«Таң сыры», «Адашпайм», «Баёо сезим» ырлары менен элге таанылган, өрүкзарлуу Баткенден чыккан Бегимай Карабаева аттуу ырчы эсиңизде болсо керек. Ал эки жыл мурун турмуш жолуна аттанып, шоу-бизнестен алыстай түшкөн. Учурда ал Кубаныч аттуу мырзанын жубайы жана Айдай аттуу кыздын апасы.
Учурда Бегимай экинчи наристесин күтүүдө. Бул тууралуу: «Жакында кызым үй-бүлөсү менен Ош шаарына көчүп кетти. Буюрса, декабрда көз жарат»,- деп Бегимайдын апасы Чынара айым билдирди.