Мурун жалаң кыздар менен иштешкен Кенже Дүйшеева «Жебе» деген мырзалардан турган топту алып чыкты. Азыр топтун жигиттеринин акырындык менен күйөрман топтоп, аты элге тааныла баштаган кез.
– Кенже, топ тууралуу кыскача маалымат берип кетсеңиз?
– Топтун «Жебе» деп аталышы деле бекеринен эмес. Балдарга тамашалап калам, «мен жаамын, силер менин төрт жебем, огумсуңар» деп. Кудум жебе сыяктуу топтун ар бир чыгармасы угармандардын жүрөгүнөн орун алсын деген тилекте ушинтип аталган.
– Төрт эр жеткен жигитти тарбиялаш кыйын эмеспи?
– Мен көп жыл бою «Кыз-Буракта» кыздар менен иштешип көнүп калгам. Анын жанында балдар менен иштешкен эң эле оңой экен. Кыздарды текшергендей көп тынчын ала бербейсиң. Кала берсе балдарым да жакшы үй-бүлөлөрдөн.
– «Жебе» тобу «Супер топ» наамына ат салышып жатат. Жеңишке канча пайыз ишеним бар?
– «Жебе» тобунун уюшулганына эки гана жыл болсо да, «Супердин» тандоосуна киргенибиз өтө кубанычтуу кабар болду. Чынында, биз мындайды күткөн эмеспиз. Балдарым башкы наамды албасак да, мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө сүйүнүп жүрүшөт. Анан да «биздин ийгиликтерди багындыруучу күндөр али алдыда» деп мени кубантып коюшту.
– Медер, топко кантип келип калдың?
– Буга чейин кастингдерге көп катышып, бирок өтпөй калчумун. Кенже эже уюштурган кастингде деле өтпөсөм керек деп ойлогом. Анан да жообун күтүп 6 ай жүрүп калбадыкпы. «Кудай сабыр бере көр» деп күтүп, акыры ырдап калдым. Жаңы келгенде аябай шашма болчумун. Бир ишти туура эмес жасап койгондон кийин өзүмө келип, «жок, бул мен эмес» деп калар элем. Азыр болсо баарын таразалап иш кылганга үйрөндүм.
– Биринчи эле көзгө чач жасалгаң урунат экен. Топтогу балдардан өзгөчө болоюн дегениңби?
– Топко жаңы келгенде чачым узун болчу. Элестетиңиз, тармал, узун чачты. Так ошол кезде жанагы Гу Чжун Пё деген чыга калды. Баары эле ошондой болуп калыпсың дей берип тажатышкан. Ошол кезде өзүм да өзүмө жакпай жүдөп жүргөм. Ар кандай журналдарды карап, бирок чыгына албай көпкө ойлондум. Узун чачты кестириш үчүн да эрдик керек эмеспи. Ошентсе да кестирип салдым. Ошон үчүн чач жасалгамды азыр «эрдик чач жасалгасы» деп атап коём.
– Кумар, топтун эркеси экенсиң, катуу тартипке көнө албай, кыйналган жоксуңбу?
– Туура айтасыз, жаңы келгенде аябай эрке элем. Бирок мүнөзүм кандай болгон күндө да, топто мен жалгыз эмесмин. Андыктан баарына көнүшүп, азыр ал сапатымдан арылып баратам.
– Жигиттердин ортосунда мамиле кандай?
– Самат экөөбүз шашма, шайыр жигит болгондуктан, жакшы тил табышабыз. Жадакалса ойлорубуз да көбүнчө бир чыгып калат. Ал эми Медер менен Минур бизге караганда токтоо. Экөө бири-бирин жакшы түшүнүшөт.
Кенже: – Булардын өздөрүнө көп байкалбаса керек. Ич ара кыздар жөнүндө маселе жаралса, бири-бирине акыл үйрөтүп, мага жеткирбей эле чечип коюшат. Балдар акылдашып жатканда жан үрөп сүйлөшкөндөрүн угуп кубанып калам.
– Жаңы топ болуп чыгып, гастролдорго барып келдиңер. Кандай кыйынчылыктар болду?
Самат: – Мурун микрофонду кармап ырдасак эле болду, ырчы болуп калабыз деп ойлочубуз. Азыр болсо мунун артында канча эмгек, убакыт жатканын жон терибиз менен сездик. Негизи, Минур экөөбүз мурун деле ырдап жүрчүбүз. Бирок баарыбыз биригип, бир бүтүн болуп чыгуунун сырларын эми үйрөнүп калдык.
– Силерди тааныгандар болуудабы?
Минур: – Андай учурлар көп болот. Мисалы, мен Ак-Босогодо мектептин жанында жашайм. Эртең менен дайым уктап калып, 11лерде чыгам. Чыксам эле окуучулар тизилип, мени көрүп «көз тийбесин» деп тийишип калышат. Бул аябай жагымдуу көрүнүш мен үчүн.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg