Кремль жакынкы арада Кыргызстанга 1,1 миллиард доллар, ал эми Тажикстанга 200 миллион долларлык курал-жарак берерин орусиялык гезиттер жазып чыгышты. Бул АКШнын Борбордук Азиядагы таасирин азайтууга карата Москванын чарасы. Каражат акчалай түрдө эмес, аскердик техника, курал-жарак менен берилет. Бул маселе сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке келген сапарында учкай айтылып, эми ал президент Алмазбек Атамбаевдин декабрь айында Москвага болгон иш сапарында каралары күтүлүүдө. Өткөндө эле өлкө башчысы учурда атайын багыттагы «Скорпион» бөлүгүнүн 25-бригадасы гана эл аралык талапка жооп берерин билдирген. «Жадакалса жакшыраак формабыз да жок»,- деп парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов арызданган.
Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, 2014-жылы АКШнын аскердик күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткен соң Кремль Кыргызстан менен Тажикстанды куралдандыруу аркылуу Борбордук Азияда өзүнүн таасирин күчөтүүнү самап жатат. Ал эми орусиялык оппозиция мындай чоң суммадагы каражатты бөлүп жаткандыгы үчүн бийликти сындап чыгышты. Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга 1,1 миллиард долларлык курал берүү боюнча маалыматты тастыктаган жок.