Режиссёр Эрнест Абдыжапаров 5-ноябрда неберелүү болгонун сүйүнчүлөдү. Атасына тең тайлаша кино тармагында жүргөн режиссёрдун уулу Санжарга келинчеги балканактай уул төрөп берди. Байыркы сак урууларынын баатырларындай эр жүрөк, тайманбас болсун деп чоң ата небересинин ысымын Сактан коюптур. Куттуктайбыз, Эрнест агай! Колуңуздан камераңыз эмес, небереңиз түшпөй, чоң аталык доорду сүрүңүз!