– «Бу артистти аялым, шоопурду күйөөм дебеш керек. Ай, ким эле, Нүкү, Мики, о кокуй күн ай, ушулардын атын кыргызча эле койбой...» Наалыган чоң апам дайыма ушинтип калар эле. Ал убакта макалдын маанисин чын эле түшүнбөчүмүн, азыр эми туура эле турбайбы деген ойго кептелдим. Эмнеге артист аттууга ушул жаман сөз көп жабышат, көрө албаган душмандары чыгарабы же атактуулукту адам баласы көтөрө албай кетебизби?.. Айтор, мен сиздерге жан дүйнөмдүн сырын аңтаргым келип турат. Мейли урушкула, мейли жемелегиле, бирок жөн гана окуп койгула...
Мунун баары ырчылыкка кадам таштаганымдан башталды. Бүгүнкү күндүн шоу-бизнес деп аталган чөйрөсү мени да өстүрдү, таптады, элге таанытты. Ошол эле убакта бутум баскан жер «иттин өлүгү толгон» интригага, жүзүңө келип үңүлүп, ары карап туруп шыбап кеткен ушак сөзгө арбын, кээде чын эле жүрөк толо кубаныч алып келген, гүл көтөрүп күттүргөн күйөрман арттырган, бирде туруп көөдөн бөксөрткөн окуяга кабылткан учурларга бай болуп келет. Адатта «аны айтпай эле коёюн, муну минтпей эле коёюн» деп жашырган менен, бизди билген адамдар үчүн абийир айрандай төгүлүп калганын аңдабайбыз...
Бир күнү кайсы бир ырчы кыздын туулган күнү болуп калды. Сахналаштарын чакырды. Бийледик, ичтик, ойнодук, күлдүк... Бир убакта мени шоу чөйрөдөгү эже бирөө менен «подружкам болот, а так бойдок, апе-ей, не деп койдум, башы бош эмес...» деп каткыра күлүп тааныштырды. Эркекпиз да, ал айымды карап комплимент айтып койдум:
– Бойдок дегенге мен ишендим. 18ге жаңы толгонсуз го...
– Ай-ий, ай, койчу, уялтпачы. Силердин бир ырыңар жагат...- деп башка эле ырчынын ырын кыңылдап ырдап да койду айым. Көзү күлмүңдөп чын эле татынакай экен, аны бир караганда жашы 40ка жетейин деген аял деп ойлобойсуң, жапжаш көрүнөт. Туулган күн шаңдуу жүрүп, куттуктоо сөз мага келди. Мен кесиптешимди куттуктап, ырдап кирдим. Байкап турам, тиги айымдын көзү мени тиктеп турганын. Ырдап бүтүп ордума келсем, «мен бая башка бирөөнүн ыры менен алмаштырып ырдап салган турбаймынбы, кечирчи» деп жабыша баштады. Бул абалдан кантип чыгарымды билбей турганда телефонум чырылдап калды эле, сыртка чыкканга шаштым.
Ошентип күндөр өтө берди, айланып эле чогулган жерде жанагы айым жүрчү болду. Салкын гана саламдашып койсом, бир чөйрөдөгү шакылдаган эжекелерим «ии, мурдуңду көтөрүп, жылдыз болуп калган экенсиң. Адам карабай, сыйлабай» деп киришсе болобу. Өзүм теңдүүлөргө барайын деп сахнанын артында карбаластап калдым. Жашы деле, улуусу деле баары бир гримдөөчү бөлмөгө толуп алышыптыр. Кимден кийин ырдаарымды карап дубал тактаны тиктеп тургам. «Ммм, бүгүн биздин жылдыз бала башкача» деп баягы сулууча келген айым колтуктап калды. Ошол күндөн баштап ал менин телефонумду, үйүмдүн дарегине чейин билип алыптыр. Кээде чалып «той бар, келип ырдап, шыбагаңды алып кетпейсиңби» деп чакырат. Ырдап жан баккан жандар той-чардан «отказ» кылмай жок да. Кээде шашып такси менен барам, ал чакырган той-кечелерге, андайда түз эле үйгө жеткирет сулуу айым. Бир күнү «эже, мени мындан кийин тойлорго чакырбай эле коюңуз, өзүм башка заказ алам. Анан да сиз менен иштешип жүргөн айымдар мага жакпайт, жүрүм-туруму, башкасы» деп кагып салдым.
– Мага сиз деп кайрылбай эле кой деп канча айтам сага. Чын эле тиги ... айтмакчы, көөп кетиптирсиң, бала! Бүктөтүп коюш оңой сени,- деп жинденип баштады.
Бүктөттүрүп коё албайт деңизчи, бирок айланасында жүргөн «шоучу» эжелерим курулай пиар, куру доомат менен кыямат-кайым кылары бештен белгилүү...
– Улуу болсоңуз улуу дейм да...
– Сени менен жүргөн кыздарды көрүп күлкүм келди, койчу, малышкаларды не кыласың?- деп кайра ырсалаңдайт.
Ошентип, башым айланып, кантип аны менен мейманканага барганымды билбейм. Мындай күндөр далай эле болду. Жаман сөз бат жетет белем, жакынымдын бирөөсү билип калганбы же бирөө шыбырап койгонбу, айтор, урушуп, чын-бышыгын тактап-териштирип ызы-чууга калдым. «Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт» деп бекеринен айтылбаптыр. Эми мага кыз деле көрүнбөй калды, ал аялдан кантип кутулуунун амалындамын. «Бул эмнеден улам тантып, картанын бетин ачып жатат» дебеңиздер. Картаны белгилүү гана чөйрө билет ачылганын...
Шок жигит
star@super.kg