Боршайком ар бир добуш берүүчүнү өзүн шайлоо тизмесинен текшерип коюуга чакырат. Тизмеде бар-жогун карап, анда катачылык кетсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө 2012-жылдын 15-ноябрына чейин билдире аласыз. Ал үчүн сиз арыздардын №1 же №3-формаларын толтурушуңуз керек. Формага каттоо белгиси бар паспортуңуздун көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелиши шарт, андан кийин гана сиз шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз.