Жакында «бир ырчы кыз менен келатсам, маңдайыбыздан чыккан эки кишинин бири аны карайм деп чалкасынан кетти» деп интернеттен бирөөнүн жазганын окуп калдым эле. Ал ырчы кыз «Эркетаймын» деп эркелеп ырдаган Лира Урманбетова экен. Ушинтип жигиттерди бир көз караш менен арбап алган Лира бизге ачык, кызыктуу маек куруп берди.
Аты-жөнү – Лира Урманбетова
Туулган жылы – 1985-жыл, 18-октябрь
Жылдыз белгиси – Тараза
Көп кайталаган сөзү – «Прикол кармап»
Seven деген каймана атты Лира Ысык-Көлдөгү Карга акенин 7-урпагы болгонуна байланыштуу коюп алган
– Салам, Лира. Кепти сенин өзгөчө ырдоо, кийинүү стилиңден баштагым келип турат.
– Салам. Чынында, мен алгач улуттук кийим кийип, фольклор ырларын ырдап чыккам. Негедир аны эч ким сөз кылган эмес. Балким, бизде көпчүлүк ырчылар ошондой чыгып жүрүшкөнүнөнбү дейм. Анан минтип ачык кийинип чыга келсем, оозго алынып баштабадымбы. Кичине кезимде батыштын ыр-клиптерин көп угуп, ошолордон таасирленгенимен болсо керек, батыш жакка көп оойм.
– Атаң белгилүү композитор болсо, минтип чыгышыңа каршыдыр?
– Туура, атам Догдурбай Урманбетов «Жүрөк сыры», «Ала-Тоо – кыргыз жери» деген ырларды жаратып, эл алдында аты бар киши. Ал дайыма «Лира, сураныч, кыска кийбе, узун кий. Ашыкча боёнбо», «андай кыл, мындай кыл» дей берет. А мен «макул, ата» деп туруп, атам жумушка кетери менен дароо боёно калып чыгып кетем. Билем, атам туура сын айтып жатат, аны да түшүнөм. Бирок бул деген менин кесибим, музыка – менин жашоом. Азыр да ырларымды угузсам, «чыгара бер, боло берет» деп коёт. Билбейм, деги эле атамдын тилин таба албай койдум.
– Музыка дүйнөсүнө кантип келип калгансың?
– Кичинекей кезде Караколдо жашап жүргөндө кошуна-колоңдорду чогултуп алып ата-энелерибизге концерт уюштурчубуз. Ошондо эле музыка жүрөгүмө жакын эле. Мектепти аяктаганда атама «ырчы болом» десем, «технолог болбойсуңбу, ачка калбайсың» дейт. Бирок баары бир музыкадан баш тарта албадым. Бул жашоодо биз бир гана жолу жашайбыз. Андыктан жан дүйнө азыгын да ойлошубуз керек. Ошентип, көк беттигим менен Улуттук консерваторияга тапшырып, өтүп кеткем. «Матрикс» деп аталган чет өлкөлүктөрдөн куралган топто ырчы элем, анын аркасы менен көп жерлерди кездим. Жакында гана келишимибиз соңуна чыгып, өз алдымча ырдоого өттүм.
– Чет өлкөлүктөр менен кайсы тагдыр табыштырды?
– Консерваторияда окуп жүргөндө Таалай деген агайдан топтун ырчы издеп жатканын угуп, барып калгам. Кастингден менин үнүмдү дароо жактырышты. Жаңы иштеп баштаганда аябай кыйын болгон. Эки жуманын ичинде 20 чакты англис тилиндеги ырларды жаттап, ырдап жүрдүм. Акыры аракетим жемиштүү болуп, англис тилин да жакшы өздөштүрүп, топтун курамында иштеп калгам.
– Чыгармачылыкты го түптөп алыпсың, жеке жашоочу? Жүрөктүн ээси бардыр?
– Чынында, кээде отуруп аябай сүйүп калгым келет. Жүрөгүмдүн ээси жок. Ал дагы бир жакта адашып, мени издеп жүрсө керек. Чет өлкөдөн деле көз салып, жакшы эле издеп келатам, бирок чыга элек. Эгер ал адамды жолуктурсам, дароо бир көз караш менен менин адамым экенин билем.
– Анда жүрөгүңдү ээлей албай жүргөндөр тууралуу сурайын...
– Мен алдыга план койдум, Кыргызстандан бир-эки жыл ичинде коркпогон, чечкиндүү жигит чыкса, ошого тием. Болбосо, күйөөнү башка өлкөдөн издейм. Азыркы мырзалар коркогураак окшойт. «Артисттен аял алба, айдоочуну күйөө кылба» дешет го. Дагы деле биздикилердин психологиясында ошол нерсе турганы өкүндүрөт. Ырчы болсо эле куурчактай кылып жанында кармап жүрүшү керек, алардын оюнча. «Мен да эл катары аял болуп, төрөгүм келет» десең түшүнбөйт. Көбүнчө үй-бүлөсү бар мырзалар «Лирочка, сураныч, менин көңүлдөшүм болчу...» деп калышат. Мен аларга дароо жок дейм. Анткени анын аялынын ордуна өзүмдү коюп көрөм, мындай иштин жаман экенин билем. Мага андай керек эмес, баары бир андан перспектива жок.
– «Эркетаймын» деген клибиңе катуу сындар айтылды. «Стриптиз бийчиси болчу» деген да сөздөр бар. Чын эле ошондойбу?
– Бир жолу кайсы бир телеканалдан түз эфир болуп, клибимди көрсөтүштү. Апам алдын ала бардык туугандарды үйгө чакырып, «кызым азыр чыгат» деп күтүп отурушкан. Клип аягына чыккыча эле, сен айткандай, «бул кыз стриптизчи го...» деген сыяктуу СМСтер жаай баштады. Коноктор нес болуп эле отуруп калышыптыр. Ооба, учурунда клубда бийчи болуп иштегем. Бирок стриптиз эмес, чыгыш бийи менен элди жандандыруучу го-го стилинде бийлечүмүн.
– Башкалардан өзгөчө жигиттерди арбап алуу сырың барбы?
– Анын эч кандай сыры деле жок. Бир көз караш менен же жылмайып эле койсом, ал жигит сөзсүз келип таанышат. Кыскасы, көздөгөн жигит болсо, сөзсүз меники болот. Үйдөгүлөр кээде «күйөөгө тие албай каласың» дешет. Күйөөгө чыгуу маселе эмес, каалооң болсо, каалаган учурда тийип кетесиң.
– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Менимче, сырткы келбетиме караганда ички дүйнөм сулуураак болуш керек.
– Позитивдүү кыз экенсиң. Жашоодо кыйынчылыктарды да ошентип жеңет чыгарсың...
– Туура, мен баарын позитив менен жеңгим келет. Кээде көңүлүм чөгүм, депрессияга түшүп, үнүм чыкпай калган күндөрүм болот. Баарынан тажап, кол шилтеп басып кетким келет. Бирок мүңкүрөп эле отуруп кала берген болбойт экен, аракет кылсаң, баары өз ордуна түшөт. Анан да ишенчээктигимдин айынан жабыр тартам, көңүлүмдү көп оорутушат. Бирок жашоо бумеранг да, сага бирөө жамандык кааласа, эртеси ага кайра кайтып келет.
– Окуучулук кезиңе да кайрыла кетсек. Кичинекей Лира кандай эле?
– Көчмөндүк каныбызга сиңип калса керек, ата-энеме үй жакпай калса эле көчүп-конуп жүрө берчүбүз. Ошого байланыштуу мектептерди көп алмаштырдым. Анан, албетте, жаңы мектепке барганда тың болбосоң, кордоп жиберишет. 7-классымда да мектеп которууга туура келди. Класста жалгыз кыргыз мен экем. Кыздар мени «кыргызсың» деп жемелеп жүрүштү. Бир күнү сабакта отурсам, бирөөсү артымдан келип чачымды кесип салса болобу! Ошондо чыдамым чектен чыгып, барып туруп ошол кызды сабап салдым. Андан кийин гана мени кабыл алышкан.
– Маегиңе рахмат, ийгилик!
Лунара Бекиева
star@super.kg