5 ЗЫЯРАТЧЫ КӨЗ ЖУМДУ...

  • 2012-жылы Меккеде ажылыкка барган Кыргызстандын 5 ЖАРАНЫ  зыяратта жүргөн учурда каза тапты.
  • «Азия өнүктүрүү банкы» Кыргызстандын энергетикалык секторун оңдоодон өткөрүүгө 55 МИЛЛИОН доллар бөлөт.
  • Кыргызстанда 29-октябрдан 4-ноябрга чейинки аралыкта 4700дөн ашык инфекциялык оорулуу катталды.
  • Орусиядан буйрутма азайгандыгына байланыштуу,  Кыргызстанда тигүүчүлүк өндүрүшү 21 ПАЙЫЗГА азайды.
  • «Кыргызгидросталь-конструкция» ААКсы 1,7 МИЛЛИОН сом салыкты төлөөдөн баш тартты деген фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
  • Бишкекте 5-ноябрда ШВЕЙЦАРИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ ачылды.
  • 5-ноябрда Жети-Өгүз районунда атасы мас абалында бычактап салган 2 ЖАШАР БАЛА чарчап калды.
  • ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ этникалар аралык мамилелер боюнча А.Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Быйыл 9 айдын ичинде Корея мамлекетине Кыргызстандан 1406 АДАМ иштөөгө кетти.
  • Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо 16-НОЯБРДАН 24ҮНӨ ЧЕЙИН мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө болот.
  • Москвада «РИА НОВОСТИ» маалымат агенттигинин редакторуна кол салды деп шектелип, Кыргызстандын үч жараны кармалды.
  • Токмокто жылына 500 МИҢ ТОННАЛЫК мунайды кайра иштетүүчү завод курулат.
  • Саясий баяндамачы АРКАДИЙ ДУБНОВ Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу: «Саясатчылардын аялдарды ачкачылыкка чыгарып, алардын артына жашынуусу уят иш!»- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан