ҮРКӨР - ҮРКӨР ТОП ЖЫЛДЫЗ

Кыргыз шоу-бизнес дүйнөсүнө саресеп салсак акыркы мезгилде топ-топ болуп чогуу ырдагандар көбөйүп баратат. Айрыкча шоу-бизнестин суйкайган сулуулары чогулуп ырдоону адат кылып баратышкандай.

Бактыгүлдүн бандасы

Бактыгүл Бадыева, Аида Кулуева, Айжан Газиева. Биз буларды тамашалап Бактыгүлдүн бандасы деп атап койдук. Бул үч кызыбыз басса-турса чогуу жүрүп, бирге эс алган курбулардан. Бири – шайыр, экинчиси – токтоо, үчүнчүсү – кызуу кандуу мүнөздөгү кыздар кантип дос болуп калышкан десеңиз. Баса, үчөөнүн тең учурда продюсери жок. Айжан бир кезде Ассоль Молдокматованын тарбиясын алса, Аида өзүн элге тааныткан продюсери Назгүл Насиева менен иштешпей калды. Анан калса булар сулуу десең сулуу, бойлору тең. «Жадакалса салмак категорияларыбыз да бирдей»,- деп күлүп калышат. Айтор, үч сулуу сахнада гана эмес, сахнадан тыш дагы бири-бирине өбөк-жөлөк. Булардын достошкондоруна эки жылдан ашык убакыт болду. Учурда “Кыз бурак” аттуу элдик ырды созуп жаткан кездери. Сурай келсек, “үчөөң ушул ырды чогуу аткарбайсыңарбы?” деген сунушту ырчы Съездбек киргизген экен.


Фариданын фабрикасы

Жакынкы концерттерден бери дагы бир трио пайда болду. Трио десе үч ырчыдан турган топ экен деп ойлобоңуз. Алар «Ыр ырда» ырын катыра ырдаган Фарида, Азиза, Айнура. Бул триону биз өзүбүзчө Фариданын фабрикасы деп атап койдук. Албетте, тамаша иретинде. Үчөөнүн үнү ар башка болгону менен ырды созушканда үч түрлүү керемет обон чыгат. Башка толгон-токой ырчылардын арасынан дал ушул үчөө чогуу ырдап калганына караганда бопбойдок кыздар жакын курбулардан окшойт деп калдык.


Нелянын сиңдилери

Неля, Чолпонай, Айпери, Асема, Кундуз. Бул беш кызыбыз квинтет болуп ырдап калышты. Мындай идея Неляга таандык экен. Ал өзүнүн концертинде сахналаш-санаалаш кыздарга квинтет болуп ырдап чыгуу сунушун киргизген. О-уу, Нелянын тобу “Кыздын ыры” ырын созушканда атактуу “Spiсe Girls” тобу биякта эле калат. Бул топтогулар эже-сиңдилердей эле. Арасында бойдогу, кош бойлуусу, турмушка чыкканы, жигит тапканы, сулуусу, улуусу да бар.


Чыңгыздын чижиктери

Төгөрөктүн төрт бурчуна жар салып кан досторбуз дешти эле. Бир болсо көз тийди же сөз тийди. Айтор, төртөө унчукпай эле калышты. Чыңгыздын чижиктери деп тамаша айтканыбыздын себеби Чыкем улуусу да. Султан, Мирбек, Акбар үчөөнүн жаштары тең. Бул төртөө катар тизилип алып “Кыргызстаным” деп созушканда аксакалдардан бери батасын беришчү эле акыркы күндөрү чогуу ырдабай да, бири-бирин жандабай да калышты...

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан