Жигит узап бара жатты. Кыз бүк түшкөн бойдон кар үстүндө отуруп кала берди. Ушул учурда экөөнүн тең көңүлү сыздап, көз жаштары буурчактап жаткан эле. Анда бул сүйүү баянын каармандардын өз ооздорунан угалы...
Айдай:
– Ал кезде мен 9-класста окуп жаткан элем. Бардар үйбүлөнүн жалгыз кызы болгондуктан, көп балдарды теңиме алчу эмесмин. Бир күнү классыбызга жаңы бала келди. Бою узун, оор басырыктуу Алибек класстагы башка балдардан өтө айырмаланчу. Эмнеси менен экенин азыр да так айта албайм. Тереңден караган көз карашы аны жаш бала эмес, көптү көргөн адамдардай көрсөтүп турар эле. Адатта жаңы келген балага тийишип, жүдөтүп жиберчү биздин балдар да эмнегедир андан тартынгандай.
Мен адатымча партага бутумду чыгарып алып кызуулана бир нерсени сүйлөп, балдар ооздорун ачып мени угуп жатышкан. Ошол маалда Алибек кирип келди да, өзүнүн партасына өтмөкчү болду.
– Өтүп кетейин,- деди ал мени сүрдүү карап.
– Айланып өт,- дедим мен кыткылыктай.
Ал менин бутумду акырын партадан алды да, өтүп өз ордуна отуруп алды. Мына сага! Өзүмдү “признанная королева” сезип алган жаным катуу ызаланып кеттим. Ошол күндөн баштап эмнегедир Алибек менин номур биринчи душманыма айланды.
Алибек:
– Биринчи эле келгенде ал кыз көзүмө шак урунду. Көздөрү сулуу эле. Каткырып күлгөндө куду көздөрүнөн нур төгүлүп кеткендей сезилчү. Баарынан жаманы, ал өзүнүн сулуулугун сезип кекирейчү. Кийинчерээк мен анын атасы белгилүү адам экенин уктум. Албетте, анын жүрөгүнө ээ болууга мүмкүнчүлүгүм жок экенин биринчи күндөрү эле билгем. Өзүмдү алыс кармаганга канчалык тырышсам да көздөрүм аны ээрчип, издей берчү. Анын бир эле көз карашы бактылуу да, бактысыз да кылчу. Кыйналып жүрдүм. Ал эч нерсени сезген жок. Тымызын жүрөгүмдү ыйлатып, адатынча бир короо жигитти жанына үйүп алып жүрө берди. Анан калса балдардын баары башка кыздарды көрбөй калгансып ошону жандашчу эле.
14-февраль жакындап келе жатты. “Эмне болсо да сүйүүмдү билгизүүм керек” деп ойлодум. Атам зергерлик кылып, кыздардын ар кандай жасалгаларын жасап сатчу. Атамдын жумушуна барып, ага арнап өз колум менен кичинекей шакек жасадым. Көз кубантарлык буюм болду. Азыр да көз алдымда турат. Шакектин ортосунда кичинекей жүрөкчө... Менин сүйүүм толгон жүрөкчө...
Айдай:
– Ошол күнү белекке көмүлдүм да калдым. Сабактан кийин классыбыз менен кафеге отурмай болдук. Мындайга катышпаган Алибек дагы кошулуп алды. Ага чейин эле мен ага жагарымды байкачумун. Бирок анын ачык мамиле жасабаганы, өзүн чоң адамдай алып жүргөнү менин кыжырымды келтирчү. Бул жолу анын жинине тийгим келди.
– А сен мага майрамга белек бербейсиңби?- дедим.
Ал мындай суроону күтпөгөн көрүнөт. Буйдала түшүп, чөнтөгүнөн кичинекей шакек алып чыкты.
– Мына менин белегим. Майрамың менен!
– Фу, муну кайдан сатып алгансың?
– Мен... өзүм жасап...
– Ну и дешёвка...
Баары дуу күлүп жиберишти. Мен табам кана Алибекти карап туруп шакекти ыргытып жиберип, каткыра басып кеттим.
ххх
Убакыт өтүп, мектепти, ЖОЖду бүттүк.Жумуш издеп жүрүп, акыры белдүү бир фирмага котормочу болуп орноштум. Дипломумду карап туруп дароо эле кабыл алышты. Ошентип, иштеп калдым. Бирок ал учурда Алибек бул фирманын президенти экенин таптакыр билген жок элем. Коридордо өтүп бара жатып кимдир бирөөнү сүзүп алдым.
– Кечиресиз...
– Айдай?!
Алдымда Алибек турган эле. Жок, азыр Алибек эмес, Алибек Саматович болчу. Ушунчалык чоочун да, ушунчалык тааныш да көздөр карап турду.
– Сен бул жакта белең?
Мен үн каткан жокмун. Алибек менен ушинтип жолуктум. Ушул күндөн баштап экөөбүздүн ортобузда билинбеген байланыш пайда болду.
Ооба, качандыр бир кезде теңиме албай койгон Алибекти жан дилим менен сүйүп калдым. Качан болсо жанында болгум келет, эркелетким келет, эркелегим келет. Ал болсо менин сүйүүмдү байкамаксан болуп, атүгүл менден качып туруп алды.
Бир жолу корпоративдик кече болду. Тосттор айтылып, бардыгыбыз ала-күү элек. Ошол махабаттуу түн жашоомдогу эң бактылуу күнүм болду. Өзүмдү ага арнаганыма бактылуу болдум. Бирок Алибектин мага болгон мамилеси дагы эле өзгөргөн жок. Жалындаган көз карашымды көрбөгөндөй. Бир күнү мени жолугууга чакырды. Койнума толтура кут конгонсуп сүйүнүп бардым. Бирок...
– Айдай, экөөбүз туура эмес иш кылдык.
– Али...
– Ооба, бир кезде эң бир таза, баёо жүрөгүм менен сени сүйгөн элем.
– Мен...
– Мен сени кектебейм. Болгону, мен эми сенин сүйүүңө жооп бере албайм. Анткени мен эми башка адамдыкымын. Жүрөгүм сени кааласа да, эрк бере албайм. Анткени жүрөгүмдүн ээси – эки балам менен жарым. Ал эми биз өткөргөн түн... сен аны тезирээк унут.
Ушуларды айтып туруп баса берди. Артынан жүткүнүп барып токтодум. Ошол учурда анын тагдыры меники менен бир болбой тургандыгын түшүндүм.
– Али...- деп шыбырай бердим. Жүзүмдөн жашым салаалап жатты. Ошол учурда жүрөгүмдүн алдында анын баласы жаралып, мен аны чексиз сүйөрүмдү да айта албадым. Ал эми Алибектин карааны узай берди...
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg