13-ноябрда болжол менен саат 17лерде Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Мерседес үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну жогорку ылдамдыкта баратып тайгак жолдо автоунаасын башкара албай калып, аңтарылып кеткен. Күчтүү соккудан улам бензин агып кетип, өрт чыккан. Күйүп жаткан автоунааны окуя болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр өчүрүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу денесинен алган жарааттары менен аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.