«Жоогазын», «Таң Чолпон жылдызым», «Ак көйнөк кийген бийкеч», «Лейлек», «Кечки бульвар» деген ырларга түбөлүктүү өмүр берген кыргыз поп музыкасынын көрүнүктүү өкүлү – «Биз» тобу. Мына ушул легендарлуу топ быйыл 20 жылдыгын белгилөө алдында турат. Топтун башкы солисти Бактияр Токторов менен маек курдук.
РАВШАН ТАШМАТОВ
Туулган жылы – 1986-жыл
Туулган жери – Лейлек району
Топто – 2002-жылдан бери, «Ямахада» ойнойт
Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы
АЛМАЗ КУДАЙБЕРДИЕВ
Туулган жылы – 1972-жыл
Туулган жери – Лейлектин Сүлүктү шаары
Топто – 1989-жылдан бери, урма аспапчы
Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы
КОЖАКМАТ ИСМАИЛОВ
Туулган жылы – 1979-жыл
Туулган жери – Лейлектин Сүлүктү шаары
Топто – 1998-жылдан бери, «Ямахада» ойнойт
Үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы
БАКТИЯР ТОКТОРОВ
Туулган жылы – 1970-жыл
Туулган жери – Лейлектин Коммунизм айылы
Үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы
– Бактияр мырза, алгач 20 жыл мурунку убакка кайрылып, жаштык кезди эстеп кетсеңиз...
– 1989-жыл болчу. Топ ошол кездеги жаштардын табитине, талабына ылайык жаралган. Балдар менен Фрунзе политехникалык институтунда гитара чертип, ырдап жүрчүбүз. Топтун курамына кирген жигиттер «Ак тилек» деген вокалдык-инструменталдык ансамблде ойношчу. Алардын солисти аскерге кеткенде чогуу иштешип, ансамбль түзүү идеясы пайда болду. Алгач Олег Газмановдун, «Таазим» тобунун ырларын аткарып жүрдүк. Ал кезде топтун аты «Кыргызстан» болчу. Тарыхый мааниси болсун деген ой менен «Кыргызстан» деп атаганбыз.
– Анан кайра «Биз» деп аталууга эмне себеп болду?
– Биз дайыма кыргыздын кайрыктарынан каччу элек. «Кыргыздын ырларына бийлей албайбыз?» деп. Бир ирет Мыктыбек Арстанбек да «ырларыңарга топтун аталышы жарашпай калыптыр» деп калды. Анткени биз жалаң сүйүү тууралуу ырдачубуз. Көбүнчө чет өлкөнүн кайрыктарына өзүбүздүн сөздөрдү курап, ырларды жаратар элек. «Биз» деген – эки жаштын сүйүүсү, ынтымак, Куранда Алла Таала да «биз» деп сүйлөйт деп ушул аталышка токтолгонбуз.
– Атактуулукту багынткан эрдиктерден айтып берсеңиз...
– Эң алгач Спорт Ордосунда өткөн «Мыскыл жана тамаша» концертинде эл алдына чыкканбыз. Куудул агабыз Жаныбек Алыкулов «Биз» деген – овация, «Биз» деген – кол чабуулар!» деп бизди чакырган. Ошол сөзү дагы эле кулагыбызда жаңырып турат.
Чынында, музыкага болгон сүйүүбүз аябай күч болчу. Таң атканча ырдап, уйкубуз келгенде ашыкча кыймылдаганга шайыбыз жок, полго жыгылган бойдон уктап калчубуз. Уктасак да кулагыбызга музыка жаңырып турар эле. Жегенибиз – сабиз салат, нан. Гитара көтөрүп алып кыздардын бөлмөлөрүнө барып курсак тойгузганыбыз эстен кетпейт.
1992-жылы эки кассеталуу магнитофондуу болдук. Бир жагына ыры бар, бир жагына бош кассетаны салып, ырды биринен экинчисине жаздырчубуз. Аны 50-60 кылып көбөйтүп, «Ош базарына» алып келип өзүбүз сатабыз. Элдин реакциясын айтайын, өтүп баратып «мунуң кыргызчабы?» деп сурашат. Анткени ал кезде андай динамикалуу кыргызча ырлар жок болчу да. «Үйгө барып угуп көрөйүн, болбосо алып келип берем» деп ишенбегендери канча. 2-3-альбомдорубузду ошентип сатып жүрдүк. Кассеталар эки саатка жетпей өтүп кетчү. Бир демөөрчүдөн 1000 рубль алган элек, анын акчасын бир күндө сатыктан чыгарып бергенбиз.
– Атактуулуктун туу чокусунда жүргөн кездин эмнеси көз алдыңызда калды?
– Көбү айтышат, силер поп музыка боюнча революция жасагансыңар деп. Ийгилигибизди санай кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу биз музыкалык альбом чыгарганбыз. 2 күндүк концерт беребиз деп пландасак, аныбыз аншлаг, элдин көптүгү биякта калып, суроолор боюнча 6 күнгө чейин узарып кеткен.
– «Адина», «Айнура», «Элиза» сыяктуу кыздарга арналган ырларыңыз көп. Чын эле баарын сүйдүңүз беле?
– Жок, анын баарын сүйгөн эмесмин. Эң биринчи биз обон чыгарабыз. Анан гана обондун ыргагына жараша кайсы сөз төп келсе, ошол атты коюп «сени сүйдүм, сен карабай койдуң» деп ойдон чыгарып жазып салабыз. Учурунда акындар тарабынан биздин ырларга «кара сөз, уйкашы жок» деген сын-пикирлер да болгон. Бирок акындардын ырлары биздин музыкага туура келбей, элге да сиңбейт экен.
– Бура бастырбай артыңыздардан ээрчип ыйлап жүргөн күйөрмандар да болсо керек...
– Топтун эң красавчиги Алмазбек эле. Ага ашык кыздар кийим да алып беришкен. Ашырбай эле айталы, концерттен кийин «машинанын астына өзүбүздү таштайбыз, өлөбүз» деп коркуткандар болгон. Концерттен чыкканда сөзсүз 15-20 кыз күтүп турар эле.
– Азыркыга чейин топту кантип сактап келатасыз?
– Бизди атыбыздан эч ким деле таанычу эмес. «Биз байке», «Лейлек байке», «Буй-буй байке» деп аташчу. Эч кимибиздин музыкалык билимибиз жок, бирок музыканы бат сиңирип алган касиетибиз бар. Тааныш агалар «билимдүү болсоңор, тротуардан басып каласыңар. Эгер билим албай кетсеңер, башкача агымды жаратасыңар» деп кеңеш беришчү. Көрүп жүргөнүңөрдөй, бир жол менен чектелбей, ар түрдүү ырларды жаратып келатканыбыз деле «Биздин» сакталышына себеп болсо керек.
– Атыңыздар бар, бирок акыркы кезде ыр жазбай, клип тартпай калдыңыздар да...
– Биздин бир касиетибиз бар, башка бирөөлөргө ишибизди таштап коё албайбыз. Мисалы, бирөөгө ыр жаздырып же клип тарттырып дегендей. Анткени жыйынтык биз каалагандай болбой калат. Режиссёрдун «бул бурчка тур, дарактан чыга кал» дей бергени жакпайт. Буюрса, видео жагын өзүбүз өздөштүрүп жатабыз. Клиптерди да эми өзүбүз тартабыз.
– Чыгармачылыкта жүрүп эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– Ошол кездеги күйөрман кыздарды жоготконубуз эле болбосо... 20 жылдан бери күйөрман таптык, бактыбызды, жашоодогу ордубузду таптык. Жаштыгыбыз жакшы өттү, өтө чоң жоготууга туш болгон жокпуз.
– 20 жылдык мааракеге арналган концертиңиздерде өзгөчөлүк болобу?
– Жалаң жаңы ырларды ырдайбыз дебейбиз. Анткени эски ырларга кызыккандар да көп. Өзгөчөлүгү, 90-жылдары кайра жандандырсакпы дейбиз. «Максат-Баткен», «Нур» топтору келип, ретро концерт болот.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg