«Голландиялыктар тарткан «Куурай» аттуу тасмага тартылууга сунуш түштү. Бирок мен ал кинодо роль жаратпайм. Дегеним, сценарий боюнча фильмдеги кайсы бир кадрда кыргыз тилиндеги этникалык ыр жаңырышы керек экен. Кино тартуучу топ муну мага табыштап, «Ак кептер» аттуу ырды аткарып берүүмдү өтүнгөн. Албетте, мен каршы болгон жокмун. Бул мен үчүн жагымдуу болду»,- дейт Каныкей. Анан да тасма Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Туз-Көлдө тартылып, 2014-жылы жарыкка чыгарын кошумчалады.