жашаган кызым келип, үй тиричилигине каралашып кетет. Казан-аякка деле алым келбей калды. Тилимди угуп, эртерээк колукту алып, мени неберелүү кылса болот эле. Балам менен теңдердин кичинекейлерин жетелеп жүргөндөрүн көрүп, мен дагы неберелүү болсом деп кыялданып калам...

Каарманыбыздын ишине ийгилик каалап, коштошуп чыктык.

 

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
rozaida
2012-11-12 22:17:56
Азамат ийгилик каалайм, кичи ишкананыз бир кунуу чон завод болушуна тилектешмин!
0
PePsI
2012-11-14 01:21:25
канакей ушинтип олтуруп кичинекей кыргызтаныбыз онугуп осуп кетсе эхх
0
Aygul
2012-11-15 13:30:18
Молодец.
0
Joke82
2012-11-19 00:57:58
ишинизге игилик каалайм молодец
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан