«КИРОВ СУУ САКТАГЫЧЫ ЖАРЫЛСА, 15 АЙЫЛ СУУ АЛДЫНДА КАЛАТ»

Жакында мөңгүлөрдөн суу көп топтолуп, Киров суу сактагычы жарылуу коркунучунда калса, анда бул тууралуу кабарды элге жеткизүүчү эч кандай байланыш каражаты жок экенин билдим. Кудай сактасын, бирок кырсык күтүлсө, миңдеген эл коркунучтан маалымат жок, суу алдында кала береби? Жооп издеп КРнын ӨКМнин Талас облустук башкармалыгына баш багып, калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Марс Бейшекеевге суроолорду жаадырдык.

– Кокус Кара-Буура районунун аймагында жайгашкан Киров суу сактагычы жарылса, суу төмөн көздөй каптаары белгилүү. Мындай болгондо канча элдүү пункт коркунучта калат?
– Суу сактагычтын төмөн жагында жайгашкан Манас районунун 15 айыл-кыштагы, Казакстандын Тараз шаары жана анын чеке-белиндеги аймак суу алдында калат. Тагыраак айтканда, Манас районунун 15 айыл-кыштагындагы 25 291 адам үй-жайы, короо-сарайлары менен суу алдында калат. Мындан тышкары 79 чакырым унаа жолду, 138 чакырым байланыш линиясын, 202 100 чарчы чакырым айдоо жерди суу басып калат.

– Ошондо суу канча метр бийиктикте басып калышы мүмкүн?
– Киров (Чоң-Капка деп да аталат) суу сактагычындагы суу эң көп топтолгондо өлчөмү 550 миллион метр3га жетет. Кокус ушундай толуп турган кезинде жарылуу болсо, терактпы же башкаданбы, анда үйлөрдүн морлору да көрүнбөй калат. Казакстандын Тараз шаарын жана чеке-белин суу болжол менен 3 метр деңгээлде басат.

– Суу жогоруда аталган аймактарга канча убакытта жетип, капташы мүмкүн?
– 10 мүнөттө жетип, каптай тургандыгы анык.

– Менин билишимче, суу сактагыч коркунучта калганда элге бул тууралуу кабарды жеткизүүчү электр сиреналары айылдарда жок экен.
– Ооба, жана айтылган 15 айылдын биринде да электр сиреналары жок. Бул боюнча биз канча жылдан бери керектүү жерлерге айтып, коңгуроо кагып келебиз. Бардыгы келип бюджеттен каражат бөлүнбөй жаткандыгынан болууда. Бул биздин эң талуу жерибизге тие турган, жүрөк өйүткөн маселе. Бул тууралуу басма сөздөргө да бир ирет кабарлап, керектүү жерлерге кайрадан жеткизели деп турганда келгениңер ырас болду. Электр сиреналары биздин өлкөдө чыгарылбайт, биздин билишибизче, Орусия, Украинада жана башка мамлекеттерде чыгарылат. Каражат бөлүнсө, чет элден алып келинип, Манас районунун 15 айылына орнотулат эле. Бул эле эмес, Казакстандын Тараз шаарына да орнотулушу (албетте, Казакстан өзү жабдышы керек дечи) зарыл. Негизи, Киров суу сактагычында атайын аппарат орнотулуп, ал аппаратка айыл-кыштактардагы электр сиреналары туташышы керек эле. Башкача айтканда, атайын систем иштеши зарыл болчу. Бирок, тилекке каршы, бул жок.

– Теракт болбосун деңизчи, бирок суу сактагычтын эскирип баратканын эл сөз кылып, жарылып кетүү коркунучу бар экендигин айтышууда. Буга кандай дейсиз?
– Суу сактагычтын канчалык бекемдиги Сибирь гидрология илимий-изилдөө институту тарабынан 1987-2000-жылдары атайын изилденген. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында плотинанын бетондору нормадан 2 эсе бышык экендигин аныкташкан. Демек, азыркы күндө эскирди деген коркунуч жок. Башкы коркунуч жана айтып өткөндөй, кокус теракт же башка бир кырсыктын келип чыгуу коркунучу күтүлсө, элге кабар бергенге электр сиреналарынын жоктугу.

– Маегиңизге рахмат!

КИРОВ СУУ САКТАГЫЧЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ:
Жайгашкан орду –
Манас жана Кара-Буура райондорунун чектешкен жеринде, Чоң-Капка капчыгайында
Курулган жылы –
1965-жылы курула баштап, 1975-жылы аяктаган
Узундугу –
22 чакырым
Туурасы –
4 чакырым
Жалпы аянты –
39 чарчы чакырым
Сыйымдуулугу – 550 миллион м
3
Талас дарыясынын суусун тосуудан улам жаралган. 55 миң гектар жер сугарылат. Тагыраак айтканда, Манас районунун жана Казакстандын жерлерин сугарууда колдонулат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aidinaernur
2012-11-13 12:53:28
Кудай сактасын элим бемаал кырсыктардан алыс болсун
0
nuraku
2012-11-13 14:03:46
узундугу 22 эмес 12(км) чакырым
0
admin_MiranA
2012-11-13 14:47:41
nuraku, ӨКМнын берген маалыматында суу сактагычтын узундугу 22 чакырым деп берилген. Макала ошол маалыматка таянып жазылган.
0
stan.kg
2012-11-13 23:01:46
Мындай кырсыктардан Кудай озу сактасын! Бирок Кудай дагы сактанганды сактайм дейт экен. Ошондуктан кырсык болгончо алдын алганга эмне жетсин?! Чындыгында бул суу сактагычтын Кыргызстанга дээрлик пайдасынан зыяны коп. Канча гектар жерди жон гана суу басып жатат. Ал сууну кышы менен Казактар учун сактап беребиз андан башка пайдасы жок. Бирок бул суу сактагыч 2010-жылы таможняны ачуу максатында Казакстанды коркутуу максатында да колдонулган.
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан