Динара Акулова Түркиянын Трабзон шаарында өткөн эл аралык фестивалга катышып келди. Бул тууралуу ырчы: «Фестивалдын максаты, өлкөлөр арасындагы ынтымакты бекемдеп, мындай достук кечелерин жыл сайын өткөрүүнү адатка айлантуу болуп саналат. Аталган фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстан, Кипр жана башка өлкөлөрдөн да келишиптир. Кеткен чыгымдарды уюштуруучулар толугу менен өз мойнуна алышты»,- дейт.