Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Олимпиадага барып келген жападан жалгыз аялзаты бар. Эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн биздин маек төрүбүздө.
АЙСУЛУУ ЖӨНҮНДӨ
Туулган жылы – 1993-жыл, 4-май.
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлы-Суу шаары.
Бою – 170 сантиметр.
Салмагы – 63 килограмм.
Жетишкендиктери – 2009-жылы жана 2011-жылы Азия чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону.
Учурда – КМТУда жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайында окуйт.
– Айсулуу, иштер кандай? Азыр эмне кылып жатасың?
– Биздики болуп келген эле машыгуулар менен күн өтүп жатат. Күнүгө эки маал машыгуудамын.
– «Лондон-2012» Олимпиадасы сага кандай сабак берди?
– Эми чоң спортто ар кандай болушу мүмкүн. Мен күрөшкөн швециялык менен мурун деле күрөшүп жүргөнмүн, бирде утуп, бирде утулуп дегендей. Жакшы эле даярдангандай болгом, жаштык кылып койдум окшойт. Бул ирет сабак болду, кетирген каталардын үстүнөн иштеп жатабыз. Эмки Олимпиада оюндарына катышып калсам, утам деп ишенем.
– Олимпиада алдында сага байланыштуу «бир кызды сабап койду» деген чыр чыгып азыр да бүтө элек. Жыйынтыгы эмне болду?
– Ал чыр дале бүтө элек. Бул менин Олимпиада алдындагы машыгууларыма терс таасирин тийгизип койду. Күнүгө тергөөчүгө же сотко бара берип көп машыгууларым үзгүлтүккө учурады. «Чоң кылмыш кылды» деп эле жалаа жаап жатканынан агайым менен кеңешип, бул иштин аягына чейин бармай болдук. Учурда иш башка сотко өтүп, кайра баштан каралып жатат. Буюрса, жакшы чечим чыгат деп үмүттөнүп жатам.
– Эми өзүң жөнүндө айтып берсең, кантип бул деңгээлге жете алдың? Ата-энең спортто жүргөнүңө каршы эмеспи?
– Кичинемден эле сыналгыдан спортчуларды көрүп, «ушулардай болсом...» дечүмүн. 2009-жылдын аяк чендеринде Бишкекте аялдар күрөшү боюнча турнирге катышкам. Ошондо бул жактагы машыктыруучуларым көрүп калып, ата-энемден уруксат сурап, аларды көндүрүшкөн. 2010-жылдын башынан бери Бишкек шаарында машыгып келем. Ата-энем, бир туугандарым дайыма мени колдоп келишет.
– Мындай катаал спорт аялзатынын назын жоготуп, темирдей мүнөз алып келет эмеспи. Негизи, кадимки кыздардай эле күзгүнүн алдында туруп, сулуулукка кам көрмөйүң барбы? Кайсы стилде кийинесиң?
– Мени тааныбагандар ошентип ойлошу мүмкүн, бирок андай деле эмес. Күнүмдүк жашоомдо кызга окшоп эле кийинип, кыздардай эле жүрөм. Модасына, ыңгайына карап кийинем. Менде деле «вкус» бар.
– Сен «Жылдын мыкты спортчусу» наамына көрсөтүлүп, сайтыбыздагы добуш берүүдө алдыда баратасың...
– Ийгиликтерге жетишип келе жатам, бирок бул мен үчүн жетиштүү эмес. Алдыда Азия, Дүйнө чемпиондуктары, мындан сырткары дагы бир топ мелдештер турат. Ушул чемпиондуктарды, Олимпиаданы утсам, өзүмдү мыкты спортчу деп эсептемекмин.
– Маегиңе рахмат! Спорт жаатында Кыргызстандын желегин желбиретип жүрө бер.