ЧҮЙ ӨРӨӨНҮН КАПТАГАН «ӨЧПӨС ОТ»

Бишкек шаарынын түндүк тарабында шаардык таштанды таштоочу жай бар. Ар дайым түтөп, сасык жыты жел менен жакын арадагы жаңы конуштарды каптап турат. Ошондуктанбы, жергиликтүү тургундар ал жерди «өчпөс от» деп атап алышкан. Дал ушул түтүн жана сасык жыт жакын жердеги жашоочулардын ден соолугуна зыян келтирип, жаратылышты булгап жаткандыгын айтып, арызданган окурмандарыбыз да жок эмес. Биз да ошол «таштандылар тоосуна» сапар алдык.

ТАШТАНДЫДАГЫ КӨР ТИРИЛИК
«Таштанды тоого» жете бергенибизде эле бизди күзөтчүлөр тосуп алышты. Аларга таштандыга «уурулук» кылганы келбегенибизди айтсак, «уруксаты жок сүрөткө тартууга болбойт» дешти. Эмне себептен келгенибизди билген соң гана таштандыны сүрөткө тартууга уруксат беришти. Кире беришинде тараза турат экен, бизди тараза эмне себептен коюлганы кызыктырды. Таразада иштеген Аман Кожогулов тараза 60 тоннага чейин жүк көтөрөрүн, күнүнө канча тонна таштанды кирип жатканын билүү үчүн орнотулганын айтты. Ал эми күн сайын канча оор жүк ташуучу унаа таштанды төгөрүн сыр кылып, айткысы келбеди.
Андан соң биз таштанды төгүлгөн жайдын ичине кирдик. Чынын айтсам, согуштан кийинки майдан талаасынын элеси көз алдыма тартылды. Ар кайсы жерден өрт чыгып жатат. Айлананы каңырсыган сасык жыт каптап, түтүндөн жолдун аркы бетиндеги тамдар үзүл-кесил көрүнөт. Ар кайсы жерде кап көтөргөн аялдар, жаш балдар жүрүшөт. Жакшылап карасак, алар желим бөтөлкө, темир-тезек чогултуп жүрүшүптүр. Беш-алты жерде жепирейген үй сыяктуу болуп курулган бир нерселер турат. Алгач кимдир бирөөлөр жашайт экен деп ойлогонбуз. Жакын барып карасак, алар ошол жерде иштегендердин «офистери» өңдөндү. Ичинде күзгү, саат, төшөк, кийим илгич, стол сыяктуу ар кандай буюмдар турат. Кечке иштеп, түштө бул жерге келип чүпүрөктөрдү жагып чай кайнатып ичип, кааласа жатып эс алышат экен. Андан ары жолубузду улаганга мүмкүн болбой калды. Тамактарыбыз ыштан ачышып чыккандыктан, артка кайттык.

«4700 СОМ МАЯНА АЛАБЫЗ»

Кайра кире беришине кайтып келип, ал жерде иштеген Бишкек шаардык «Тазалык» ЖЧКсынын кызматкерлерин кепке тарттык. Марат Топчубеков аттуу кызматкер бизге бул маалыматтарды берип өттү:

– Бул жерде 21 кызматкер бар. Көбүнчө суткалап иштөөгө туура келет. Айлык акыбыз 4700 сомду түзөт. Анан дем алыш күндөрү, түнкүсүн иштегендерибизди кошуп, аягында 8000 сом болот. Болбосо андан аз. Күнү-түнү таштанды келип түшөт, көбүнчө түнкүсүн иш күчөйт. Себеби базарлардан унаалар күндүз элдин көбүнөн таштанды алып чыга албайт. Болжол менен суткасына 300гө жакын унаа таштанды төгөт. Ал эми түтүн Союз учурунан бери эле, 1969-жылдары таштанды ачылса, 1978-жылдан бери түтөп, өчпөйт. ӨКМнын кызматкерлери да келип өчүрө албай коюшкан.


 

«ТҮТҮН ЧЫКПАСА, ЖАРЫЛУУ БОЛОТ»
Кепке механик Койчубай Чекиров аралашты:
– Түтүн кышында эле бир аз өчөт. Эгер таштанды төккөндө үстүнөн кум, топурак менен көмүп турса гана түтүн бир аз басаңдашы мүмкүн. Бирок анткенге бизде каражат жетишпейт. Муну эл күйгүзбөйт, өзү күйүп турат. Себеби алдында ар түрдүү газдар кайнап турат да. Эгер түтүн сыртка чыкпаса, жарылуу болушу мүмкүн. Италияда, Казакстанда буга чейин таштанды таштоочу жайларда жарылуу болгон. 2007-жылы өкмөттүн демилгеси менен чет элдик компаниялар келип, 6 жерге газды тышка чыгаруучу атайын түтүк орнотуп кетишкен.


Ооба, баары келип каражатка такалат экен. Демек, бул жерди башка жакка көчүрүүгө же таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга азырынча алыбыз келбейт. Ал эми «таштанды тоодогу» «өчпөс оттон» чыккан түтүн бүтүндөй Чүй өрөөнүнүн абасын булгай бермекчи. Минтип отурсак жакын арада таштанды төгүлгөн аймактын сасык жыты жана түтүнү борборубузга чейин каптап, таштанды калаага айланышы толук мүмкүн...

Асхат Субанбеков
Ташболот Досалиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан