КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева: «АПАМ 14 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГЫП, 15 ЖАШЫНДА ТӨРӨГӨН»

«Ата-эне менен бир тууганды тандаганга акыбыз жок. Ал Кудайдан берилген белек» деген кептин ырас экендиги талашсыз. Апалар аман болсун, апаңар бар кезде баркын билгиле, сыйлагыла» деген КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева эне темасындагы бул баарлашуубуздун башынан аягына чейин көз жашын тыя албады.

«АПАМДЫН КҮЙӨӨСҮ БАР ЭКЕНИНЕ КАРАБАЙ АТАМ АЛА КАЧЫП КЕТКЕН ЭКЕН»
– Апам Жаныш кызы Азада 6 жашында атасынан, 8 жашында энесинен айрылып, жетимдиктин азабын тартып, таежесинин колунда чоңоюптур. 14 жашында турмушка чыгып, 15 жашында уулдуу болот. Аты – Жамшит. Баласы 9 айга толуп калган кезде атам апамдын айылынан ары-бери ат менен өтүп жүрүп, бир-эки ирет сууга бараткан жеринен көрүп жактырып калып, ала качып кетиптир. Күйөөсү намыска бекем туруп апамды артынан издеп барбаптыр. Ошентип, атам экөө түтүн булатып жашап калышат да, 9 айлык баласы мурунку күйөөсүндө калат.
Апам балага болгон сагынычтын азабын көп эле тартканын айтып калар эле. Кызганбасын деп атама көрсөтпөй анча-мынча тамак-аштан, кийимдерден өзү тигип, баласына берип жиберчү экен. Ал жакшы, бардар үй-бүлөдө чоңойгон. Кийин ошол улуу агабыз үйгө келип, биз менен катышып, аралашып кетти. Агамдын бир туугандары менен азыр да катышабыз. Баары чыгармачыл, белгилүү инсандар.

«КАРЫГАНЧА ТАКАЛУУ БУТ КИЙИМ КИЙДИ»
– Мени апам 40 жашында төрөгөн. 8 баласынын эң кичүүсүмүн. Мен төрөлөрдө улуу эжелерим турмушка чыгышып, алар да кош бойлуу экен. Эжелерим арданып, «алдырып салыңыз» дегендерине болбой мени төрөптүр. Жетим болуп чоңойгондугу үчүн «балам көп болсо...» деп тиленгенин айтып калар эле.
8 баланы тарбиялап, үй жумуштарына жетишкени аз келгенсип, айылдагы аялдар кеңешинин төрайымы катары иш алып барчу. 7-класска чейинки эле билими бар экенине карабастан, айылдагы билимге умтулган жаштарды чогултуп, аларды окутчу. Карып, 80 жашка чыгып калганча колунан тыпыйган сумкасы, бутунан такалуу бут кийими түшкөн жок. Айылдын кемпирлерине окшоп көлөч-маасыны да аз эле кийди.
Апамдын кайраттуулугуна алигиче таң калам. Эки агам каза болгондо гана апамдын көз жашын көрбөсөм, бир да ирет ыйлап отурганын көрбөдүм. «Жетим жүрүп жетилдим, эми мен ыйлабайм» деп калчу жарыктык.

«БУТУ МЕНЕН ЧЫМЧЫП АЛАР ЭЛЕ»

– Апам айылдагы касиет тутунган инсандардын бири эле. Төлгө салып, жаш балдарды эмдеп, жоголгон нерселерин таап, дарегин айтып берчү. Колу жөндөмдүү, ишмер, тынч отура албаган кыймылдуу жан эле. Кийиз, шырдактын түрүн жасап, тикмечилик да жайы бар болчу. Бир аз эле бош отуруп калса, кум менен идиштерин жышып жууп кирчү. Анан кантип бош отурасың? Бир жагынан тамекиден, кызылчадан, жибек курттан, күрүчтөн, жүгөрүдөн тыным жок. Күндүз тамеки жулуп келебиз, түнкүсүн отуруп алып аны тизмей. Уйкуга 2-3 саат гана бөлүп берет. Анан жүгөрү иштери башталат. Айтор, апам биздин убактыбызды көзөмөлдөп турчу.
Мунун баары тарбия экенин кийин гана түшүнүп отурам. Тарбия жаатында апам мага турмуштун, медицинанын, ашкананын, экономиканын, деги койчу, болгон тармактын баарынан энциклопедия болду десем жаңылышпайм. Тартипке бекем болчу, ошентсе да катуу урушуп же катуу урган күндөрү болгон эмес. «Алтынай, тур, малды айда» деп бир айтат, «азыр» дегенди эки эрет кайталагандан кийин буту менен аябай катуу чымчып алчу. Кол менен чымчыгандан да катуу. Анан өзүң эле тызылдап чуркайсың...

«КӨК ЖЫТТАНЫП КАЛГАН АКЧАЛАРЫН КҮНГӨ ЖАЙЧУ»
– Апам абдан сарамжалдуу аял болгон. Ысырапкорчулукка такыр жол берчү эмес. «Акча деген адамга бел болот» деп акчаны бекем кармачу. Кээде кышы менен сандыгында катылып туруп көк жыттана баштаган акчаларын жазында күнгө жайып, кайра жыйнап, катып койчу. Балдарынын бирин да акчадан кем кылган жок. Дайыма колубузда акча жүрөр эле. Көрсө, бул «көрө электин көргөнү жаман болот» демекчи, кийин акчалуу болуп калса көөп же акчанын кулу болуп кетпесин деген насааты экен. Апамдын тарбия жаатындагы бул ыкмасын мен азыр балдарыма колдоном.

«КЭЭДЕ ЖОРУКТАРЫНА КҮЛӨР ЭЛЕК»
– Апамдын анча-мынча куйкум сөздөрүнөн тышкары жүрүм-турумуна да кээде күлүп калар элек. Бир жолу Ташкентте жашаган агам балалуу болуп, апамды чакырды. «Эл-жер көрүп келесиң» деп мени да ээрчитип алган. Агам бекеттен достору менен тосуп алды. Досторунун арасындагы бирөөнүн эриндери укмуштай чоң, калың экен. Апам экөөбүз аны карап катып калыптырбыз. Анан үйгө келдик, баарыбыз отуруп чай ичип отурабыз. Апам куш уйку салып, отурган жеринде уктап кетиптир. Бир маалда апам эки эринин эки жакка колу менен ачып, «минтип ачып туруп салып койсо, жей берет да» деп коёт. Быкшып эле отуруп калдык. Балдар шашыла чыгып кетишти. Алар кеткенден кийинки кыраан-каткырыкты айтпа.

«АПАҢ АШЫП КЕТСЕ АЛТЫ КҮН ЖАШАЙТ ДЕДИ»
– Бири 40, экинчиси 41 жашында эки агам бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Бул күйүт атам менен апамдын белдерин бүгүп, чачтарын агартты. Ата-эне үчүн өз баласын жерге бергенден өткөн катуу сыноо жок экен, аябай кыйналышты. Кийин апам ооруп, борборго келип операция жасатып, өтүн алдыртты. Врач, профессор Акылбек Усупбаев агайыма терең ыраазымын.
Кийин бөйрөгү ооруду. Ооруп жатканда айылга барсам, буту шишип, өңү саргарып кетиптир. Врачка телефон чалсам, «Алтынай, апаңардын оорусу бөйрөктөн экен, айла жок... Ашып кетсе алты күн жашайт, белиңерди буугула» деди. Ошол күнү апам «Алтынай, мага суюк кесме бышырып берчи» деп суранды. Тамагымдан 3-4 кашык эле жеди. Анан «бутумду аябай кысып жиберди, байпагымды чечип койгулачы» дегенинен карасак, байпагы деле жок экен, шишиги күчөп кетиптир.
Молдо чакыртып, өзүнө дем салдыртты. Кыймылдабай калган колдорун төшөктөн алып чыгып алаканын жайып бата кылды. Анан балдарына ыраазычылыгын бере баштады. «Баарына ыраазымын» деген сөзүн айтыптыр. Мен апамдын акыркы сапарга аттанганын көргүм келбей сыртка чыгып кеткем, эжелерим менин атымдан да ыраазычылык сурашкан экен, «Алтынайыма миңден миң...» деген боюнча үзүлүп кетиптир.
6 ай төшөктө жатканы менен, кыйналганын бир билдирбеди. 84 жашка чыкса да, төшөктө жатып калганча бир ирет кыздарына же келиндерине кирин жуугузган жок. 3-4 сыйра жуусаң да, «силер кийимди сууга малып эле илип коёсуңар» деп өзү кайра жуучу.
Качан барбайын, «Алтынайым оромону жакшы көрөт» деп ысык оромосу менен тосуп алар эле. Азыр эжелерим жогун билдирбейли дешип оромосун бышырып турушат, бирок апамдай болбойт да. Апанын орду башка. Бала кезде нанды бышырып, тандырдын жанынан эки нандан каймакка мыжыкма жасап берген апам азыр жанымда болсо кана?!
Апаңар тирүү кезинде баркына жеткиле, кучагына, мээримине бөлөнгүлө демекмин. Ар бир апанын үнүнүн тембри, бийиктиги болот эмеспи. Мен да апамдын жагымдуу үнүн, жылуу кучагын, жытын жыттаганга түбөлүк зар экенимди айткым келет.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алтынай Нарбаева: "Апам 14 жашында турмушка чыгып, 15 жашында төрөгөн"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nurbek_posol
2012-11-12 12:08:55
Ата-Аскалуу тоо, Эне-тоодогу Булак, Бала- ортодогу шам чырак. Ар бир адам оз энеси жонундо айтып буто албайт. Эне ыйык-Эне кымбат!
+1
TolonturCN
2012-11-12 13:04:08
Аты затына ылайык эжеке да, бар болуңуз, арыбаңыз! талантыңызга таазим!
+1
aibo85
2012-11-12 17:48:40
Алтынай эже бактылуу болунуз калган омурун сиздерге берсин окууп алып козумдон жаш толуп кетти
+1
peach
2012-11-16 09:09:28
Apanyz chynynda altyn kishi bolgon eken.
0
alirun
2012-11-16 13:07:42
Сиздин чыгармачылыгынызга ийгилик!
0
venchiko88
2012-11-20 16:28:22
Эне бул эн ыйык аял заты. Менин апам да алтын киши.
0
prezent
2012-12-10 23:48:58
эне бирок,тамекини азыраак тартыныз же корунбой тартсаныз болмок!
0
№ 523, 9-15-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан