ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер көп.

«АКЫРКЫ ЖОЛУ 2006-ЖЫЛЫ КӨРҮШКӨНБҮЗ»
– Саламатсыздарбы, «Супер инфо» гезитинин жалпы жамааты? Мен 2004-жылга чейин БГУда чогуу окуган Дамира Элчиева аттуу 1985-жылы туулган баткендик курбу кызымды издейм. Ал 2004-жылы башка окуу жайга которулуп кеткен эле. Акыркы жолу 2006-жылы көрүшкөнбүз, ошол боюнча дайыны жок. Дамира, эгер окуп калсаң, төмөнкү дарекке кат жазууңду суранам.

Наргиза.
nargiza120684@mail.ru

«АТАЛАШ БИР ТУУГАНЫМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
– 1992-жылы Ош шаарында туулган Чыңгыз Салайдинов аттуу аталаш инимди издейм. Апасы Өзгөндөн болот, аты Гүлнара. Чыңгызды кичинекейинде апасы экөө кеткен боюнча көргөн жокмун. Бир жыл мурун мен Москвада жүргөндө атама келип, эки айча жүрүп, паспорт алып кеткенин атамдан уккам. Быйыл кокусунан атам каза болуп, Чыңгызга кабар берели деп дарегин билбей жатабыз. Анын үстүнө мен инимди аябай көргүм келет, катташсамбы дейм. Тааныган, билген адамдар болсо, менин дарегиме билдирип коюшуңуздарды суранам.

т.: 79036142914.
ekoshieva@mail.ru

«ДОСУМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Аты-жөнүм Абдукаримов Эрлан. Сиздерге 2007-жылы Кой-Таштагы аскердик бөлүмдө бирге кызмат өтөгөн Коргонбаев Арзымат аттуу досумду издеп кайрылып отурам. Арзымат досум, эгер менин билдирүүмдү окуп калсаң, телефон чал!

+79879135710.
erlan110587@mail.ru

«НАРГИЗА, КАЙТЫП КЕЛ!..»
– 1993-жылы төрөлгөн Алтынбек кызы Наргизаны издейбиз. Ал 2011-жылдын 20-апрелинде Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынан Нарынга келип, дайынсыз жоголгон. Ал жөнүндө билгендер же кайсы бир жерден көргөндөр болсо, 0773 422703 номерине билдирип коюшуңуздарды суранабыз! Наргиза, сени ата-энең, туугандарың, жолдошуң, кайын журтуң издеп кыйналды. Сенден сураныч, дайыныңды эле билдирип кой.

Ата-энең

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Ruslanbek040410
2012-11-12 20:30:07
баткендик емес Баткендик деп чон тамга м–н жазылбайбы.
+1
bekbolot-NOOKAT
2012-11-14 14:34:28
Урматтуу Супер-Инфо!-мен да сиздерден сурайын дегем ,Бишкектен Эрматов Арстан зам прокурор болуп иштеген Ноокатта,1969-жылы туулган 1 уул 1 кызы бар Уулун аты Амантур кызын аты Мееримай аларды сагындым аябай мумкун болсо номерин алып бергилечи РАХМАТ!!мумкун болсо Газетанар кийинки санына чыгарып коесунарбы?89260707827 ушул менин номерим Бекболот Ноокаттан ))!!!
0
Diamond09
2013-07-27 15:39:25
-Аты-жонум Садыкова Жийдегул. Мен жакын падрушкам досум Нурнулду издеп жатам Нургул срочна мага чалчы 89655114028
0
Diamond09
2013-07-27 18:33:03
-Аты-жонум Садыкова Жийдегул. Мен жакын падрушкам Нургулду издеп жатам Нургул срочна мага чалчы 89655114028
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан