Каныкей Эралиева: «АТАЙБЕК МЕНИ ДОСУНАН ТАРТЫП АЛГАН»

Улуу муундун бүйүрүн кызытып, арзуусуна арзыган Каныкей эже ушул күнгө чейин уккулуктуу үнүн жана популярдуулугун жоготпой келет. Музыка дүйнөсүнө бүт өмүрүн арнап келген эженин балалыгына, жаштыгына саякат.

Балтыркан бала чак

Болочок ырчынын ысымын чоң энеси ырым кылып “Манастын Каныкейиндей акылдуу болсун” деп койгон экен. Ата-энеси студент болуп, кичинекей Каныкейди Калый таенеси багып чоңойтот. Балалыгы Ысык-Көлдүн жээгинде таенесинин ырлары, жомоктору менен өткөн.

“Кичинемден эле ырларды чыгарып, өзүмчө уйкаштыктарды издеп алпуруша берчү элем. Кийин обондорду кыңылдап ырдап, кандайдыр бир кайрыктарды тапкым келчү адат пайда болду. Көрсө, көкүрөгүмдөгү угут мени тынч алдырбай жаткан экен. Анын үстүнө таланттуу үйбүлөдө чоңойдум. Апам жакшы ырдаса, таенем темир комузда ойноп, атам комузда кол ойнотчу. Мендеги таланттын көрөңгөсү ошолордон башталды деп ойлоп калам.

Эсимде биринчи жолу апам мандолина сатып берип, үйрөтмөкчү болду. Кылдары жоон, катуу болот эмеспи. Кичинекей колдорума эп келбей, үйрөнө албай койдум. Ошол күндөрдүн биринде эжемдин баласы Турдубекке атасы баян сатып берди. Турдубек тез эле үйрөнүп алса, мен да кызыгып жүрдүм. Дилгирленип анын артынан калбай жүрүп, мен да баян үйрөнүп алдым. Эң биринчи баянга салган музыка Калыйбек Тагаевдин “Долон” деген ыры эле”, - деп эскерет эже.

Берчи мага, жарым кашык музыка!

Каныкей баян үйрөнүү менен эле токтолуп калбады. Өзүнчө обон чыгарып, ырдап элдин назарына илинет. Кызынын талантын байкаган атасы композитор Жумамүдүн Шералиевге алып барып “ушул кызым ырчы болом деп дегдеп жүрөт. Таланты бар бекен сынап көрчү” дейт. Ал Каныкей эжени ырдатып көрүп, ыраазы болуп батасын берет. Улуу адамдын батасын алган Каныкей эже улуу жолго бет алат.

Борбордон келген мугалимдер Каныкей эженин талантын байкап “сен таланттуу кыз экенсиң. Сенин келечегиң алдыда, борборго барышың керек” деген кеңештерин айтышат. Бул учурда эле эженин 20дан ашык обондору жаралып, ырчы катары районго таанылып калган кези эле. Алардын сөзү менен ата-энеси Каныкей эжени М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына жөнөтүшөт. Эч кандай сынаксыз эле кабыл алынып, баян бөлүмүндө окуп калат. Бул Каныкей эженин жашоосундагы өзгөчө мезгил эле.

“Мен музыканы ушунчалык сүйгөнүмдөн тырышып окучумун. Күнүнө 8-9 саат машыгып отура берчүмүн. Кыздардай болуп отуруштарга бармай деген нерсе менде болгон эмес. Комузду же баянды кучактап отура берер элем. Адам өзүн бир иштен же кесиптен табат го. Мен өзүмдү музыка дүйнөсүнөн таптым”, - дейт эже.

Каныкей эже бул окуу жайынан музыкага болгон сүйүүсүн гана эмес, тагдырын да тапкан экен. Ушул куттуу жерден өмүрлүк жолдошу Атайбек Бөдөшовду кезиктирет.

«Кайненемдин белеги эстен кетпейт»

– Каныкей эже, Атайбек агай менен кандайча таанышып калгансыз?
– Экөөбүздү музыка табыштырган. Ал дагы Күреңкеевде окучу. Бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Чоңоюп бойго жетип калганда ар кимдин көзүнө түшөсүң да. Көрсө, мени биз менен окуган бир жигит жактырып калган экен. Кургур мага батынбаганбы же сүрдөгөнбү, айтор, Атай аркылуу мага жакындайын деп чечкен окшойт. “Сен Каныкейди ээрчитип чык, анан киного баралы” деп сунуш киргизет. Тиги деле оюнда эч нерсе жок экөөбүздү жакындаштырайын деп мени ээрчитип чыгып, үчөөбүз киного бардык. Бажаңдап ортого түшүп алып тим эле сүйлөйт десең. Кинодон келе жатканда эмнегедир тиги жигит четке сүрүлүп Атай экөөбүз сүйлөшүп калабыз. Ошондон улам эле аябай жакындашып кеттик.
– Анан сизге сөз айтып жүргөн жигит эмне болду?
– Ал эмне болсун?! Биз жакшы болуп кеткенден кийин Атай ага “Каныкейге эми жолобо. Экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз” деп тарс айтып туруп, басып кетиптир. Агайыңар ушундай «шустрый» жигит болчу.
– Ошол «шустрый» жигит кандай күйөө болду?
– Мен каалап, элестеткендей күйөө болду. Атай экөөбүз үйлөнгөндөн бери 35 жыл өттү. Ошондон бери ырдап, сахнада болсо сахнада, үйдө болсо үйдө ар дайым колдоп келет. Адатта эки чыгармачыл адамдын бир үйдө жашап кетиши оор болот эмеспи. Биздики тескерисинче, бири-бирибизсиз жашообуз оор болмокпу деп ойлоп кетем. Элестетсең, жаныңда ар дайым сени түшүнгөн, сени колдогон, эң башкысы, сени өзүңдөн да жакшы, терең билген адам жүрөт. Бул ар бир аялдын кыялы болуш керек.
– «Каныкей Эралиеваны Каныкей кылган күйөөсү» деп да айтып жүрү­шөт...
– Ооба, анткени экөөбүздүн чыгармачылык дареметибиз бирдей болгону менен ар дайым Атай үчүн менин талантым биринчи орунда болчу. Ошол үчүнбү, айтор, ал элдин көзүнө экинчи планда калып жатпайбы...
– Алгач келин болуп барганда сүрдөдүңүз беле?
– Биздин үйлөнүшүбүзгө анын да, менин да ата-энелери­биз каршы чыгып туруп алышты. Аркалык деп алар мени жактырышпайт, оштук деп менин ата-энем аны жактырышпайт. Эч нерсеге карабай эле үйлөнүп алмай болдук. Ошко самолёт менен учуп барып, андан ары Аксыга машина менен бардык. Анын жанында күйөө жолдош, менин жанымда бир курбум бар. Мен үлбүрөгөн көк көйнөк кийип алган элем. Көрсө, аларда көк түс азанын белгиси тура. Кайненем сүйүнгөнүнөн калтырап-титиреп жоолук салып, өпкө чаап көшөгөгө киргизди. Анан да кайненем мага Андижандын базарынан 52-өлчөмдөгү өзбек көйнөгүн сатып келип атпайбы. Эми мендейден экөөнү салып койсо батчудай көйнөк десең... Ошол көйнөктү эстесем, азыр да күлүп калам.
– Жылдызыңыз жанып, эл оозунан түшпөй турган кезиңизде агай кызганса керек...
– Тескерисинче, гастролдоп кеткенде мен аны аябай кызганып кетчүмүн. Атай кызганганын сыртына чыгарбайт.
– Менин билишимче сиздин атыңызды кыздарына ыйгарып, фанат болгон адамдар да болгон. Аларга кандай мамиле кылчу элеңиз?
– Кызыгы, мен өзүмдүн жылдыз экенимди туйбаган экем. Каныкей Эралиева деген ат эл оозунда болгонун да байкабай калыпмын. Обон менен алышып жүрүп мезгилди өткөрүптүрмүн. Анан калса тарбиямданбы же мүнөзүмдөнбү, айтор, өзүмдү аябай токтоо кармап жүрчүмүн. “Кыргыз жери” деген ырым популярдуу болуп, элдин оозунан түшпөй радиолордон көп берилип калды. Анан бир жолу көчөдөн бир адам “Каныкей Эралиева деген ырчы кыз сенсиңби?” десе, “жок, мен эмес” деп кетип калганым эсимде. Ал мезгилдин эли да токтоо эле. Азыркыдай артынан чуркаган адамдар болчу эмес. Ашып кетсе гүл берип, өздөрүнүн тилек-каалоолорун билдиришчү.
– Уул-кыздарыңыздан сиздердин жолуңуздарга түшкөндөр болдубу?
– Балдарымдын баары эле таланттуу. Улуусунун аты - Нурлан. Азыр атасы экөөбүзгө жардам берип, чыгармачылык менен алек. Кызым Нуржан болсо башка кесиптин ээси. Кичүү балам Арлен быйыл консерваторияны бүтүп жатат. Атасы экөөбүздүн андан үмүтүбүз чоң.
– Жашоодо өкүнүчүңүз барбы?
– Өмүрдүн өзү өкүнүч экен. Бирок мен артка кайрылып, өкүнгөндү жаман көрөм.
– Убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңизге чоң рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан