«Коңшу өлкөдөн Кыргызстанга ташылып келинген алмаларда генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдер бар»,- деп 5-ноябрда ЖКнын депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди. Курамында генетикалык модификацияланган организмдер камтылган азыктарды колдонуу түрдүү жугуштуу ооруларга, аллергиянын пайда болушуна жана иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Эгер жер тилкесинде генетикалык модификацияланган организм бар болсо, ал жерге эгилген эгин дагы толук кандуу өспөй калат. Эл өкүлү бул организмди камтыган азыктарды алып келүүгө тыюу салуу керек дейт. Ал азыктар бизге көбүнчө Кытайдан келет. «Орусияда генетиктер эки чычканды багып көрүшүп, бирине таза тамак, ал эми экинчисине генетикалык модификацияланган организм камтылган азыктан беришиптир. Жыйынтыгында экинчи чычкан тукумсуз болуп чыгыптыр»,- дейт Иманкожоева.
Бирок Кытайдан келген продукцияга тыюу салууга бардык эле депутаттар макул эмес. Эл өкүлү Равшан Жээнбеков «экономиканы тыюу салуу менен жөндөй албайсың, анда атаандаштык болушу керек» дейт. Көйгөйдүн алдын алуу үчүн чек арага текшерүүчү жабдыктарды орнотуу сунушу да бар. Бирок эл өкүлдөрү жыйынтыктоочу кандай чечим кабыл алышат, азырынча белгисиз.