Көптөн бери «уйкуга кеткен» Ильяз Андаш чыгармачылыкка катуу киришиптир. Кыздар ырчынын жинине катуу тийип коюшса керек. Анткени жаңы тарткан «Жалган махабат» деген клибинде, өзү айткандай, балдар эле эмес, кыздар да туруксуз экенин көрсөткөн. Ошондой эле күздүн суук күнүнө карабай тартуучу топ сууга түшүп, 2-3 саат бою убара болгонун айтат. Ильяздын турмушуна клиптин сюжетинин тиешеси жок болсо да, ыры турмушунан алынганын кошумчалай кетти. «Күйөрмандарымды жаңы ыр, клиптерим менен тажатам» деген Ильязды күтө туралычы, кантип тажатар экен...