Чоро Думанаев, КРнын Эл артисти:«20 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАТАКАНАДА КҮН КЕЧИРИП КЕЛЕМ»

Кыргыз Эл артисти, театрда 40 жылдан бери иштеп келген сахна чебери Чоро Думанаевдин эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланбай келе жатканы өкүндүрөт. Чоро ага сыяктуу зор таланттардын жашоосуна кызыкдар болуп, ал-абалын сураган пенде аз. Маек учурунда кыргыздын залкарларын эстеп көзгө жаш алдырган эскерүүлөрүн, жеке жашоосун айтып актёр капаланып алды.

«ЗАЛКАР АДАМДАРГА ЧАЙ КУЮП БЕРИП ЧОҢОЙДУМ»
Нарын облусунун Миң-Булак деген кооз, чоң айылында 1952-жылы төрөлгөм. Ата-энем колхоздо иштешчү. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз: эки уул, эки кыз. Мени 10 жашымда эле агам, Кыргыз Эл артисти Асанкул Осмонов колуна алып, ошол агамдын тарбиясы менен өстүм. Бала кезде театрдын короосун айланып эле ойноп жүрчүбүз. Агам чыгармачыл адам болгондуктан, ошол кездеги залкар адамдар үйдөн үзүлчү эмес. Аларга чай куюп берип жүрүп чоңойдум.
10 жашымда «Космонавт» деген тасмага тартылып дебют жасагам. Жанагы «Атамдын тагдыры» тасмасында «ата, сүйүнчү!» деп чуркап келген жаш балдардын арасында мен да бармын. Ошондо бүт өмүрүмдү киного арнаарымды билбесем керек эле. Андан кийин не бир кыргыз фильмдерине тартылбадым. Тартылганда да жалаң залкар актёрлор менен бир тасмада ойногон бактылуу адам экенмин. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов кыргыздын кандай таланттары эле?! Ошолор менен иштешип калганыма сүйүнөм.

«АРТИСТ БОЛОМ ДЕП ОКУУМДУ ТАШТАП КОЙГОМ»
8-классты бүткөндөн кийин агам мени курулуш техникумуна тапшыртып койгон эле. Мен артист болорумду агама айтпай, окуумду таштап койгонмун. Ошентип көчөдө бекерчиликте жүрсөм, Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасына жигиттерди издеп жүрүптүр, анда эпизоддук ролду ойноп калдым. Кино бүткөндө агам «эми эмне кыласың?» деп абдан жериген. Кудай жалгап, Төлөмүш Океев «Отко таазимди» тартып калып, анда да эпизоддук ролду аткардым. Ал кино бүткөндөн кийин агам «эми эмне кыласың?» деп кайра баштады. Анда да Кудай колдоп, Геннадий Базаровдун «Көчө» фильминде алгачкы башкы ролумду жараттым. Кинолорго тартылып жүрүп Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда окуп калдым. Ошондо актёр болорума көзү жетти окшойт, «эми эмне кыласың?» деп айтпай калды.

«20 ЖЫЛДАН БЕРИ ҮЙ АЛУУНУН КЕЗЕГИНДЕ ТУРАМ»
Биринчи никемден эки, экинчи никемден бир уулум бар. Ажал экен, бир уулум чырактай кезинде бул дүйнө менен кош айтышып, мени күйүткө салып кете берди. Мен үчүн тирүүдөй эле, бирок жанымда жок. Ата-эне үчүн баладан айрылуудан өткөн оор сыноо жок экен.
Өмүрүмдүн 40 жылын мамлекетке кызмат кылууга арнап, азыркыга чейин кызмат кылып келсем да, ушул убакка чейин мага үй бөлүнүп бериле элек. Барбаган гезиттерим, кайрылбаган чиновник калбады. Адам деле тажайт экен. СССР кезинде Чыгыш-5 кичи районунан жатакана тибиндеги бир бөлмөлүү батир беришкен болчу, азыр ошол батирде үй-бүлөм менен күн кечирип келем. Бутум болсо оорулуу, күндө массаж алам. Мен жашаган жатаканада кыргыздын таланттуу инсандары жашашат. Милиция, медицина кызматкерлерине үй курулат экен, маданият кызматкерлерине эч нерсе жок. 20 жылдан бери 6-номурда кезекте турам, бирок дегеле кезек жетпейт.

«БИЗ ТАРТЫЛГАН ТАСМАЛАРДЫН МАҢЫЗЫ ТЕРЕҢ БОЛЧУ»
Ар бир мезгилдин өз көрөрмандары болот экен. Азыркылар тарткан кинолор мен үчүн түшүнүксүз. Каякты туурап, эмнени айткысы келип жатат, такыр түшүнбөйсүң. Баягы эле уруш-атыш, мушташ, секс.
Биздин убактагы кинолор баарына түшүнүктүү, тарбиялык мааниси терең болчу эле. Кино адамдын аң-сезимине таасирин тийгизчү каражат да. Азыркыларда жарытарлык тема жок. Тарбия бермек түгүл, тескерисинче, жаштардын аң-сезимин бузуп жатат. Эч ким китеп бетин карабайт.
Бая күнү Бишкекте казактардын кино жумалыгы болбодубу. Ошондо Казак Эл артисти Асанали Ашимов деген актёр келиптир. Экөөбүз сейилдеп жүрүп, ал мага бир кызык окуя айтып берди. «Казакстанда бир мектепке барып калсам, кол тамга алабыз деп чуркап келип калышты. Мен «тээтиги жолдо Мухтар Ауэзов кетип баратат, чуркагыла, барып кол тамга сурагыла» десем, чуркап кетишти. Ичимден аябай кейидим, азыркы жаштардын деңгээлине»,- деди ал. Мен деле эртең бир мектепке барып «Чыңгыз Айтматов ким болгон?» деп сурап, окуучу билбей отурса, таң калбайм деле. Анткени биздин деңгээлибиз ошол нерсеге жетип калды.

«БОЛОТ БЕЙШЕНАЛИЕВ – КАЙНАТАМ»
Учурдагы жубайым Аиданын апасына Болот Бейшеналиев кийин үйлөнгөн. Уулум Нурболот төрөлгөндө Бокем төрөт үйүнөн алып келип, туздуу сууга өзү жуунткан. Жарыктык аябай баласаак эле, «жок, баарын өзүм кылам» деп бизди жолотпой, уулумду баса калып карачу. Кийин жумушка орношкондо да Нурболотту жетелеп алып театрга барып жүрдү. Нурболот быйыл 11-классты бүтүп жатат.
Жогоруда айтпадымбы, залкарлар менен иштешип калдым деп. Сүймөнкул Чокморов да жашоодо тамашакөй, комузда, домбрада, балалайкада мыкты ойногон жан эле. Көбүнчө тартуу иштери тоо-ташта болгондуктан, Сүймөнкул ага сүрөт тартчу каражаттарын көтөрүп алып, ыңгайлуу кооз жерлерди издеп жүрө берчү. Анан ойлонуп отуруп, менден да «кайсы жерди тартсам?» деп сурай берчү. Жашмын да, оюма эмне келсе, ошону айтып, «тарта бер да, жаратылыш койнунда турабыз, мына тоо, мына суу, бардык сүрөтчүлөр ушундай пейзажды тартышат» десем, үшкүрүнүп башын чайкап койчу. Көрсө, ал мени сынап жатыптыр да, жөн гана жаратылышка болгон көркөмдүк көз карашымды билгиси келген экен.

«АК КЕМЕДЕ» МОМУН ЧАЛДЫ ОРОЗКУЛ ТААРЫНТЫП АЛЫП...»
Ак кеме» тасмасында мен Кулубектин ролун ойногонмун. Ошондогу бир окуя эч эсимден кетпейт. Жанагы Орозкул Момун чалды чапканда «айбан экенсиң!» деп айтат эмеспи. Ошол жеринде бир топко чейин ролго кире алышпай кыйналышкан. Анан Шамшиевдин жини келип, «катуу, катуу эле тий да ары!» деп кыйкырганда Орозкул абышкага барып бир тийет,ал ызаланып «айбан экенсиң!» деп туруп басып кетет. Момун чалдын ролундагы Асанкул менен эртеси Орозбек Кутманалиев саламдашса, таарынып карабай коюптур. Ортого Сабира эжени салып, ал жашаган боз үйгө барып козу союп жатып араң таарынычын жазган элек. «Эмне, Шамшиев өлтүр десе өлтүрөсүңбү?!» деп кыйкырганын унутпайм. Кулубек Орозкулду тепкен эпизод бар, ошондо да мен аны катуу тээп койгон экенмин Орозбек мага таарынып, араӊ жазгам.

ТАРТЫЛГАН ТАСМАЛАРЫ:
«Ак илбирстин тукуму», «Ак кеме», «Каныбек», «Отко таазим», «Кызыл алма», «Көчө», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Чиркин өмүр», «Президент жана бомж» жана башка.

Лунара Бекиева
Ташболот Досалиев
(Айрым сүрөттөр актёрдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
КРнын Эл артисти Чоро Думанаев: "20 жылдан бери жатаканада жашап келем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Maxatbek
2012-11-12 12:31:38
"Кочо"фильмин канча корсом да жадабайм.Сизге таазим!
+1
Elnurasam
2012-11-12 16:24:09
Колдо бар алтындын баркы жок.....
+1
zboobekova
2012-11-13 12:37:27
Чоро сен кыргыз киносунун тарыхысын!Кудайым сага ден -соолук берсин ,калганы дагы болуп калаар .Мен сени менен сыймыктанам ,сен ойногон рольдорду кайра -кайра коргум келет Зикинтай.
0
altinim
2012-11-18 16:44:49
кочо киносуну коргондон тажабайм укмуш кино айылымды эске салат
0
izada
2012-11-19 20:51:15
Азаматсыз Чоро. Эл сиздин эмгегинизди жакшы билет.
0
Juma1303
2012-11-21 15:34:26
сизди сыйлайм сиз кыргыз киносунун тарыхысыз чиркин омурду уй булобуз менен калтырбай корчубуз
0
Juma1303
2012-11-21 15:35:18
сизди сыйлайм сиз кыргыз киносунун тарыхысыз чиркин омурду уй булобуз менен калтырбай корчубуз
0
Aibike7
2016-03-29 16:33:15
Актер агайга КГ ГРУПП курулуш компаниясы 18-март 1 болмолуу батирди белек кылды. Бул курулуш компания кайрымдуулук иш чараларды абдан коп жургузот. Азаматсынар!
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан