Көптөгөн элдик аспаптарда ойноп, эл арасында бийик кадыр барк күткөн Курмангазы Азыкбаевдин кызы, ырчы Нурайым Азыкбаева 18-октябрда кыздуу болгон. Наристенин ысымын Арууке деп Нурайым өзү койду. Учурда Аруукеге көрүндүк бергени келген конокторду тосуп, Нурайымдын колу бошобой чуркап жүргөн кези. Наристенин өмүрү узун болсун!