ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-ноябрдан 25-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын жагымдуу жаңылыгы – эски таанышыңызга кезигесиз. Ал эми иш жаатында пайда табуу үчүн мурда касташкан адамдар менен иштешүүгө туура келет. Апта ортосунда ден соолугуңуз кескин начарлап кетиши мүмкүн. Андыктан өзүңүзгө кам көрүүнү унутпаңыз. Эс алуу күндөрү үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралышы ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада бүтүрө турган иштер көп. Бирок баарын бүтүрүүгө убактыңыз жетпейт. Андыктан алгач зарыл иштерди колго алыңыз. Ал эми көзүңүз жетпеген иштин жыйынтыгы ийгиликтүү болсун десеңиз, тийиштүү адамдарга тапшырыңыз. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор издеген адамын табышы күтүлүүдө. Жекшемби сүйүнүчтүү кабар менен жыйынтыкталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын баштапкы күндөрү сиз үчүн оор болот. Жеке жашооңуздун тынчтыгын бузган адамдар, маселе жараткан жагымсыз окуялар менен коштолот. Кырдаалдан чыгуу үчүн жакын санаалаштарыңыздын жардамы тиерин эске алыңыз. Жума күнү жашоо образы өз жолуна түшөт. Жекшембиде конокко барып чер жазасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде капчыгыңыз кампаят. Айрымдар кызматынан жогорулайт. Аны менен катар санаага салган учурлар да коштомокчу. Көңүлүнө карап бирөөгө жардам берем деп, өзүңүз чыгымга дуушар болуп калышыңыз мүмкүн. Андыктан шылтоо айтып кутулганыңыз оң. Апта соңунда эс алуу убактыңызды бузбайын десеңиз, көпчүлүккө аралашпай, жалгыздыкта өткөрүңүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада мурда жардам кылган иштериңиздин ыраазычылык жообуна ээ болосуз. Иш күндөрү тааныштар жана үй-бүлөдө пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Шаршембиде кандай сунуш болсо да ойлонуп, анан кадам таштаңыз. Болбосо ката кетирип, өкүнүп каласыз. Эс алуу күндөр адаттагыдай өз нугунда өтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Таарынышкан адам менен тил табышууга ыңгайлуу апта. Мамилени жакшыртууга биринчи кадамды жасаңыз. Апта ортосунда жакыныңыздын маселесин чечүү менен алек болосуз. Жума күнү акчаны капчыгыңызга карап жумшаңыз. Болбосо апта соңунда каржы тартыштыгынан кыйналып каласыз. Жекшембиде төрүңүздөн коноктор орун алып, баарлашуу күтүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында жолдо жүрүүдө этият болуңуз, ден соолугуңузга кооптуу күн. Шаршембиде азгырган сезимдерге байланбаңыз. Болбосо жыйынтыгы түгөйлөр ортосундагы ажырымга алып келет. Бейшембиде пайда табууга жакшы сунуш түшөт, баш тартпаңыз. Апта аягында башка иштерге баш салбай, эс алууга убакыт бөлүңүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жеке жашооңузду өзгөрүүгө түртө турган чечим кабыл алууга мажбур болосуз. Андыктан жакшылап ойлонуп, анан кадам таштаңыз. Шаршембиде иш жаатында бир катар иштериңиз соңуна чыкпай убара тартасыз. Жекшембиде жакындарыңызга байланыштуу жагымдуу окуянын күбөсү болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир катар эсте кала турган жагымдуу окуялар орун алат. Иш жаатында көңүлгө толгон жыйынтыктар жана жаңы адамдар менен таанышуулар күтүлүүдө. Максат кылган ишиңизге ушул аптада жетесиз. Шаршембиде кимдир бирөөгө жардам берип, сый-урматка татыйсыз. Апта соңу айланаңыздагылардын баарына тегиз мамиле кылып, бөлүнүүгө жол бербеңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын биринчи жарымындагы иштериңизди туура пландап алсаңыз, көп нерсеге жетишесиз. Жакшы маанай тартуулаган иштердин катышуучусу болосуз. Аптанын кийинки бөлүгү бир аз көңүл чөгөргөн үй-бүлөлүк маселелер менен уланат. Апта аягында материалдык байлыкка ээ болуп, кубанасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Максатыңыздын жыйынтыгы ийгиликтүү болсун десеңиз, иштин көзүн билгендерден жардам сурагандан тартынбаңыз. Шаршембиде көптөн күткөн маалыматка ээ болосуз. Жума сүйүшкөндөр үчүн жагымдуу жаңылык менен коштолот. Дем алыш күндөрү базар аралап, каалаган буюмду сатып алууга убакыт бөлөсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Айрымдар бул аптада жашаган ордун которуусу күтүлүүдө. Иш жаатында алыңыз жетпеген ишке жалгыз талпына берсеңиз, жыйынтыгы сиз каалагандай болбой калышы мүмкүн. Андыктан керектүү адамдардын жардамына таяныңыз. Шаршембиге маанилүү ишти белгилебеңиз, ийгиликсиз аяктап калышы ыктымал. Апта аягы жагымдуу көз ирмемдерге бай окуялар менен жыйынтыкталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 524, 16-22-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан