Күз келип, суук кыр көрсөтө баштады. Мына ушул учурда көпчүлүк адамдар суукка урунуп, ооруп калышат. Мунун себеби ден соолугубузга кам көрүүнүн жөнөкөй эрежелерин сактабагандыктан экени талашсыз. Андыктан биз маани бербеген жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди эсибизге түйүп алалы.
СУУККА УРУНУП КАЛБАЙЫН ДЕСЕҢИЗ...
1.Иммунитетти жакшыртуучу калориялуу, витаминдүү тамак-аштарды колдонуу керек. Эт, сүт азыктары, жашылча, мөмө-жемиштер. Булардан сырткары сарымсак, пияз, калемпир кечки тамактануунун менюсуна кошулганы жакшы.
2.Суюктукту көп ичүү зарыл. Суу, шире, шербеттер. Ошондой эле малина, ромашка, карагат жалбырактарынын кайнак сууга чыланган тундурмасына лимон, бал кошуп ичүү сунушталат.
3.Бети-колду бат-баттан жууп, мурундун ичин тазалап туруу керек. Кечкисин душка чайкануу же ваннага түшүү туура. Сырттан аябай үшүп келсеңиз, ысык ваннага түшүп, дароо төшөккө жаткан оң. Кышкысын күнүгө болбосо да аптасына бир жолу мончого барып бууга отуруу да жакшы.
4.Ысыктан дароо суук жайга чыгууга болбойт жана желге туруудан сак болуңуз.
5.Жылуу кийим. Сулуулуктан жылуулук маанилүү экендигин эстен чыгарбаңыз.
6.Эртең менен башты жуугандан кийин сөзсүз кургатуу талап кылынат. Эң жакшысы, эртең менен жуубай эле койгон дурус.
7.Көбүрөөк уктаганга аракет кылыңыз. Уктап жатканда организм эс алып, иммунитеттин жакшырышына шарт түзүлөт.
8.Көпчүлүк эл топтолгон жайларда атайын медициналык бет капты кийип жүрсө, сасык тумоодон коргонууга жардамы тиет. Эреже катары бир бет капты 2 сааттан ашык тагынууга болбойт.
9.Жылуу кийинип таза абада 2-3 саат сейилдөөгө убакыт бөлүү керек. Бул организмдин кычкылтек менен толук кандуу камсыз болушун шарттайт.
10.Бөлмө температурасы 20 градустан жогорулабаганы жакшы. Ошондой эле бөлмөнү маал-маалы менен желдетип, чаңдарды ным чүпүрөк менен тазалап туруу керек.
11.Эртең менен уйкудан ойгонгондо жата бербестен дароо туруп, физикалык көнүгүүлөрдү жасоо зарыл.
Эгер суук тийип ооруй баштасаңыз, сөзсүз дарыгерге кайрылып, дарылануу керек.
ҮЙ ШАРТЫНДА ДЕН СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ
Бир стакан кайнак сууга 20 грамм бал, жарым лимондун ширесин кошуп ичип жүрүңүз. Бул организмди чыңдап, ооруларга туруштук берүүгө жардам берет.
Эгер үйүңүздө ванна болсо, ага суу толтуруп, лимон тундурмасын кошуп жатсаңыз болот. Бул тундурма даярдоо үчүн 6-7 лимонду кабыгы менен сүргүчтөн өткөрүп, 2 саат ысык сууга чылап коюу керек. Мындай ванна организмди чыңдоого көмөкчү болот.
Кичинекей балдардын мойнуна сарымсакты шуру кылып байлап койсо, сасык тумоонун алдын алат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
СУУК ТИЙҮҮДӨН КАНТИП КОРГОНОСУЗ?
Кымызай Дыйканова, мугалим, Баткен облусу:
– Үй-бүлөлүү болгондуктан, өзүмө гана эмес, балдарыма да кам көрөм. Жылуу кийинтип, иммунитетти жогорулатуучу азыктарды берем. Ошондо толук түрдө дебесем да, кандайдыр бир деңгээлде сактана алабыз го дейм.
Гүлмира Осмонова, мугалим, Ысык-Көл облусу:
– Жылуу кийинип, жашаган жерди таза, жылуу кармоо зарыл. Белим ооругандыктан, ден соолугума көп көңүл бурам. Суук тийип калган учурда алгач үй шартында дарыланууга аракет кылам, болбой баратса дарыгерге кайрылам.
Кайрат Жапаров, журналист, Ош облусу:
– Кыш чилдеде дарыянын тоңуп калган музун жарып, сууга чөмүлүүдөн ырахаттанып, сергип калам. Бул ыкманы бала кезимден бери колдонуп келем. Ушул күнгө чейин сасык тумоо менен ооруган эмесмин. Ошондуктан досторум мени «Кайрат морж» дешет.
Эркин Беков, тиш жасоочу уста, Жалал-Абад облусу:
– Эң негизгиси, оорунун алдын алуу керек. Жылуу кийимдерди кием.Жадакалса сырттагы температураны карап, үйдөгү жылуулукту да көзөмөлдөгөнгө аракет кылам. Ошондой эле өз маалында тамактануу, бут кийимди кургак алып жүрүү зарыл.
Анара Эшенкулова, сатуучу, Талас облусу:
– Суук тийгенде элдик медицина жолу менен сакаюуга аракет кылам. Мисалы, сарымсакты тамак-ашка кошуп, карагайдын жалбырагын кайнатып, колу-бутумду салам. Ромашканы кайнатып, ваннадагы сууга кошуп канча бир убакыт жатам.
Гүлсара Жунусова, студент, Чүй облусу:
– Медицина тармагында окугандыктан, жөнөкөй эрежелерди сактайм. Иммунитетти жакшыртуучу витаминдүү азык- заттар менен организмди камсыз кылып, жылуу кийинем. Эгер суук тийип калса, күчөп кете элегинде дары-дармек колдоном.
Үмүт Бердибекова, сатуучу, Бишкек шаары:
– Биринчиден, жылуу кийинип жүрөм. Экинчиден, мөмө-жемиштерин жеп организмимди витамин менен толуктаганга аракет кылам. Ошондой эле ширелерди, сууну көбүрөөк ичип турам.