Ташиев«САЯСАТТЫ ТАШТАП, ОРУСИЯГА КЕТЕМ » ДЕПТИР...

Парламент 8-ноябрдагы жыйынын эки чоң маселе менен баштады. Биринчиси, кышка карата даярдык боюнча өкмөттүк саат болсо, экинчиси камактагы депутаттардын, айрыкча Камчыбек Ташиевдин тагдырына күйгөн санаалаш эл өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү болду.

ТАППАСАҢ СЫЙПАЛАП КАЛ
Өкмөттүк саатка ачуу-таттуу сөздөрүн даярдап келген депутаттардын «кызыл килемине» 4 министр менен премьердин аймактардагы өкүлдөрү (губернаторлор) тосуп алышты. «Жантөрө Сатыбалдиевдин биринчи өкмөттүк сааты болуп отурса, өзү кайда жүрөт?» деп суроо артынан суроо жаадырган эл өкүлдөрү премьердин Ошко иш сапары менен кеткенин угуп деле көпкө тынчый алышпады. Буга чейин чоң жыйындардын бирине түштөн кийин чакырылган премьерди 15 чакты депутат угуп отурган. Өлкөнүн негизги маанилүү кызматында отурган кишини отчёт берүүгө чакырган соң эл өкүлдөрү да тиешелүү деңгээлде маани берип, жыйынга катышуулары керек болчу.

КОШ, АТА ЖУРТ, УУЛУҢ КЕТТИ ОРУСИЯГА...
«Мен саясатты таштап, биротоло Орусияга жашоо үчүн кеткени жатам». 8-ноябрда интернет айдыңында «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин ушундай билдирүүсү чыкты. Бул сөздөр Камчыбек мырзага жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусунда жазылгандыгы маалым болду.
Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов: «Кечээ Камчыбек Ташиевди жана мени эксперттердин корутундусу менен тааныштырышты. Бирок документте жалган көрсөтмөлөр жазылгандыктан, биз алардын жыйынтыгы менен макул эмеспиз. Андагы сөздөрдү Ташиев айткан эмес, корутунду буйрутма жана бир жактуу экени көрүнүп турат»,- деди. Ал психологиялык-психиатриялык экспертизанын жүргүзүлүшүнө Башкы прокурордун тиешеси бар деп шектенүүдө. Жана жалган маалымат үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу маселесин сотто көтөргөнү жатат.
Өз кезегинде Башкы прокуратура депутатты мындай экспертизадан өткөрүүгө эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Мыйзамга ылайык, психологиялык-психиатриялык экспертизаны тергөөчү гана дайындай алат. Тергөөчү болсо тергөөнүн жүрүшүнө таянып, кандайдыр бир маалымат берүүдөн карманууда. Эгер экспертизадан өткөрүүгө жактоочу каршы чыкса, анда текшерүү сот аркылуу белгилениши керек. Маселе экспертизанын дайындалышы боюнча Ташиевдин жактоочусуна маалымат берилбей калганында болууда.
8-ноябрда ЖКнын чоң жыйынында «экспертиза кандай негизде өткөрүлгөнү боюнча Башкы прокурор отчёт берсин» деп депутат Жылдызкан Жолдошева талап кылды. Ал эл өкүлүнүн психологиялык-психиатриялык абалын текшерүүнү Ташиевдин жана анын шайлоочуларынын үстүнөн шылдың кылуу катары баалады. «Күч структураларынын ишине кийлигишип, камактагыларды коргобогула» деген депутаттар да четтен чыгууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
altinim
2012-11-14 11:03:22
Marath87мен сен санап кеткен аттар жонундо айткам тушунуп эле ошо былыктар бар жокту баштап алып анан озулору кайра жардамга келбейтко анан олчусу олуп буткондон кийин келип деле узбекке жардам кылышты ошолорго караганда ТАШИЕВ жакшы эле жардам кылган
0
zarina_88_chingiz
2012-11-14 14:30:16
эгер Ташиев президент болсо жумушуна забордон секирип кирип турса элестеткиле жонокой эл эмне болот анда,ал президентке татыктуу адам эмес.
0
agent007kg
2012-11-14 21:29:01
Бирин олуп бирин кал!!!
0
Adikalon
2012-11-15 00:48:19
Ташиев жок биздин саясат кызыксыз болуп калат го. Эми кимдер бокусташат кимдер забордон секирет? :) Чооон жанылды да Ташке баягы орустар айткандай ”Пинай на себя” дегендей болуп калды.
+1
RIO
2012-11-15 14:03:54
Ташиев кетсе, дегеле саясаттан абдан жакшы болмок. Бир дагы созуно турбаган адам экен да акенер.
0
Baratali0706
2012-11-15 17:09:32
RIO, Бул жерде эч ким болунбой эле, Ташиев кандай адам,эмнеге россияга кетем деп жатат деген тема талкуу болуп жатат. Сен сразу эле болуп турасын да. А Сенин агаларын кыйратып жатышабы? Ташиевди жок кылса, анан очеред калгандарына келет,ошентип аста-аста бутун козун тазалап жок кылат.
0
Joke82
2012-11-19 01:14:47
RIO, Эй RIO сендей адамдар кыргызтанды жеп тынат уктунбу тилинди тарт
0
altinim
2012-11-16 02:56:06
сенин коп эле комменттерини окуп калам кыргызды экиге болуп карайсын дайыма жеткен озумчул экенсин уруш жанжал сендей болунуп жарылгандардан чыгат Ташиев акеси ошондой болсо Атамбай байкеси деле жыргатпайтат ушинтип болунбой эле койсок ээ себеби саясатчылар баары окшош сен менен менин тартышканыбыз эле болбосо
-1
altinim
2012-11-16 03:03:17
RIO сага айтарым ынтымакта эле бололучу ансыз деле азайып кыргыздын жарымы чет олкодо мамлекет кедей дагы эмнени каалайсынар
0
M.Lancer
2012-11-16 22:54:24
Жаман аял кетем деп коркутат.
0
ibo
2012-11-17 03:19:15
Бул очередной пияр болсо керек да.
0
otin
2012-11-17 10:06:20
тушунбойм,... эмнеге эле талаша бересинер баарибир кудайдын айтканы болот. Анан ушул жерде да болунуп олуп кеткиле, бети жоктор десе. андан коро ар кимибиз оз ишибизди кылалы, малчын малынды кара, тракторчун тракторунду айда, мугалим сабагынды бер, врач даарыласын, студент окусун, саясатчын ишинди кыл вот ошондо онолобуз. Анан эле билип-билбей сасый бербей.
0
fanatka19
2012-11-17 14:44:41
otin,азыр пикетчилердин айтканы болуп калган.
0
toni_kg
2012-11-19 01:23:55
туугандар, кетеберсин, кетпесин деген созунорду коюп андан коро Кыргызстандын онугушуно кандай салым кошсом болот деп ойлонсонор болмок, баарыбир кетсин же калсын дегенде эле кетип же калып калбайт го
0
aijash1
2012-11-21 12:14:05
toni_kg туура айтасын
0
Sherik200992
2012-11-21 18:35:42
Бизге ошо Ташиев себеп болуп онугобуз Аллах кааласа. Баарыбызга ыйман берсин.
0
анарбек
2012-11-22 01:12:34
сасык бийликтегилерге жалгыз кучу жетпегенине эми козу жетти окшойт кайран Камчыке.колдоо косоткон таза кыргыз калбаган го кыргызстанда.ош окуясында козунорду ачты эле го кайрандар.аттин россиянын атуулумун да.
0
ayva
2012-11-23 20:36:56
Ташиев чыныгы эркек эч качан антип айтпат кете турган президенттерибиз пысып эле кетишип жатпайбы бул жон гана политиктер чыгарган соз ташиевдей башка мужик жок биздин чондордун арасында
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан