«ТАЯТАМДЫ ӨЛТҮРҮП, МЕНИ ЗОРДУКТАГАН АТАМДАН КУТУЛДУМ»

Атасы эки жылдан бери зордуктап жүргөн Турсунай (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү): «Азыр жашоомдо кайсы багытка карай жол алышымды да билбей турам. Мен элдин оюн билгим келет, мага айтар кеңештери болсо уккум келет. Мындан аркы жашоом кандай болот деп ыйлайт.

«ТАЯТАМДЫ АТАМ ӨЗ КОЛУ МЕНЕН ӨЛТҮРӨТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»
Ушул жылдын 26-октябрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Хаджир-Абад айылынын тургуну Турсунай (аты өзгөртүлдү) милицияга арыз менен кайрылган. Арызында өз атасы аны зордуктап жүргөнүн айткан. Уккан адамдын үрөйүн учурчу бул окуя жалпы коомчулукка желдей тарады. Эл арасында түрдүү кептер айтылып, ата-баланын бул жоругун ар ким ар кандай кабылдап жатты. Окуя чындыгында кандай болгонун билүү үчүн жабырлануучу – Турсунай менен маектештик.
«Арыз жазардан мурун аябай ойлондум. «Эл эмне дейт, менин тагдырым мындан кийин кандай болот?» деп бир чечимге келе албай жүрдүм. Акыры атамдын менин тагдырыма балта чаап, намысымды тепсеп жүргөнүнө чыдай албасымды түшүнүп, атамдын үстүнөн арыз жазууну чечтим. Элдин сөзүнөн чочулап, уятымды ойлоп ушуга чейин жетпедимби!»- деп сөз баштаган Турсунай өмүр бою өчпөс так болуп калган күндөрү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, мен экинчисимин. Менден улуу эжем 2-топтогу майып, жакшы сүйлөй албайт. Эки иним бар, бири 17 жашта болсо, эң кичүүбүз 8-класста окуйт. Мен эс тарткандан бери үй-бүлөдө тынч жашаган күнүбүз аз эле болду. Атам мурунтан эле аракка жакын. Күндө мас болуп келип жаңжал чыгарып, апамды сабачу. Кээде кыпындай нерсени шылтоолоп, апама кошо бизди да сабачу. Апам бизди ээрчитип алып талаада ар кимдин жеринде жалданма жумушчу болуп иштеп акча тапчу.
Апам таятамды биздин үйгө алып келгени үчүн да көп токмок жеген. Таенем каза болгондон кийин таятамды өгөй балдары карабай коюшкан. Апам жалгыз кызы болгондуктан, үйгө алып келген. Апама таятамдын мүлкүнөн бөлүп акча жана бир Тико беришкен. Ал Тикону атам минип жүрүп, өзбекстандык бир кишиге сатып жибериптир. Чоң атам да таятама «сен менин уулумдун тапканын жеп жатасың, балдарын араң багып жатса, уялбайсыңбы?!» деп жүрдү. Чынында, таятам биз менен талаага чыгып эгин эгишип, чаап, жыйнашып жүрчү. Пенсиясын алганда бизге кийим алып берип, көчөгө чыкса да үйгө таттууларды көтөрүп келчү. Ал эми атам ушул убакка чейин бизге эч нерсе сатып берген эмес. Ал тургай Орусияда иштеп келгенде да эч нерсе алып келген жок.
Таятам бир күнү жоголуп кетти. Аны Өзбекстандагы туугандарына кеткен окшойт деп ойлогонбуз. Ал жоголгондон көп өтпөй атам Орусияга иштегени кетти. Мен ушул күнгө чейин таятамды атам өз колу менен өлтүрүп койгон деп ойлобоптурмун. Анысы кийин билинбедиби.

«ИЧИҢДЕГИ КУРТТАР ӨЛӨТ, ИЧЕСИҢ!»
– 2010-жылы сентябрда апам каза болуп калды. Рак оорусуна чалдыккан экен, кайда барып дарыланса да айыкпады. Апам каза болгондо атам келе алган жок, кыркына жакындаганда келди. Ошентип, биз үчүн кайрадан уруш-жаңжалы көп жашоо башталды. Менден улуу эжем майып болгондуктан, бир туугандарымдын ишенери мен элем. Атам арак ичип келген күнү бизди да таң атканча уктатпайт. Катар тизип отургузуп алып сүйлөй берет, сүйлөй берет... Айтканын кылбасак, бизди сабайт.
Бир жолу арак алып келип, бир туугандарымдын көзүнчө мени «арак ичесиң» деп кыйнай баштады. «Ичиңдеги курттар өлөт, ич» деп коркутту. Мен коркконумдан 5-6 чыны арак ичип жибергенимди билем, андан кийинкиси эсимде жок. Эртең менен ойгонсом, бардык жерим ооруп калыптыр, ошондо намысымды атам булгап койгонун билдим. Аябай уялдым, асынып өлүп алгым келди. Бирок менден улуу майып эжем, инилеримди ойлоп, санааркадым. Ошол окуядан кийин атам мени каалаган маалда колдонууга өттү. Бир жумада 2-3 жолу зордуктачу. Кээде «сенин багыңды берсин, кызым» дечү. «Кайсы бети менен айтып жатат?!» деп аны жек көрчүмүн. Мага жуучу түшүп келгендерге да «кызым жаш» деп бербей койгон.

«ЭҢ БАКТЫЛУУ КҮНДӨРҮМ ДЕП АПАМ ТИРҮҮ КЕЗДИ АЙТАМ»
– Досторум да жок жашоодо. Мектепте окуп жүргөндө эле кыздар-балдарга кошула алчу эмесмин. Ала оорусу менен ооругандыктан, колдорумдан оорунун белгилери көрүнүп турчу. Менден жийиркенишчү беле, билбейм, айтор, мени кошушчу эмес. Алардын башкача бир көз карашы билинип турар эле. Эң бактылуу күндөрүм деп апам тирүү кезди айтар элем. Апам тирүү кезинде атам жок болсо деп кыялданчумун. Апам каза болгондон кийин кыйналып кеттик. Бир жарым гектар үлүш жерибиз, азыноолак малыбыз бар болчу. Атам эч нерсе кылчу эмес, биздин тапканыбызга ичип жүрө берчү. Ал Орусиядан келгенден кийин айылдагы бирөөлөр менен мушташып, 1-2 жолу милицияга түшүп калган. Анда да үйдөгү малдарды сатып кутулган.
Мен милицияга арыз жазгандан кийин атамды кармаганы барышса, мас болуп жатыптыр. Кармап келишкенде мен милиция бөлүмүндө болчумун, үнүн угуп титиреп кеттим. «Мени көрбөй эле койсунчу» дей бериптирмин. Беттештирүү маалында да атам мени жутуп жиберчүдөй карай берди...

«ПАХТА ТЕРИП ЖАН БАГАБЫЗ»
– Бир туугандарым үчүн азыр апасындай болуп калдым десем болот. Кээде мага эркелеп калат инилерим, мен да эркелетип коём. Өкүнбөйм, атамдан, зордукчул жашоодон кутулганыма кубанам. Эл билгенден кийин мага көз караштары башкача болуп калгандай. Кээ бир туугандарыбыз «туура эмес кылдың, баары бир ал сенин атаң болчу» дешсе, «мындай атанын барынан жогу» деп мени жооткоткондору да бар.
Эми, буюрса, кыштан чыгып алсак, жаз келери менен күрүч (шалы) эгебиз. Андан сырткары пахта эгип иштесек, буюрса, кыйналбайбыз деген үмүттөмүн. Азыр 17 жаштагы иним шалы иштетүүчү жайда иштейт, анын тапканын тамак-ашыбызга жеткирип жатабыз.

«АТАСЫ КЫЗЫН ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨНДҮГҮ ТАСТЫКТАЛДЫ»
Бул кылмыш иши боюнча азыр тергөө жүрүп жатат. Базар-Коргон РИИБинин тергөөчүсү Мунар Турдумбетов төмөнкүлөрдү билдирди:
– 26-октябрда Базар-Коргон районунун Сейдукум айыл өкмөтүнө караштуу Хаджир-Абад айылынын тургуну, 1992-жылы туулган Т.М. арыз менен кайрылып, өз атасы – 1959-жылы туулган М.К. 2010-жылдын октябрь айынан бери зордуктап жүргөндүгүн билдирген. Арыздын негизинде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала териштирүүдө атасы зордуктап жүргөнү тастыкталды. Кылмыш жасаган учурда анын акыл-эси жайында болгон-болбогондугун тастыктоо иштери да жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары анын эки жыл мурун кайнатасы Г.Шны өлтүргөндүгү да билинип, күнөөсүн мойнуна алды.
Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) жана 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. М.Кны камоо чечими чыгып, ал азыр Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү.

Мына, окурман, бул окуя уккан адамдын эсин эки кылат. Өз атасы кызынын келечегине кам көрбөй, бактысын түп-тамыры менен балталап салганына наалат айткың келет. Кызынын көз жашын көлдөткөн атага мыйзам өзү тиешелүү жазасын берет деп ишенели.

Психологдун кеңеши
«ЖЕР КОТОРУП КЕТСЕҢ ЖАКШЫ БОЛМОК»

Каарманыбыздын суроосуна «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет:

– «Элдин оозунда элек жок» деген сөз бар эмеспи. «Туура эмес кылдың» деп жаткандарга көңүл бурбай эле кой. Бул сенин күнөөң же айыбың болбошу керек. Сен, болгону, өзүңдү коргоп жатасың жана эң туура чечим кабыл алыптырсың. Эгер колуңдан келсе, жер которуп кетсең жакшы болмок. Жаңы жер, жаңы тааныш, жаңы иш менен алектенүү сен үчүн пайдалуу болот. Бул нерседен чочулабай эле койсоң болот. Сөзсүз адиске көзмө-көз жолугуп, андан кеңеш алууң керек.

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Таятамды өлтүрүп, мени зордуктаган атамдан кутулдум"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (95)
A_l_i_b_e_k
2012-11-17 23:38:39
Сен эми келечегин ойло. Баары алдыда!
+1
Eliza2012
2012-11-18 00:17:23
унутканга аракет кылыш керек кочуп кетсен элдин созу тили жаман адам баласынын жакшысы жаманы бар айбанчылыкты кылган адам экен сен ини эжелерин менен аман болгула.
0
K.Janko92
2012-11-18 12:46:40
Эхх. . . Эмне дешти да билбейт экенсин, баардыгынарга кошулам. АМАН БОЛ!
0
timudjin01
2012-11-18 13:35:47
наказание это лучшее профилактика преступлений. Необходимо внести изменение об ужесточении наказания в Уголовный кодекс в частности в статье 129 (износилование). такие как принудительное кострация и показать в средствах массовой информации о некоторых лицах которым применено данная мера, чтобы впредь остальные делать какие либо принудительные действия сексуального характера задумался тем местом что притупляет его разум...
0
zhyky
2012-11-18 22:34:16
ее сартко булар кыргызда болбойт мындай
0
Akinaton
2012-11-19 02:50:04
Kyrgyzby,ozbekpi Allahtyn astynda baarybyz tenbiz,Kyrgyz je ozbek bolup torolup kalganybyzga biz kunoolu emespiz da,Torolsok ele kyrgyz je ozbek bolup kalyptyrbyz ,zakaz menen ulut tandap torolup algansyp suiloisunor da.Musulman musulmanga bir tuugan.
0
akrosa
2012-11-19 06:06:57
Akinaton,бир тууган деп жакшы айттын туугандарын ошто кыздарды олтурбогондо эч ким жаман корбойтлего жыланач кылып асып койдуго интернетте геноцид болуп калабердинго бирок даагыделе жакшы корот экенсин эч нерсе дей албайм
0
admin_MiranA
2012-11-19 11:12:27
A_l_i_b_e_k, Биздин сайтта маданиятсыз сөздөрдү жазууга жол берилбейт!
Эмоцияларыңызды тизгиндегенди үйрөнүп келиңиз, 4 айга бан!
0
admin_MiranA
2012-11-19 11:26:16
Meliana, кырсык, жаманчылык адамдардын улутуна, динине карап келбейт. Мындай нерсенин алдында баарыбыз тегизбиз. Ал эми гезит кайсы улуттун окуясы болбосун аны объективдүү чагылдырып, элди маалымдоого милдеттүү. Башка улуттун көйгөйү бизге маанисиз болбошу керек.
0
admin_MiranA
2012-11-19 11:28:39
Meliana, ошондой эле, колдонуучу тарабынан башкалардын динине же улутуна тиешелүү басынткан, гезиттин ишмердүүлүгүн талкуулаган билдирүүлөргө жол берилбейт. Эреже окуп келиңиз, 15 күнгө бан!
0
isamurai
2012-11-26 06:35:52
1 каналдан смс аркылуу акча жыйноо керек Ата энеси жок, 3 бир тууганы бар албетте жардам керек.Ошондой проектерди кобойтуп колдобосо даж непредставляю.
0
benka80
2012-12-02 13:50:48
ата эркелетип кызым дегендин оордуна эстесем жийиркенип атам келечек алдыда азыр кыйналсан бара бара жакшы болот ошондой эле болбой баратса толтура го кочодогу кыздар иий аттин соз жок да
0
ales
2012-12-02 16:36:17
Мындай ата ата эмес зөөкүр. Аялзатын зордуктаган эркектерди атууга кетириш керек.
1)Аялзаттын психологисына канчаалык деңгээлде терс таасирин берет. (стресс,дипрессия)
2)Келечеги,тагдыры үй-бүлө маселеси.
3)Ден-соолугу
0
ales
2012-12-02 16:38:16
Мына ушуларды эске алып туруп ушуга окшош кылмыштарга өлүм жазасы берилиш керек деп ойлойм.
0
admin_media
2012-12-03 12:30:37
ABDISHkg87, Сайтта адепсиз, уят, бирөөнүн абийирине, кадыр - баркына терс таасирин тийгизген билдирүүлөргө жол берилбейт! 50 күнгө бан!
0
kubanych92
2013-06-04 19:57:05
Андай атанын барынан жок болгону жакшы аны атыш керек оной эле эмес акырындап кыйнап олтуруу керекко!
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан