Кышка карата камылга кандай? Казынанын абалычы? Ундун баасы көзөмөлгө алынабы? Өлкөнүн ушул сыяктуу маанилүү маселелери жөнүндө өкмөт башчы кеңири маек куруп берди.
– Жантөрө мырза, өткөн аптада Жогорку Кеңеш өкмөттүн кышка карата даярдыгын канааттандырарлык эмес деп баалады. Сиз буга кошуласызбы?
– Биздин даярдыкка бир гана кыш баа бере алат. Анын үстүнө кышка карата камылганын өзү – чоң маселе. Парламенттин «канааттандырарлык эмес» деген сөзүн өздөрүнүн абийирине койдук. Алар конкреттүү бир далилди айтышса, биз аны карап чыгууга даярбыз.
Былтыркы жылга салыштырмалуу көмүр көбүрөөк дайындалды, мазут да жетиштүү, демек, Бишкек менен Ош шаарындагы жылуулук электр борборлору толугу менен камсыздалган. Газ 1-январга чейин үзгүлтүксүз берилет, андан кийинкиси боюнча сүйлөшүүлөр учурда жүрүп жатат.
Ушул жерден Жогорку Кеңештин ишине токтоло өтсөм. Парламенттик мамлекет болдук деп эле бүт жумушту депутаттар өз мойнуна алганы туура эмес. Алар бардык ишке кийлигише беришсе, анда өкмөт менен айыл өкмөтүнүн эмне кереги бар? Ар бирибиз мыйзамда так жазылган милдеттерди аткарышыбыз керек. Мен да депутат болгонмун, андыктан айтканыма капа болушпасын.
– Көмүрчү? Анын баасы күн санап асмандап жатканына нааразы болгондор көп...
– Кыргызчылык дейбизби, суук түшө баштаганда гана көмүр издеп калабыз. Азыр жети дубанда көмүрдүн баасы жети түрдүү, ашыкча кымбаттатып жиберген учурлар да бар. Мында жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу бийлиги да иш алып баруусу керек. Бюджетте каралбай калган экен, көмүр менен камсыздандырууга эле 500 миллион сом табууга туура келди. Өзүм да аймактарга барып калганымда байкап жатам. Көбүнүн жок дегенде 1-1,5 айга жетчү көмүрү турат.
Кызматка киришкен күндөн тарта ар эки апта сайын кышка даярдык боюнча штабдын жыйынын өзүм өткөрүп жатам. Сууктан аман-эсен чыгуу үчүн колдон келген аракеттердин баарын жумшайбыз. Бир гана кечигүү орун алышы мүмкүн, себеби эки айдын ичинде мынча көп ишти жасоо оор. Айрым жерлерде жетекчилер да кайдигерлик кылып коюшууда.
– Ош шаарында жарык маал-маалы менен өчүрүлүп башталганы айтылууда. Мындай көрүнүш жалпы өлкөдө да болобу?
– Жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Авариялар эле болуп кетпесе. Электр энергиясынын тармагы – чоң техника, аны 24 саат бою тынымсыз иштейт деп айтуу кыйын. Биздин электр жабдууларынын эскирип бара жатканын моюнга алабыз. Ош менен Бишкек шаарындагы ток өткөрүүчү кабелдер 1950-1960-жылдары орнотулган. Ал жылдары айылдын эли үйүн электр энергиясы менен жылытчу эмес.
– Өкмөт унду арзаныраак баада сатууну баштаган. Бирок бул жагдай жетиштүү көзөмөлдөнүп жатабы?
– Жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген, ун боюнча кандайдыр бир маселе пайда болсо, алар жооптуу болушат.
Жалпысынан бааны көзөмөлдөө үчүн Монополияга каршы комитеттин ишин өркүндөтүшүбүз керек. Азыр мунун үстүндө комиссия иштеп жатат. Эгерде жыйынтыгы боюнча зарылдык чыкса, анын ишмердүүлүгүн күчөтөбүз.
– Бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу үчүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү кажет. "Кумтөр" сыяктуу кен чыгаруучу компания жакын арада ишке киришеби?
– "Кумтөр" жаманбы, жакшыбы, иштеп жатат. Ал эми башка тоо-кен тармагында иштеген компаниялар мамлекетке "Кумтөрчөлүк" жардам бербегендей сезилет. Жакында үч чоң комбинат жумушка кирет. Кеминдеги "Талды-Булакта" 70 тоннадай алтын бар, ал 2014-жылы иштей баштайт. Буюрса, мында 1500 жумуш оруну түзүлөт. Жалал-Абаддагы "Бозумчак" жез кени да 2014-жылы ишке киришет, анда 3000ге жакын адамга жумуш берилет. Ошондой эле "Терек-Сай" кени бар, ага инвестор табуу керек. Бул комбинаттар "Кумтөргө" жетпесе да, кичине жакындайт.
Өкмөттүн максаты – жумуш орундарын түзүү. Ал үчүн саясий туруктуулук зарыл. Өкүнгөнүм – биздин эле кыргыз байларынын башка өлкөгө инвестор болууну туура көрүшкөнү. Биздин жарандарга да шарт түзсөк, алар өз мекенине инвестициясын жумшап, көмүскөдөгү экономикадан чыгып алсак, каражат да жетиштүү болмок.
– Бюджеттин дефицитин азайтуу үчүн кыскартуу болот дедиңиз. Мамлекеттик кызматкерлердин саны азаябы же айлыгы кыскарабы, кандай болот?
– Санын кыскартуу боюнча маселе коё элекпиз. Бабановдун өкмөтү буга чейин мамлекеттик кызматкерлердин санын азайткан болчу. Кыскартуу капиталдык салымдар менен жана башка чыгымдарга тиешелүү болот. Буга эмне кирет? Жумуш сапарлары, күйүүчү май, телефондун акысы, коммуналдык төлөмдөр. Бул жагынан өтө аша чаап кеткендер бар, ошолорду үнөмдөө башталат. Айлыктан кийинки эң чоң чыгым ушул тармакта.
– Капиталдык салым эмнеге жумшалчу?
– Быйылкы жылы оор абалда болсок да, 2,5 миллиард сомдон турган капиталдык салымды көбүнесе мектеп менен ооруканаларды курууга сарптадык. Ал тургузулгандан кийин деле мамлекеттин эсебинен каржыланат эмеспи. Биз жок дегенде капиталдык салымга бөлгөн каражаттын үчтөн бирин жумуш орундарын түзүүгө жумшашыбыз керек. Ал эки-үч жыл өтпөй мамлекетке салык төлөй баштайт. Биз өзүбүздү өзүбүз багууга шарт түзгөн болобуз.
Өткөндө Ала-Букада жергиликтүү бир ишкерди жолуктуруп калдык. Ал короосундагы мөмө-жемиштерден шире, компот жасап сатат экен. Шаардагы дүкөндөрдү карасаң, бүт эле коңшу өлкөлөрдөн келген шире. Бизде алча, өрүк, алма жокпу? Өзүбүздө эле шире чыгарууга шартыбыз бар, андыктан каражатты дал ушундай иштерге жумшоону да карашыбыз керек.
– Жакынкы эки-үч жыл ичиндеги той менен мааракелерге тыюу салуу керек дедиңиз. Өкмөт өзү демилге көтөрүп, ысырапкорчулукка чектөө киргизе алабы?
– Бүгүн Бишкекте канча ресторан болсо, кайсынысына кирбе, февралга чейин бош күн жок. 400 кишини чакырсаң, бирөөсүнүн тамак-ашына эле 2000 сом коротосуң. Бирок андан түшкөн салык жок. Үйлөнүү-үлпөт тойлорунда кызмат көрсөткөн машинанын кызматы 400 доллар экен, ал да салык төлөбөйт. Менимче, тойго салык киргизүү зарыл. Аштарга келсек, акыркы учурда ар бир уруунун баатырлары, ойчулдары чыга баштады. Аларга эстелик коюшат, баланча-түкүнчө жылдыктарын өткөрүшөт. Тойго кеткен акчага илимий конференция уюштуруп, китеп чыгарса болот да.
Жамандыкты түшүнсө болот. Бирок көп учурда министрликтерде, жер-жерлерде бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери жумуш күндөрү түшкү тамактанууда куран окутушат да, кайра жумушка кечигип барышат же болбосо барбай эле коюшууда. Өзүм деле жакындарым үчүн куран окутуп, мен дагы эл чакырам. Коом бул маселени өзү көтөрүп чыгуусу керек. Административдик жол менен эч нерсе кыла албайбыз.
– Өткөн кышта мал кырылгандан кийин тоют таркатуу башталган эле. Быйыл алдын ала бул маселе каралдыбы?
– Биринчиден, тоют даярдоо –жеке жарандардын милдети. Мисалы, менин малым болсо, тоютун өзүм дайындайм. Малдын эсебинен мамлекет салык албайт. Угуп-билгениме караганда, мал кармагандар былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк чөп чаап, жакшыраак даярдык көрүшүптүр. «Бакпасаң мал өлөт, карабасаң катын кетет» дейт кыргыздар. «Өкмөт кайда жүрөт?» дебей, «мен мамлекетке эмне кылдым?» деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө беришибиз керек. Ошондо гана биз алдыга жылабыз.
Эльвира Караева
Сагын Айылчиев
politika@super.kg